Эми Убада кылынган Масийх жана Махдийдин убагы келди • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эми Убада кылынган Масийх жана Махдийдин убагы келди

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Убада кылынган Масийх жана Махдийдин убактысы келди. Кандай болгон күндө дагы, Аллах Таала асмандан ушундай шарттарды жаратат, жер зулумдукка жана адилетсиздик кан төгүүлөргө толгондой эле, эми ал акыйкаттыкка, тынчтыкка жана элдешүүгө толот. Андан бир аз болсо да, үлүш ала турган байлар жана падышалар бактылуу». Англичандар бийлиги жана жихад», «Руханий Хазаин», 17-том 19-бет)

«Кудай силерге Өзүнө карата жана Анын жаратылышына адилеттүү мамиле кылууну буюрат. Башкача айтканда, Аллахтын акы-укугун жана пенделердин акы-укугун аткаргыла, эгер андан дагы көп нерсени жасай алсаңар, анда адилеттүү гана болбостон, ихсан (жакшылык) да кылгыла, башкача айтканда, парыз болгондордон дагы көбүрөөк жана Аны көрүп турганыӊардай болуп, мыкты адеп-ахлактар менен Аллага ибадат кылгыла жана адамдарга акы-укугунан да артыгыраак жакшы мамиле кылгыла. Эгер андан дагы көп нерсени жасай алсаңар, анда кудум бирөө жакын тууганына кылгандай, силер чын жүрөктөн жана жан аябас Кудайга сыйынып, Алланын пенделерине кызмат кылгыла». (Шахна-э-Хак, Руханий Хазайин, 2-том, 361-362-бет)

«Кыскасы, адамдарга мээримдүүлүк жана боорукердик кылуу – бул улуу ибадат жана Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн эң сонун жол, бирок мен байкагандай, бул жагынан чоң алсыздык көрсөтүлүп, башкалар төмөн-пас деп каралышат, аларды шылдыңдашат. Аларды кароо жана кандайдыр бир кыйынчылык жана оорчулукта жардам берүү эң сонун нерсе. Кедей адамдарга жакшы мамиле кылбай, тескерисинче аларды пас-төмөн деп ойлогондор жөнүндө мен алардын өзүлөрү кыйынчылыкка туш болбосун деп корком. Аллах Таала берешендик кылган адамдардын ыраазычылыгы – алар Анын макулуктарына жакшылык менен мамиле кылып, аларга мээримин көрсөтүүсү жана Аллах Таала берген ушул берешендигине текеберленип, кедей-кембагалдарды жапайылардай эзбеши керек». (Малфузаат, 4-том, 438-439-бет, 1988-жылда басылган нуска)

Share via