Исламий жихаддын акыйкаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Исламий жихаддын акыйкаты

Акыркы жылдарда Исламдагы жихад түшүнүгү бир чоң талаш-тартыштуу темага айланып кетти. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) жүз жыл мурун ачык-даана айткан: Курани карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимине ылайыктуу динди таратууда зордук-зомбулукка такыр уруксат жок. Ушул макалада биз ал (алайхиссалаам)дын китептеринен кээ бир үзүндүлөрдү келтиребиз.

Ислам өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрү аркылуу гана таралган

«Дүйнөдөн өткөн бардык чыныгы мусулмандар «Исламды кылыч менен таратуу керек» деген ишенимге эч качан ээ болушкан эмес. Тескерисинче, Ислам дини ар дайым өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнүн аркасынан таралган. Ошондуктан, мусулман деп аталып, «Ислам динин кылыч менен жайылтуу керек» деген ишенимге ээ болгон адамдар иш жүзүндө Исламдын өзгөчөлүктөрүн четке кагышат жана алардын кылыктары жапайы адамдар кылыгы сыяктуу». («Тарякул-Кулууб», «Руханий хазааин», 15-том, ,167-бетиндеги түшүндүрмөсү)

«Курани каримде динди жайылтуу үчүн кылыч көтөрбөгүлө, диндин жеке өзгөчөлүктөрүн ортого салгыла жана жакшы үлгүлөр аркылуу өзүңөргө тарткыла деп ачык-даана буюрулган. Силер: «Исламдын башталышында кылыч көтөрүүгө буюрулган эле», – деп ойлобогула. Анткени, ал кылыч динди таратуу үчүн көтөрүлгөн эмес, тескерисинче өзүн душмандардын чабуулдарынан коргоо үчүн же тынчтыкты орнотуу үчүн көтөрүлгөн. Ал эми динди зордук-зомбулук менен таратууну эч качан көздөшкөн эмес». («Ситаара-э-Кайсария», «Руханий хазааин», 15-том, 120-121-бет)

Убада Кылынган Мессия каапырларга каршы кылыч менен согушпайт

«Кээ бир аалымдардын «Убада Кылынган Мессия асмандан түшүп, каапырларга каршы согушат жана «жизяны» кабыл кылбайт, тескерисинче өлүм же Ислам деген эки нерсенин бирөөсү гана болот» деген сөзү же кеңири тараган ишеними туурасында эскертип кетейин: бул ишеним бүтүндөй жаңылыштык, ошондой эле ар түрдүү каталарга жана кемчиликтерге жык толгон, андан тышкары Курани каримдин ачык-даана далилдерине да каршы турат. Демек, бул тек жалаачылдардын жалаасы гана». («Нурул-Хак», «Руханий хазааин», 8-том, 67-бет)

Жихад түшүнүгү

«Мен илгери дагы бир нече ирет өз коомумдун ахвалына ырайым кылып, урдуча, фарсиче жана арабча ушундай китептерди жазып, аларда мусулмандардын жихад маселеси, кандайдыр бир канкор Имам Махдийдин келүүсүн күтүү маселеси жана башка коомдорго каршы кек сактоо маселесинин баары кем акыл аалымдардын жаңылыштыгы экендиги ачык-даана көрсөтүлгөн. Антпесе, Ислам дининде коргонуу же заалымдарга жаза берүү же эркиндикти орнотуу максатындагы согуштардан башка дин үчүн кылыч көтөрүүгө такыр уруксат жок. Коргонуу максатындагы согуштар деген төмөнкүдөй кырдаалдагы согуштарды билдирет: качан каршылаштардын чабуулунан өлүм коркунучу туулса… Ушул үч түрдүү жихад гана шарияттуу жихад. Ошол үч түрдүү согуштан башка динди таратуу үчүн кандайдыр бир согушка Ислам дини уруксат бербейт. Кыскасы, далай акчаны жумшап, ушул темадагы китептерди бул өлкөдө дагы, ошондой эле Араб, Сирия жана Хорасан өңдүү өлкөлөрдө дагы таратканмын». («Масийх Хидустанда», «Руханий хазааин», 15-том, 4-5-бет)

