Ахмадия • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты кандайдыр бир саясий же кандайдыр бир дүйнөлүк кыймылдын аталышы эмес, тескерисинче ал таза дин багытындагы пайгамбарлык жолдо түзүлгөн бир диний Жамаат. Ал тек гана адамзаттын руханий таалим-тарбиясын көздөп келе жаткан кыймыл. Алла Тааланын өзгөчө берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 200дөн ашык мамлекетте өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Жер жүзүндө миллиондогон мүчөлөрү бар. Азыркы күндө Жамааттын убактылуу Борбору Лондондо жайгашкан.

Алла Таала адамзатты туура жолго багыттоо үчүн пайгамбарларды жөнөтө баштаган жана айрым рабаяттар боюнча бир жүз жыйырма төрт миӊ (124,000) пайгамбар дүйнөгө келген. Пайгамбарлардын ушул чынжыры Сүйүктүү Пайгамбарыбыз – Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)га келип, өзүнүн туу чокусуна жетти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мурунку бардык пайгамбарлардын ишмердүүлүк алкагы доор жагынан да, мекен жагынан да, коом жагынан да чектелген болчу. Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) жападан-жалгыз ушул сый менен сыйланды: ал бүткүл инсандарга Пайгамбар болуп келген жана Курани карим түрүндө ага тартууланган шарият кыямат күнүнө чейин пайда боло турган маселелер жана көйгөйлөрдү чечүүчү кудуретине ээ.

Эми ушул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын [خَاتَمُ النَّبِیِّیْنَ]Хаатамун-Набиййин (бардык пайгамбарлардын мөөрү) экендиги жана Курани каримдин кыямат күнүнө чейин амал кылууга жарактуу китеп экендигине карабастан кандайдыр бир Масийх же Махдийдин чыгуу зарылдыгы эмнеге пайда болду? Ушул суроого жооп төмөнкүдөй хадистерден жеӊил гана алууга болот: «Азирети Али (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Жакын арада ушундай бир доор келип, Исламдын аты гана калат. Курандын жазуусу гана калат. Ал (доордогу) адамдардын мечиттери сыртынан абат (элдүү) көрүнөт, бирок хидаяттан (туура жол) бош болот. Алардын уламалары асман астында эӊ жаман макулук болуп, ошолордун ичинен эле фитна-чагымчылыктар пайда болот жана өздөрүнө эле кайтат. Тагыраак айтканда, бардык жаманчылыктардын башаты ошолор гана болушат. («Мишкаат» Китаабул-илм, ал-фслус-саалис, 38-бет; «Канзул-уммаал» 6-бет, 43/6).

Азирети Абдулла ибн Амар (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Менин үммөтүм да Бани Исраил учураган абалга туш болот. Алар кудум бут кийимдин бирөөсү башкасына окшогону сыяктуу эле бири-бирине окшоп калат. А түгүл эгер алардын бирөөсү өз энеси менен ойноштук кылган болсо, менин үммөтүмөн да ошондой бактысыз бирөө чыгып калат. Бани Исраил жетимиш эки (72) агымга бөлүнүп кеткен эле, менин үммөтүм жетимиш үч (73) агымга бөлүнүп кетет. Бирок бир агымдан башкасынын баары тозокко барышат. Сахаабалар ошол кутулуучу агым кайсыл экенин сурашканда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берген: «Ал агым менин жана сахаабаларымдын сүннөтүн ээрчүүчү болот». («Термизий» Китаабул-Ыйман, Баабу ифтирааки хаазихил уммати, 2-том, 89-бет; «Жаамиъус-Сагийр» 2-том, 110-бет)

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Силер өзүӊөрдөн мурунку коомдордун жол-жоболорунан ушундай басасыӊар: кенедей да айырма көрүнбөйт, куду бир карыч башкасына жана бир кол башкасына окшогону сыӊары. Алар менен силердин ортоӊордо эч кандай айырма калбай калат. А түгүл эгер алар кандайдыр бир кескелдириктин уясына киришсе, силер да аларды ээрчийсиӊер. Биз: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы?» – деп сурадык. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алардан башка ким?» – деп жооп берди». («Бухарий», Китаабул-Эътисаам вас-Суннати, Баабу каулун-Набий (саллаллааху алайхи ва саллам) «ла таттабиъунна ман каана каблакум»)

Жогоруда мисал катары келтирилген хадистерден төмөнкүдөй нерсе ачык-айкын болот: руханий жактан «күз мезгили» деп аталуучу доордун Мухаммад үммөтүнө туш келүүсү – бул чечилген тагдыр болчу. Мына ошондой жагдайда Курани Карим, хадистер жана салаф уламаларынын сөздөрүнөн да келүүсү далилденген бир Оӊдоочу-Реформатордун чыгуусу да зарыл болчу.

