Исламий Жихаддын Акыйкаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Кошумча баракчалар

Исламий Жихаддын Акыйкаты

Акыркы жылдарда Ислам дининдеги жихад түшүнүгү бир чоң талаш-тартыштуу темага айланып кетти. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Убада Кылынган Мессия жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний(ас) жүз жыл мурун: «Курани карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад(сав)дын таалимдерине ылайыктуу динди таратууда зордук-зомбулукка такыр уруксат жок», – деп ачык-даана айткан эле. Ушул макалада биз ал(ас)дын китептеринен кээ бир үзүндүлөрдү келтиребиз.

ИСЛАМ ДИНИ ӨЗҮНҮН ЖЕКЕ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ АРКЫЛУУ ГАНА ТАРАЛГАН

«Дүйнөдөн өткөн бардык чыныгы мусулмандар «Ислам динин кылыч менен таратуу керек» деген ишенимге эч качан ээ болушкан эмес. Тескерисинче, Ислам дини дайыма өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнүн аркасынан эле таралган. Ошондуктан, «мусулман» деп аталып, «Ислам динин кылыч менен жайылтуу керек» деген ишенимге ээ болгон адамдар Ислам дининин өзгөчөлүктөрүн иш жүзүндө четке кагышат жана алардын кылыктары жапайы адамдар кылыгы сыяктуу». («Тарякул-Кулууб», «Руханий Хазааин», 15-том, 167-бет, түшүндүрмөсү)

«Курани каримде «динди жайылтуу үчүн кылыч көтөрбөгүлө, диндин жеке өзгөчөлүктөрүн ортого салгыла жана жакшы үлгүлөр аркылуу өзүңөргө тарткыла» деп ачык-даана буюрулган. Силер: «Ислам дининин башында кылыч көтөрүүгө буюрулган эле», – деп ойлобогула. Анткени, ал кылыч динди таратуу үчүн тартылган эмес, тескерисинче өзүн душмандардын чабуулдарынан коргоо үчүн же тынчтыкты орнотуу үчүн тартылган эле. Ал эми динди зордук-зомбулук менен таратууну эч качан көздөшкөн эмес». («Ситаара-э-Кайсария», «Руханий Хазааин», 15-том, 120-121-бет)

 МАСИЙХИ МАВЪУД (УБАДА КЫЛЫНГАН МЕССИЯ) КААПЫРЛАРГА КАРШЫ КЫЛЫЧ МЕНЕН СОГУШПАЙТ

 «Кээ бир аалымдардын «Масийхи Мавъуд (Убада Кылынган Мессия) асмандан түшүп, каапырларга каршы согушат жана «жизяны» кабыл кылбайт, тескерисинче эки нерсе – өлтүрүү же Ислам – булардын бирөөсү гана болот» деген сөзү же белгилүү ишеними туурасында эскертип кетейин: «Бул ишеним бүтүндөй жаңылыштык, ошондой эле ар түрдүү каталар жана кемчиликтерге жык толо. Мындан тышкары Курани каримдин ачык-даана далилдерине да каршы келет. Ошентип, бул тек жалаачылдардын жалаасы гана». («Нурул-Хак», «Руханий Хазааин», 8-том, 67-бет)

 ЖИХАД ТҮШҮНҮГҮ

 «Мен мурун да бир нече ирет өз коомумдун ахвалына ырайым кылып, урдуча, фарсиче жана арабча ушундай китептерди жазганмын: аларда мусулмандардын жихад маселеси, кандайдыр бир канкор Имамдын келүүсүн күтүү маселеси жана башка коомдорго каршы кек сактоо маселесинин баары кем акыл аалымдардын жаңылышы экендиги ачык-даана көрсөтүлдү. Антпесе, Ислам дининде коргонуу же заалымдарга жаза берүү же эркиндикти орнотуу максатындагы согуштардан башка дин үчүн кылыч көтөрүүгө такыр уруксат жок. Коргонуу максатындагы согуштар төмөнкүдөй кырдаалдагы согуштар дегенди билдирет: качан каршылаштардын чабуулунун айынан өлүм коркунучу туулган болсо… Ушул үч түрдүү жихад гана шариат уруксат берген жихад. Ушул үч түрдүү согуштан башка динди таратуу үчүн кандайдыр бир согушка Ислам дини уруксат бербейт. Кыскасы, далай акчаны жумшап, бул темадагы китептерди ушул өлкөдө жана Араб, Сирия, Хурасан өңдүү өлкөлөрдө таратканмын». («Масийх Хидустан мейн», «Руханий Хазааин», 15-том, 4-5-бет)