Ислам дини куралдуу көтөрүлүшкө уруксат бербейт

«Ушул айырманы дагы эске тутуу керек: Ислам дини алгач өзү кылыч көтөргөндөргө гана каршы кылыч көтөрүүгө жана алгач өзү (мусулмандарды) өлтүргөндөрдү гана өлтүрүүгө уруксат берген. Кайсы бир каапыр падышанын бийлигинде жашап, анын адилеттүүлүгүнөн жана ынсаптуулугунан пайдаланып, анан ага каршы куралдуу көтөрүлүшкө такыр уруксат берген эмес. Курани карим боюнча, бул – такыбалардын эмес, жапайы кишилердин ыкмасы». «Анжаам-э-Атхам», («Руханий хазааин», 11-том, 37-бет)

Убада Кылынган Мессия келип согуштарга чекит коёт

«Эске тутуучу нерсе: азыркы доордогу молдо деп аталган Ислам аалымдарынын жихад маселеси жөнүндөгү түшүнүгү жана аны элге түшүндүрүү ыкмасы такыр дурус эмес. Бул өздөрүнүн кызуу баяндары аркылуу жапайы сыпат элди бир жырткыч мүнөзгө айландыруудан жана адамзатка таандык баардык таза өзгөчөлүктөрдөн куру калтыруудан башка эч кандай жыйынтыкты бербейт. Чындыгында да, дал ошондой болду. Мен: «Эмнеге жана эмне себептен Ислам динине өзүнүн баштапкы доорунда согушуу зарылчылыгы туулган?» деген сырдан кабарсыз жана өз напсисине кул болгон кишилердин колунан төгүлгөн баардык акысыз кандардын күнөөсү натыйжасы оор мыкаачылыктар-канкорлуктар болгон маселелерди жашыруун жолу менен үйрөткөн молдолордун моюнунда», – деп билем. Булар учурлук өкүмдарлар менен учурашышканда, тим эле сажда кылып жиберчүдөй салам беришет. Ал эми өздөрүнүн табакташтырынын жыйындарында отурушканда: «Бул өлкө «Даарул-Хараб» (согуш майданы) деп өжөрлөнүшөт жана ичинен: «Жихад кылуу – парыз», – деп билишет. Ошондой ойго ээ болбогон адамдар аз. Мына ушул кишилер өздөрүнүн бүтүндөй жаңылыш жана Куран менен хадиске каршы болгон жихад деген ынанычына ушунчалык катып калышкан: муну кабыл албаган жана ага каршы болгон кишиге «дажжаал» деп ат коюшуп, аны өлтүрсө болот деп айтышат. Кыскасы, мен дагы көптөн бери ушул фатванын астындамын. Ушул өлкөдөгү кээ бир молдолор мага дажжаал жана каапыр деп ат беришти жана англичандар бийлигинин мыйзамынан дагы коркушпай: «Ушул адамды өлтүрсө болот, анын мал-мүлкүн тоноп кетүү тургай, аялдарын алып кетүү – сооп иш болот», – деп мен тууралуу фатваны басып чыгарышты. Мунун себеби эмне болгон? Ошол – менин Убада Кылынган Мессия экендигим, алардын жихад маселесине каршы үгүт жүргүзгөндүгүм жана алардын талап-тоноо боюнча чоң-чоң үмүттөрү байланышкан канкор Мессия жана канкор Махдийинин келүүсүн бүтүндөй жок нерсе деп айткандыгым гана алардын каары жана душмандыгына себепчи болду. Бирок, алар чынында эле алардын оюндагы ушул жихад маселеси туура эмес экенин билүүлөрү керек. Анын биринчи кадамы – пенделик камкорлукту өлтүрүү. Алардын: «Мурунку замандарда жихадга уруксат болгон болсо, азыр эмне себептен арам болсун?» деген ой-пикирлери эч дурус эмес. Буга эки жообубуз бар: биринчиси, ушул салыштырмалуулук негизсиз жана акыйкатсыз. Биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алгач кылыч көтөрүп, чынында таш боордук менен бейкүнөө жана такыба эркек-аялдарды жана жаш балдарды өлтүргөндөрдөн башка эч кимге каршы эч качан кылыч көтөргөн эмес. Алар (мусулмандарды) ушунчалык мыкаачылык жолдору менен өлтүрүшкөн: ал окуяларды окуганда, азыр дагы көздөн жаш чыгат; экинчиси, эгер мисалга, молдолор ойлогон жихаддай жихад Ислам дининде бар болсо дагы, баары бир азыркы заманда ал өкүм калган жок. Анткени, Убада Кылынган Мессия келгенде, куралдуу жихад жана диний согуштар чегине жетип токтойт деп жазылган. Себеби, Убада Кылынган Мессия кылычты да көтөрбөйт, кандайдыр бир башка материалдуу куралды да колго албайт, тескерисинче анын дубасы анын куралы болот жана бекем эрдик анын кылычы болот. Ал элдешүүгө негиз салып, эчки менен бөрүнү бир эле сугатка алып келет. Анын доору тынчтык, мээримдүүлүк жана адамдык камкордук доору болот. Өкүнүч болсун! Эмнеге булар бир миң үч жүз жыл мурда Убада Кылынган Мессиянын урматына Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын оозунан айтылган «йазаъул-харб» (согушка чекит коёт) деген сөзүнө көңүл бурушпайт? Анын котормосу төмөнкүдөй: Убада Кылынган Мессия келип, согуштарга чекит коёт». («Гаврнаминт ангрезий аур жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 7-бет)

