Азирети Ыйса(алайхиссалаам) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Ыйса(алайхиссалаам)

Мариям уулу Ыйса (алайхиссалам) диндин тарыхындагы эң талаштуу каармандардын бири катары өзгөчөлөнөт. Ал жөнүндө ар кандай ой-пикирлер пайда болуп, миллиарддаган адамдардын ортосунда айырмачылыктарды жараткан жана миллиондогон адамдар анын атынан өлтүрүлүп же айыктырылган. Жөөттөр, христиандар жана мусулмандардын бардыгы Ыйса (алайхиссалам)дын төрөлүүсү, миссиясы, муъжиза-кереметтери жана өлүмү тууралуу ар кандай көз карашта.

Жөөттөр Ыйса (алайхиссалам)ды ал айкаш жыгачта каргыштуу өлүм менен көз жумгандыгы үчүн жалганчы пайгамбар деп эсептешет. Ал эми Ыйса (алайхиссалам)дын жолдоочулары бир жагынан Ыйса (алайхиссалам)дын айкаш жыгачта өлгөндүгү боюнча жөөттөр менен бир пикирде, бирок ал бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн көтөрүп, жан берген деп ишенишет. Алар Ыйса (алайхиссалам) Кудай болгон жана бүт адамзаттын күнөөсүнүн кунун төлөп, өз эрки менен өз өмүрүн айкаш жыгачта курман кылган жана үчүнчү күнү тирилип бейишке кирген деп ишенишет.

Бул эки көз караштан айырмаланып, бардык мусулмандар Ыйса (алайхиссалам) Кудайдын чыныгы пайгамбары болгон, бирок ал чынында Кудай болгон эмес деп ишенишет. Көпчүлүк мусулмандар Исанын айкаш жыгачка асылганына ишенишпейт. Ал Ыйсага окшогон бирөө анын ордуна айкаш жыгачка асылган, ал эми Ыйса денеси менен асманга көтөрүлүп кеткен жана ал кайра акыркы күндөрдө жер бетине кайтып келүүнү күтүп жатат деп ишенишет.

Ахмадий мусулмандар Ыйса (алайхиссалам) чындыгында эле айкаш жыгачка асылган, бирок ал жерде өлгөн эмес деп ырасташат. Ушул жол менен Ахмадий мусулмандар Ыйсанын чыныгы окуясын баяндап, ал каргышка калган эмес, Ыйса пайгамбардын чыныгы пайгамбар экенин далилдеп, аны урматташат. Ал айкаш жыгачтан алынып жатканда эс-учун жоготуп койгон, анын сөөгү бир кенен мүрзөгө коюлган жана анын жараларын айыктыруу үчүн дары май (мазь) колдонулган. Ал өзүнүн жарааттарынан айыгып, анын көптөгөн элдери, израилдиктер отурукташкан башка өлкөлөргө жөнөп кеткен. Алыскы ушул Ысрайыл уруулары Ысрайыл Үйүнүн жоголгон Койлору деп аталган. Акыры, Ыйса (алайхиссалам) Кашмирге жетип келген жана өзүнүн элине Инжилдин кабарын айтып бүткөндөн кийин 120 жаш курагында көз жумган. Чындыгында, Кашмирде бир мүрзө бар, ал Ыйсанын мүрзөсү деп эсептелинет.

Share via