Ахмадия жана жихад түшүнүгү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия жана жихад түшүнүгү

Акыркы жылдарда Исламдагы жихад түшүнүгү чоӊ талаш-тартыштуу темага айланып кетти. «Жихад» деген сөздү уккан ар бир адам сөзсүз анын артында зордук-зомбулук, кан төгүү, баскынчылык же террор жатат деп ойлойт. Кыскасы, Алла аты менен төгүлгөн адам кандары «жихад» сөзүнүн аныктамасы болуп калгандай. «Бул канчалык деӊгээлде чындык, чын эле «жихад» согушпу же зомбулукпу?» – деген суроо ар дайым бардык жерде жаӊырып жүрөт.

Мен «жихад» тууралуу туура жана так түшүндүрмө берүү ниетинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын окуусу негизинде Исламдагы Бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатынын «жихад» жөнүндө түшүнүгүн чагылдырамын.

«Жихад» «жухад» сөзүнөн алынган. «Жухад» сөзү «машакаттануу», «катуу эмгектенүү», «жан талашуу» жана «аябай катуу аракеттенүү» дегенди билдирет. «Жихаддын» мааниси – бул кандайдыр бир жумушту аткарууда бардык күчүн жумшап аракеттенүү. («ТаажулУруус»(Араб тилинин сөздүгү)

Ыйык Куран жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын куттуу хадистеринде «жихаддын» төмөнкү төрт улуу түрү баян этилген:

1) «Жихад бин-Нафс» (Өз жан-дүйнөсүн тазалоо жана шайтанга каршы күрөшүү;

2) «Жихад бил-Курнан» (Даават жүргүзүү жана Исламга чакыруу);

3) «Жихад бил-Мал» (Исламды жайылтуу үчүн өз мал-дүнүйөсүн Алла таала жолунда сарптоо);

4) «Жихад бис-Сайф» (Душман чабуулунан коргонуу максатында согушуу)

Алла таала Ыйык Куранда мындай деп айтат:وَ الَّذِیۡنَ جَاہَدُوۡا فِیۡنَا لَنَہۡدِیَنَّہُمۡ سُبُلَنَاКотормосу: Биз үчүн аракет жасай тургандар – аларды Биз, албетте, Өз жолдорубузга хидаят кылабыз (баштайбыз) (29:70)

Курани Каримдеги ушул куттуу аятта дагы «жихад» сөзү колдонулган. Бирок кайсы «жихадга» чакырылууда? Дүйнө мусулмандары кайсы «жихадга» даават этилген? «Колуӊарга кылыч алып, «жихад» жана Ислам атынан дүйнөгө бүлүк салгыла жана бейкүнөө адамдарды – жаш балдарды, аялдарды жана карыяларды өлтүргүлө», – деп айтылып жатабы? Жок, жок! Такыр андай эмес. Ислам тынчтыктын жана сүйүүнүн дини. Ал кандайча ошондой жапайылыкка чакыра алат? Ислам дининде бейкүнөө адамды өлтүрүү бүткүл дүйнөнү өлтүрүү менен тете (5:33). Чындыгында, ушул кутту аятта өз жан-дүйнөсүн тазалоого жана өз напсисине каршы күрөшүүгө чакырылды. Адамзатты туура жана акыйкат жолунан чыгара турган шайтандык азгырууларга каршы «жихад» кылууга даават берилди.

Дагы бир жерде Алла Таала мындай дейт:فَلَا تُطِعِ الۡکٰفِرِیۡنَ وَ جَاہِدۡہُمۡ بِہٖ جِہَادًا کَبِیۡرًاКотормосу: Каапырларды ээрчибе жана ушул (Куран) аркылуу алар менен улуу жихад кыл». (25:53)

