Бир араб Ахмадий мусулмандын Пакистан элине жасаган кайрылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бир араб Ахмадий мусулмандын Пакистан элине жасаган кайрылуусу

Палестиндеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири (президети) Мухаммад Шариф Аудэ мырзанын Пакистан элине карата чын жүрөктөн чыккан сөздөрү! Ислам шариятын сүйөбүз деп билдирген бир мусулман өлкөдө Ахмадий мусулмандарга качанга чейин зулумдуктар улана берет? Ислам дининде зулумдук кылуу, кысым көрсөтүү, зордук-зомбулук кылуу жана мусулмандарды каапыр деп айтуунун орду барбы? Өзүӊөрдү текшерип көргүлө жана кайда турган экениӊерди байкагыла. Силер пайгамбарларды ээрчигендердин катарында турасыңарбы же пайгамбарларга каршы чыккандар менен бирге турасыңарбы? Пайгамбарлар бирөөгө да, ким гана болбосун, эч качан зулумдук кылышкан эмес, тескерисинче пайгамбарлар жана аларды ээрчигендер гана зулумдуктарга дуушар болуп келишкен.

Share via