 ИСЛАМ КУРАЛДУУ КӨТӨРҮЛҮШКӨ УРУКСАТ БЕРБЕЙТ

 «Ушул айырманы дагы эске тутуу керек: Ислам дини алгач өзү кылыч көтөргөндөргө эле каршы кылыч көтөрүүгө жана алгач өзү өлтүргөндөрдү эле өлтүрүүгө уруксат берген. Кандайдыр бир каапыр падышанын бийлигинде жашап, анын адилеттүүлүгү жана ынсаптуулугун пайдаланып, анан ага каршы куралдуу көтөрүлүшкө такыр уруксат берген эмес. Курани карим боюнча бул – такыбалардын эмес, жапайы кишилердин ыкмасы». («Анжаам-э-Атхам», «Руханий хазааин», 11-том, 37-бет)

 МАСИЙХИ МАВЪУД (УБАДА КЫЛЫНГАН МЕССИЯ) КЕЛИП СОГУШТАРГА ЧЕКИТ КОЁТ

 «Эске тутуучу нерсе: азыркы доордогу «молдо» деп аталган Ислам аалымдарынын жихад маселеси жөнүндөгү түшүнүгү жана аны элге түшүндүрүү ыкмасы такыр дурус эмес. Бул өздөрүнүн кызуу баяндары аркылуу жапайы сыпат элди бир жырткыч мүнөзгө айландыруудан жана адамзатка таандык бардык таза өзгөчөлүктөрдөн куру калтыруудан башка эч кандай натыйжа бербейт. Азыр чынында эле ошондой болду. Мен «эмнеге жана эмне себептен Ислам динине өзүнүн баштапкы доорунда урушуу зарылчылыгы туулган?» деген сырдан кабарсыз жана өз напсисине кул болгон кишилердин колунан төгүлгөн бардык орунсуз кандардын күнөөсү натыйжасы оор мыкаачылыктар-канкорлуктар болгон маселелерди жашыруун жолу менен үйрөткөн молдолордун моюнунда экенин билем. Булар учурлук акимдер менен учурашышканда, тим эле сажда кылып жиберчүдөй салам беришет. Ал эми өздөрүнүн табакташтырынын жыйындарында отурушканда: «Ушул өлкө «Даарул-Хараб» (согуш майданы) деп өжөрлөнүшөт жана ичинен: «Жихад кылуу – парыз», – деп билишет. Ошондой ойго ээ болбогон адамдар аз. Мына бул адамдар өздөрүнүн ушул бүтүндөй жаңылыш жана Куран менен хадиске каршы болгон жихад деген ынанымына ушунчалык катып калышкан: муну кабыл албаган жана ага каршы болгон адамга «дажжаал» деп ат коюшуп, аны өлтүрсө болот деп айтышат. Ошентип, мен өзүм да көптөн бери ушул фатванын астындамын. Ушул өлкөдөгү кээ бир молдолор мага «дажжаал» жана «каапыр» деп ат беришти жана англичандар бийлигинин мыйзамынан да коркпой: «Ушул адамды өлтүрсө болот, анын мал-мүлкүн тоноп кетүү тургай, аялдарды алып кетүү – сооп иши», – деп мен тууралуу фатваны басып чыгарышты. Мунун себеби эмне болгон? Ошол – менин Масийхи Мавъуд (Убада Кылынган Мессия) экендигим, алардын жихад маселесине каршы үгүт жүргүзгөндүгүм жана алардын талап-тоноо боюнча чоң-чоң үмүттөрү байланышкан канкор Масийх жана канкор Махдийсинин келүүсүн бүтүндөй жок нерсе деп айткандыгым гана алардын каары жана душмандыгына себепчи болду. Бирок, чынында алардын оюндагы ушул жихад маселеси туура эмес экенин алар билүүлөрү керек. Анын биринчи кадамы – пенделик камкорлукту өлтүрүү. Алардын: «Мурунку замандарда жихадга уруксат болгон болсо, азыр эмне себептен арам болсун?» деген пикирлери эч дурус эмес. Буга эки жообубуз бар: биринчиси, ушул салыштырмалуулук негизсиз жана акыйкатсыз. Биздин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) алгач кылыч көтөрүп, чынында таш боордук менен бейкүнөө жана такыба эркек-аялдарды менен жаш балдарды өлтүргөндөрдөн башка эч кимге каршы эч качан кылыч көтөргөн эмес. Алар (каапырлар) ушунчалык мыкаачылык жолдору менен өлтүрүшкөн: ал окуяларды окуганда, азыр деле көздөн жаш чыгат; экинчиси, эгер мисалга, ошол молдолор ойлогон жихаддай жихад Ислам дининде бар болсо да, баары бир азыркы заманда ал өкүм күчүн жоготкон. Анткени: «Масийхи Мавъуд келгенде, куралдуу жихад жана диний уруштар чегине жетип токтойт», – деп жазылган. Себеби, Масийх кылычты да көтөрбөйт, кандайдыр бир башка материалдуу куралды да колго албайт, тескерисинче анын дубасы анын куралы болот жана күчтүү эрдик анын кылычы болот. Ал элдешүүгө негиз салып, эчки менен бөрүнү бир эле сугарууга алып келет. Анын доору тынчтык, мээримдүүлүк жана адамдык камкордук доору болот. Өкүнүч болсун! Эмнеге алар бир миң үч жүз жыл мурун Масийхи Мавъуддун урматына Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын оозунан айтылган «йазаъуль-Харб» деген сөзгө көңүл бурушпайт? Анын котормосу төмөнкүчө: Масийхи Мавъуд келип, согуштарга чекит коёт». («Гаурнаминт ангрезий аур жихад», «Руханий Хазааин», 17-том, 7-бет)