Демек, улуу «жихад» Курандын жардамы менен илим-билим аркылуу болот. Бүгүнкү мусулмандар чакырган «жихад» ушундайбы? Колуна Куран алып, каапырларга каршы күрөшкөн мусулмандар барбы? Исламдын, Курандын ички баркы жана жагымдуулугу канчалык деӊгээлде? Эгер Ислам жана Куран бүгүн адамдарды өзүнүн ички сулуулугуна жана баалуулуктарына тартууга жөндөмсүз болсо, анда Исламдын акыйкаттыгына кандай далил калат? Адамдын тили жүрөктөрдү өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин билебиз. Ал эми Кудайдын сөзүчү? Же ал кылычтан башкача жолдо таасирсиз болуп калганбы? Кылымдарды карыткан адамдын узак турмуш тажрыйбасы адамдын ой-пикирин жана көз карашын кылыч менен өзгөртүү мүмкүн эместигин далилдейт. Ошондой эле Ыйык Куран коркутуу же азгыруу жолу менен адамдарды өзүнө тартууну күнөө деп эсептейт. «Ислам дини мусулман эместерди мажбурлап динге киргизет» деген пикир туура эмес жана адилетсиздик. Тескерисинче, Ислам негизги өзөгүн ишеним эркиндиги түзгөн эӊ биринчи дин. Ыйык Куранда мындай деп айтылган:لَاۤ اِکۡرَاہَ فِی الدِّیۡنِ ۟ۙ قَدۡ تَّبَیَّنَ الرُّشۡدُ مِنَ الۡغَیِّ

Лаа икрааха фид-дийни кат-табаййанар-рушду минал-гаййи (2:257).

Котормосу: Динде эч кандай мажбурлук жок. Албетте, хидаят (туура жол) адашуудан ачык-айкын болду». (2:257)

Ыйык Куран боюнча ар бир адам ишенсе же ишенбесе, ал өз эркинде. Ал жүрөгүнүн туйгусун, акылдын жетегин ээрчүүдө эркин болушу керек.

Ислам дининин түпкү булактарында (Куран жана хадис) айтылгандай, «жихаддын» түпкү мааниси динди жайылтуу үчүн согушуу эмес. Ислам тынчтык дини. Ал өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрү аркылуу гана таралган. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) (1835-1908) мындай деп жазат:

«Дүйнөдөн өткөн бардык чыныгы мусулмандар «Исламды кылыч менен таратуу керек» деген ишенимге эч качан ээ болушкан эмес. Тескерисинче, Ислам дини дайыма өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнүн аркасынан эле таралган. Ошондуктан, «мусулман» деп аталып, «Исламды кылыч менен жайылтуу керек» деген ишенимге ээ болгондор Исламдын өзгөчөлүктөрүн иш жүзүндө четке кагышат жана алардын кылыктары жапайы адамдар кылыгы сыяктуу». («Тарякул-кулуб», «Руханий хазааин», 15-том, 167-беттеги түшүндүрмө)

Ал киши мындай деп кошумчалайт:

«Ислам дини эч качан зордук-зомбулук маселесин үйрөткөн эмес. Эгер Курани каримге, бардык хадис китептерине жана тарыхый китептерге кылдаттык менен көӊүл бурсак жана адамзаттын колунан келишинче этибар берип окусак, анда ушунчалык кеӊири маалыматтан кийин толук ишенүү менен «Ислам дини динди мажбурлоо жолу менен таратуу үчүн кылыч көтөргөн» деген дооматтын негизсиз жана уяты жок жалаа экендиги аныкталып чыгат. Бул – кастыктан бошонуп, Курани карим, хадис жана Исламдын ишенимдүү китептерине назар салбаган, тескерисинче жалган жалааларды жабуу ишинде «чоӊ салым» кошкон адамдардын ой-пикири». («Масих Хиндистан мэн», «Руханий хазааин», 15-том, 11-бет)