Ошентип, ал Убада Кылынган инсандын келүүсүн талап кыла турган абал жана окуялар жүз бергенде, Алла таала Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалаам)ды (1835-1908) Индиянын белгисиз чакан бир айылы – Кадияндан чыгарды. Ал киши 1889-жылдын 23-мартында ушул куттуу Жамаатка негиз салды. Булوَّاٰخَرِیۡنَ مِنۡہُمۡ لَمَّا یَلۡحَقُوۡا بِہِمۡдеген аятта ишаарат кылынган Убада Берилген Жамаат.

Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалаам) Алла Тааладан кабар алып, төмөнкүлөрдү билдирди: Алла Таала ушул доорду оӊдоп-реформалоо үчүн мени дайындады, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын-ала кабарлаган Имам Махдий жана Масийхи Мавъуд (Убада Кылынган Масийх) менмин. Ал киши 85ке жакын китептерди жазган. Ошол китептердин айрымдары төмөнкүлөр: «Бараахийн-э-Ахмадия» (Ахмадия далилдери), «Изаала-и-аухаам» (Азгырыктарды кетирүү), «Фатх-э-Ислам» (Исламдын жеӊиши), «Ааина камаалаат-э-Ислам» (Ислам жеткилеӊдеринин күзгүсү), «Баркаатуд-Дуъаа» (Дубанын берекелери), «Хужжатул-Ислам» (Исламдын далили), «Жанг-э-мукаддас» (Ыйык согуш), «Шахаадатул-Куран» (Курандын күбөлүгү), «Заруратул-Имам» (Имамдын керектүүлүгү), «Исламий усул ки филаасфий» (Ислам окууларынын философиясы), «Сираажуддин исааий ке чаар саваалуун ка жавааб» (Сираажуддин аттуу бир христиандын төрт суроосуна жооп, «Анваарул-Ислам» (Ислам нурлары), «Нурул-Куран» (Куран нуру), «Масих Хиндустан мен» (Ыйса -Индияда), «Тарякул-кулуб» (Дилдердин шыпаасы), «Нажмул-худаа» (Хидаят жылдызы), «Рааз-э-хакийкат» (Акыйкат сыры), «Хакийкатул-Махдий» (Махдийдин акыйкаты) ж.б.

Ошентип, ал (алайхиссалаам) өз өмүрүнүн бир дагы көз ирмемин текке кетирбей, өз өмүрүнүн соӊку демине чейин Ислам дининин көркөм таалимин жана Ыйык Курандын нурларын дүйнөгө жайылтуу менен алектенди. А түгүл өз ажалынан бир күн мурда өзүнүн «Пайгаам-э-Сулх» (Элдешүүнүн кабары) аттуу эӊ акыркы китебин жазып чыкты. Ал киши 1908-жылдын 26-май күнү ушул дүйнө менен коштошуп, өзүнүн Сүйүктүү Кудайынын алдына кетти.

Ал дүйнөдөн кайткан соӊ Курани карим жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын-ала кабарлаган кабарларга ылайык халифат системасы түзүлдү. Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 1-халифасы болуп шайланды. Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) 1914-жылы каза тапкан соӊ Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын уулу Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 2-халифасы болуп шайланды. Ал киши 1965-жылы дүйнөдөн кайтты. Андан кийин Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун уулу жана Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын небереси Азирети Хафиз Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 3-халифасы болуп шайланды. Ал киши 1982-жылы көз жумган соӊ Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 4-халифасы болуп шайланды. Ал киши да Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын небереси болгон. Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) 2003-жылдын 19-апрелинде Англиянын Лондон шаарында ааламдан өттү. Анын кайтышынан соӊ Азирети Мырза Масур Ахмад (аййа-да-хуллаа-ху таа-ла би-нас-ри-хил-азиз)  Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 5-халифасы болуп шайланды. Ушул улуу инсан азыр Лондон шаарында жашайт.

Share via