ЭЛ АРАЛЫК АХМАДИЯ МУСУЛМАН ЖАМААТЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ

УБАДА КЫЛЫНГАН МЕССИЯ ЖАНА МАХДИЙ

АЗИРЕТИ МЫРЗА ГУЛАМ АХМАД(ас) (1835-1908)

 1889-жылдын 23-мартында Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатына негиз салынган. Кадыяндык Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) ар түрдүү диндерди кармангандар ар кыл аттар жана титулдар менен келүүсүн күтүп жаткан Убада Кылынган Реформатор өзү экенин билдирген. Алла тааладан алган вахий-аянына ылайыктуу ал бардык адамдарды бир эл аралык диндин туусу астында чогулта турган Убада Кылынган Реформатордун ар кайсы динден чыгуусу зарылдыгын да айгинелеген. Ошондой эле ал(ас): «Ал келе турган Убада Кылынган Реформатор кандайдыр бир өз алдынча инсан болбойт, тескерисинче Азирети Мухаммад Мустафаа(сав)дын кулу болуп келет», – деп да билдирген. Мындан тышкары ал(ас): «Анын келүүсү менен адамзат көптөгөн жылдардан бери эңсеп келе жаткан бир эл аралык диндин (чыныгы Ислам) алтын доору башталат», – деп да билдирүү жасаган.

Азирети Имам Махдий(ас) мындай деп айтат:

 Эй, достор! Жихад оюн эсиңерден чыгарып койгула,

Азыр дин атынан согушуу жана урушуу арам.

Эми диндин Имами болгон Масийх келди,

Азыр бардык диний согуштарга чекит коюлду.

Эми асмандан Алла тааланын нуру түштү,

Азыр согуш жана жихад фатвасы бекер.

Эми жихад кылган киши Алланын душманы,

Ушул ишенимге ээ болгон киши Пайгамбар(сав)ды четке кагат.

Эй, адамдар! Эмнеге Пайгамбар(сав)дын хадисин таштайсыңар?

Аны таштаган ыпыласты силер таштап койгула.

Эмнеге «Йазаъул-Харб» кабарын эсиңерден чыгарасыңар?

Бул «Бухарийде» жокпу? Ачып карагылачы!

Эки аалам падышасы – Мустафаа(сав) айтып койгон,

Ыйса-Масийх согуштарга чекит коёт.

                        («Тухфа-э-Голарвия», «Руханий Хазааин», 17-том, 77-бет)

 Эй, сүйүктүүм! Динди колдоо жолу башка,

Бирөө (динди) четке какканда, дароо кылыч көтөргөнүң эмес.

Дин атынан кылыч көтөргөнүңдүн эмне кажети бар?

Мыкаачылыкка негизделген дин – дин эмес.

(«Тарякул-Кулууб», «Руханий хазааин», 15-том, 132-бет)

Share via