«Жихаддын» үчүнчү улуу түрү – бул «Жихад бил-Мал». Тактап айтканда, өзүнүн эӊ жагымдуу мал-дүнүйөсүн Алла Таала жолунда Анын динин жайылтуу үчүн сарп кылуу. Коомчулуктагы эӊ алсыз, кедей жана колунда эч нерсеси жок адамдарга көмөк көрсөтүп, алардын кыйынчылыктарын жеӊилдетип, Алла тааланын ыраазычылыгына ээ болуу. Ушул «жихадга» Ыйык Куран мындай деп чакырат:وَّ جَاہِدُوۡا بِاَمۡوَالِکُمۡ وَ اَنۡفُسِکُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِКотормосу: Алла жолунда өз дүнүйө-мүлктөрүӊөр жана жандарыӊар менен жихад кылгыла». (9:41)

Исламдын алгачкы күндөрүнөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү бардык мусулмандар ушул куттуу «жихадга» активдүү катышып келүүдө. Ушул сыяктуу «жихадга» катышуу үчүн Ислам дининде зекет берүү өӊдүү түбөлүк система бар. Зекет бай-дөөлөттүүлөрдөн алынып, кедей-муктаждарга берилет. Ахмадия Мусулман Жамааты Африка өӊдүү кедей өлкөдө ушул куттуу «жихадды» ийгиликтүү алып барууда. Жамаат жүздөгөн санда ооруканаларды, поликлинкаларды, университеттерди, колейждер менен мектептерди ачып муктаж адамдарга жардам берүүдө.

«Жихаддын» төртүнчү жана акыркы түрү – бул «Жихад бис-Сайф» же коргонуу согуш. Тагыраак айтканда, качан душман чабуул жасап, динди жок кылмакчы болсо, ошондо анын чабуулунан коргонуу «Жихад бис-Сайф» деп аталат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул «жихадды» эӊ кичүү «жихад» деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир уруштан кайтып келип: «Биз кичи «жихаддан» улуу «жихадга» кайтып келдик», – деп айтты. Демек, адамдын өз напсиси жана жаман адаттары менен күрөшүүсү эӊ улуу «жихад» болуп эсептелет. Эгер алар эӊ сонун «жихад» кылыч жана күч колдонуу менен эмес, Ыйык Курандагы илим-билимдер аркылуу интелектуалдык «жихад» экенин түшүнсө, ошондо гана ийгиликтен ийгиликке барат.

Ушул эле «жихадды» кээ бир наадандар бурмалап, Ислам динине чабуул жасашат жана аны «мажбурлоочу дин» катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Кээ бир акылсыз мусулмандар дагы ошондой негизсиз ишенимдерди таратууга аларга «жардамчы» болушту.

Алла тааланын өзгөчө колдоосу менен ушул доордо Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Алла Тааладан вахий-аян алып, эбегейсиз жаӊылыштарды оӊдоп, Исламдын туура жана көркөм түбөлк таалимин дүйнөгө сунуш кылды. Бул аркылуу Исламдын акыйкаты жана анын жарык жүзүнөн адамдарды кабардар кылды. Ал киши 1900-жылда «Гаврнамент ангрезий авр жихад» аттуу китепчени жазып, анда «жихад» маселеси жана анын акыйкатына жарык чачты. Анын башында мындай деп жазат:

«Билүүгө керек нерсе: «жихад» «жухад» сөзүнөн келип чыккан. Анын мааниси – аракеттенүү. Кийинчерээк ушул сөз каймана-өтмө мааниде диний согуштар үчүн колдонулган….». («Гаврнамент ангрезий авр жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 3-бет)

Бул жерде «эмнеге Ислам дини кылыч көтөрүүгө аргасыз болду жана «жихад бис-Сайф» эмне?» деген суроо туулат. Ушул суроого жооп берип, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп жазат:

«Айкын болсун, Ислам дини пайда болушу менен чоӊ-чоӊ кыйынчылыктарга туш келген эле жана бардык коомдор ага душман болуп кеткен болчу…». («Гаврнамент ангрезий авр жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 3-бет)

Дагы мындай деп кошумчалайт:

