Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Алла Таала менен бекем алаканы орнотуу үчүн өз Жамаатына насаат кылып жатып мындай айтат:

«Илгерки момундар сыноодон өткөрүлгөнү сыяктуу эле түрдүү кайгы-капа жана кырсык-балээлер аркылуу силер да сөзсүз сыноодон өткөрүлөсүңөр. Ошондуктан, сак болгула! Адашып калбагыла. Эгер силер асман менен бекем алакада болсоңор, жер силерге кенедей да зыян келтире албайт. Качан өзүңөргө зыян келтирсеңер, ал душмандын колунан эмес, өз колдоруңардан гана келтиресиңер. Эгер силердин жердеги бардык ызаатыңар кетип калса да, Алла Таала силерге асманда бир түбөлүктүү сый-урмат тартуулайт. Ошондуктан, силер Аны эч таштабагыла. Силер сөзсүз азап чектирилесиңер жана бир топ үмүт-тилектериңерден куру калтырыласыңар. Демек, ошондой жагдай-кырдаалдарда эч кайгырбагыла, себеби силердин Кудайыңар: «Силер Анын жолунда туруктуусуңарбы, жокпу?» – деп силерди сынайт. Эгер силер: «Асманда периштелер дагы бизге мактоо-алкоо айтсын», – деп кааласаңар, анда келтек да жегиле, бирок ыраазы болгула; сөгүнүүлөрдү уккула, (бирок) шүгүр кылгыла; ийгиликсиздикти көргүлө, бирок алакаңарды үзбөгүлө. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар, ошондуктан жетилүү жагынан өзүнүн туу чокусуна жеткен жакшы амалдарды көрсөткүлө. Араңардан жалкоолонуп кеткен бирөө ыпылас нерсе сыяктуу Жамааттан чыгарылып ташталат. Ал өкүнүч менен өлөт жана Алла Таалага кенедей да зыян келтире албайт. Карагыла, мен өтө кубаныч менен кабар беремин: силердин Кудайыңар чындыгында бар. Бардык адамдар Анын жаратылганы болсо да, бирок ким Аны тандаса, Ал да аны тандайт. Ким Анын алдына келсе, Ал да ага барат. Ким Ага сый-урмат көрсөтсө, Ал да ага ызаат тартуулайт». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 15-бет)

Дагы мындай деп айтат:

«Биз Алла Тааланы ыраазы кылышыбыз керек, бул үчүн ыкыластуулук, чынчылдык жана туруктуулук керек болот, куру сөздөрдөн эле турган иш-чарабыз такыр пайда келтирбейт. Биз Алла Тааланы ыраазы кылганыбызда, Алла Таала да береке тартуулайт жана Өз айкөлдүктөрү менен берекелеринин эшиктерин ачып коёт … Ушул – чындык менен туруктуулуктун тар эшигинен өтүү оңой эмес. «Түш жана аян келе баштады, ошондуктан колго кол коюп отура беришибиз жана Мужаахадалардан[1] баш тартышыбыз керек» деген нерсе менен биз эч качан сыймыктанбайбыз. Алла Таала муну жактырбайт». («Ал-Бадр», газетасы, 3-том, 18-19-сан, 1904-жыл, 8-16-май, 10-бет)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай дейт:

«Ар бир момундун ахвалы ушундай болот: эгер ал ыкыластуулук жана туруктуулук менен Алланыкы болуп калса, анда Алла Таала ага дос болуп калат. Бирок, эгер ыймандын имараты чириген болсо, анда сөзсүз коркунуч бар. Биз эч кимдин жүрөгүнүн ахвалын билбейбиз. … Бирок (адам) толук бойдон Алла Тааланыкы болуп калса, Алла Таала аны өзгөчө коргойт. Ал баарынын Кудайы болгону менен, ким өзүн өзгөчө тутса, аларга өзгөчө жарык чачат. Кудай таала үчүн өзгөчөлөнүү – напсисинин толук бойдон майдаланып жок болуусу. Ошондуктан, мен кайра-кайра Жамаатка: «Байъат менен эч сыймыктанбагыла», – деп айтамын. Эгер жүрөк таза болбосо, колго кол коюп отура берүүнүн пайдасы эмне? …Бирок кимде-ким чын дилден кабыл кылса, анын чоң-чоң күнөөлөрү кечирилет жана ага бир жаңы жашоо тартууланат». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 65-бет)

[1] Аракеттенүү, эмгек кылуу; Алла Тааланын ибадаты менен алектенүү.

Share via