Чектеш темалардын мазмуну
Китептин кыскача маани-мазмуну
Баш сөз
«Аль-Васият» китепчеси 1905-жылы урду тилинде жазылган. Ал Халифат түрүндөгү Кудайдын Экинчи Кудурети[1] жана Бахиштий Макбарахты[2] куруу максатында Ислам жолунда мал-мүлктү осуят кылуу системасы тууралуу куш кабарларды берүүдө. Бул китепче бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү бир топ тилдерге которулуп, басмадан чыгарылды. Колуңуздагы ушул китепче кыргыз тилиндеги алгачкы котормо. Котормочу тарабынан кошумча кылынган сөздөр кашаада берилген. Урду, араб же фарси тилдериндеги айрым сөздөр жана терминдер курсив менен жазылып, алардын мааниси да берилди.
Аршад Мехмуд
Кыргызстандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси
[1] Халифат.
[2] Бейиштик мүрзө же көрүстөн. (Котормочу)