«Алгачкы доордо мусулман аз болгондуктан, байлык, мал-дүнүйө, сан, сый-урмат жана даража жагынан биз башкалардан өйдөбүз деген каршылаштар өздөрүндө бар табигый текеберликтин айынан ошол доор мусулмандарына, тактап айтканда, сахаабаларга катуу душмандык кылышты жана ушул көктүк көчөт (Ислам дини) жерде өз тамырын жайылтпашын каалашты. А түгүл алар ушул чынчылдарды (сахаабалар) жок кылуу үчүн бардык күчүн жумшап көрүштү… Алардын каны менен көчөлөр кызыл түскө айланды, бирок алар унчуккандары жок. Алар мал сыяктуу союлду, бирок алар «уфф» дегендери жок. Үстүнө жер менен асмандан чексиз салам жаап турган Кудайдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад(сав)га улам-улам таш жаадырылып, канга боюлган, бирок чындык жана туруштуктун тоосу болгон (Пайгамбар) ушул бардык азап-тозокторго жан-дили менен жана кубаныч менен сабыр кылды. Ушул сабырдуулук жана карапайымдык мүнөзүнөн улам каршылаштардын тентектиги күчөй берди жана алар ушул ыйык жамаатты (сахаабалар) өзүнө жем деп эсептешти. Ошондо, жердин үстүндө зулумдук жана ырайымсыздыктын чектен ашуусун каалбаган Кудай Өзүнүн зулумдукка кабылган пенделерин эстеди жана Анын каары бузукуларга түштү. Ал Өзүнүн Ыйык Сөзү – Куран аркылуу зулумдукка учураган пенделерине мындай деп кабар берди: «Мен силерге каршы болуп жаткандын баарын көрүүдөмүн. Бүгүндөн тартып Мен силерге жооп кайтарууга уруксат берем. Мен Кудуреттүү Кудаймын, заалымдерди жазалабай койбойм. Мына ушул буйрук башкача сөздөр менен «жихад» деп аталды. Ушул буйруктун түпкү тексти азыркыга чейин Куранда бар. Ал төмөнкүдөй: Алла таала өлтүрүлө турган жана өз үйлөрүнөн айдалып жаткан зулумдукка учураган адамдардын өтүнүшүн угуп алды жана (душманга) жооп кайтаруу үчүн аларга уруксат берилди. Алла таала зулумдукка кабылган бирөөгө жардам берүүгө күчү жетүүчү…». («Гаврнамент ангрезий авр жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 6-7-бет)

Ушул уруксаттын негизги жана түпкү максаты – адамзатты сактоо ниетинде баш аламандык, бүлүк жана зулумдукка чекит коюу.

Бул жерде «ушул буйрук жана уруксат түбөлүк беле же убактылуу беле?» деген суроо туулат. Ушул суроого жооп берип жатып ал (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Бирок ушул буйрук чектелген доор жана мезгилге таандык болчу. Тактап айтканда, Ислам динине киргендер кой-эчкилер сыяктуу союлган доорго таандык эле. Бирок өкүнүчтүүсү, түбү жогоруда жазылган аят болгон «жихад» маселесин түшүнүү боюнча пайгамбарлык жана халифат доорунан кийинки адамдар чоӊ-чоӊ жаӊылыштарга жол коюшту жана акыйкатсыздык менен Кудай жараткандарын союуну диний иш деп эсептешти… «Эске тутуучу нерсе, азыркы доордогу «молдо» деп аталган Ислам аалымдарынын «жихад» маселеси жөнүндөгү түшүнүгү жана аны элге түшүндүрүү ыкмасы такыр дурус эмес. Бул өздөрүнүн кызуу баяндары аркылуу жапайы сыпат элди бир жырткыч мүнөзгө айландыруудан жана адамзатка таандык бардык таза касиеттерден куру калтыруудан башка эч кандай натыйжа бербейт… Мына ушул адамдар өздөрүнүн ушул бүтүндөй жаӊылыш жана Куран менен хадиске каршы болгон «жихад» деген ынанымына ушунчалык катып калышкан: аны кабыл албаган жана ага каршы болгон адамга «дажжаал» деп ат коюп, аны өлтүрсө болот деп айтышат. Кыскасы, мен дагы көптөн бери ушул фатванын астындамын. («Гаврнамент ангрезий авр жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 6-7-бет)