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (1835-1908)(алайхиссалаам)

1889-жылдын 23-мартында Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатына негиз салынган. Кадыяндык Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ар түрдүү диндерди кармангандар ар кыл аттар жана титулдар менен келүүсүн күтүп жаткан убада Кылынган Реформатор өзү экенин билдирген. Алла тааладан алган вахий-аяндын негизинде, ал бардык адамдарды бир эл аралык диндин туусу астында чогулта турган Убада Кылынган Реформатордун ар кайсы динден чыгуу зарылдыгын да айгинелеген. Ошондой эле ал (алайхиссалаам): «Ал келе турган Убада Кылынган Реформатор кандайдыр бир өз алдынча инсан болбойт, тескерисинче Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулу болуп келет», – деп да билдирген. Мындан тышкары ал (алайхиссалаам): «Анын келүүсү менен адамзат жылдардан бери эңсеп келе жаткан бир эл аралык диндин (чыныгы Ислам) алтын доору башталат», – деген билдирүүнү да жасаган эле.

Эй, достор! Жихад оюн эсиңерден чыгарып койгула,

Азыр дин атынан согушуу жана урушуу – арам.

Эми диндин Имамы болгон Масийх келди,

Азыр бардык диний согуштарга чекит коюлду.

Эми асмандан Кудайдын нуру түштү,

Азыр согуш жана жихад фатвасы – бекер.

Эми жихад кылган киши Кудайдын душманы,

Ушул ишенимге ээ болгон киши Пайгамбарды четке кагат.

Эй, адамдар! Эмнеге Пайгамбардын хадисин таштайсыңар?

Аны таштаган ыпыласты силер таштап койгула.

Эмнеге «йазаъул-харб» кабарын эсиңерден чыгарасыңар?

Бул «Бухарийде» жокпу? Ачып карагылачы!

Эки аалам падышасы – Мустафаа айтып койгон,

Ыйса Масийх согуштарга чекит коёт деп.

(«Тухфа-э-Голарвия», «Руханий хазааин», 17-том, 77-бет)

 

Эй, сүйүктүүм! Динди колдоо жолу башка,

Бирөө (динди) четке какканда, дароо кылыч көтөргөнүң эмес.

Дин атынан кылыч көтөргөнүңдүн эмне кажети бар?

Мыкаачылыкка негизделген дин – дин эмес.

(«Тарякул-Кулууб», «Руханий хазааин», 15-том, 132-бет)

Share via