«Жихад бис-Сайф» деп аталуучу ишенимдин акыйкаты мына ошондой. Ал коргонуу согуш гана. Мында өзгөчө кырдаалда душмандын акыйкатсыздыгынан сактануу максатында гана колго кылыч алууга уруксат берилген эле. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт:

«Курани каримде динди жайылтуу үчүн кылыч көтөрбөгүлө, диндин жеке өзгөчөлүктөрүн ортого салгыла жана жакшы үлгүлөр аркылуу өзүӊөргө тарткыла, деп ачык-даана буюрулган. Силер: «Ислам дининин алгачкы күндөрүндө кылычка көтөрүүгө буюрулган эле», – деп ойлонбогула. Анткени, ал кылыч динди таратуу үчүн тартылган эмес, тескерисинче өзүн душмандардын чабуулдарынан коргоо үчүн же тынчтыкты орнотуу үчүн тартылган эле. Ал эми динди зордук-зомбулук менен таратуу эч качан көздөлгөн эмес». («Ситаара-э-Кайсария», «Руханий хазааин», 15-том, 120-121-бет)

Бир жерде ал (алайхиссалаам) мындайча кошумчалайт:

«Ушул айырманы дагы эске тутуу керек, Ислам дини алгач өзү кылыч көтөргөндөргө эле каршы кылыч көтөрүүгө жана алгач өзү өлтүргөндөрдү өлтүрүүгө эле уруксат берген. Кандайдыр бир каапыр падышанын бийлигинде жашап, анын адилеттүүлүгү жана ынсаптуулугун пайдаланып, анан ага каршы куралдуу көтөрүлүшкө такыр уруксат берген эмес. Курани карим боюнча, бул – такыбалардын эмес, жапайы кишилердин ыкмасы». («Анжаам-э-Атхам», «Руханий хазааин», 11-том, 37-бет)

Жогорудагы үзүндүлөрдөн төмөнкүдөй нерсе күндүн жарыгындай айкын болуп калат: Ислам дини тынчтык дини. Ислам дини өзүнүн касиеттери жана өзгөчөлүктөрү аркылуу гана дүйнөгө жайылды. Ислам динди таратууга эч качан кылыч көтөргөн эмес. Исламдын алгачкы күндөрүндөгү согуштар коргонуу согуштар гана болгон жана өзгөчө кырдаалда болгон. Ушул согуштардын учурунда бир дагы адам күч колдонуу менен динге киргизилген эмес.

Бул төрт түрдүү «жихад» Куран жана хадисте кезигет. Мындан тышкары мусулман аалымдар жана окумуштуулар тарабынан «жихад бил-Калам» (Калем менен «жихад» кылуу) жана «жихад бил-Илм» (Сабатсыздыкты жоюу «жихады») ж. б. өӊдүү «жихад» түрлөрү айтылган. Акыйкат жана чындыкты жактап, акыйкатсыздыкка каршы китеп же макала жазуу «калем жихады» деп эсептелет. Мисалга, акыркы күндөрдө кээ бир европалык өлкөлөрдө Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Ыйык Куранды урматсыз кылуучу карикатуралар кези-кези менен бастырылууда. Ошентип, бүткүл дүйнө мусулмандарынын намысына тийишип, аларды тукурууга аракет кылышат. Анан кээ бир мусулман өлкөлөрдөгү адамдар көтөрүлүштөргө чыгып, ызы-чуу көтөрүшөт жана баш аламандык кылышат. Кээде айрым европалык өлкөлөрдүн туусу өрттөлөт жана алардын элчиканаларына чабуул жасалат. Ошондой реакцияга Ислам дини такыр уруксат бербейт. Ислам дини болсо, душмандарга да адилеттүү болууга чакырат. Мына ушундай кырдаал жана жагдайда Ислам дининин жолу жана ыкмасы бул: калем менен «жихад» кылуу керек. Дүйнөгө Ислам дини жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзгөчөлүктөрүн жеткирүү керек.

Share via