Кадияндагы 124-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 124-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Кадиянда жана Лондондо Жалсага катышкан 24000ден ашуун адамдарга кайрылуу жасады

2015-12-28-Jalsa-Qadian-001

2015-жылдын 28-декабрында Индияга караштуу Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 124-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

2015-12-28-Jalsa-Qadian-002

Ал киши Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен спутник байланышы аркылуу соӊку сессияга кайрылуу жасады. 44 өлкөдөн келген 19000 адам Кадиянда Жалсага катышышты, ал эми 5000ден ашуун адамдар соӊку сессия үчүн Лондондо чогулушкан.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатына Алла Таала кандай жол менен колдоо көрсөтүп, дүйнөдөгү кээ бир аймактарда үзгүлтүксүз кысымдарга кабылганына карабай, өсүп-гүлдөп жаткандыгы жөнүндө сүйлөдү.

Учурлук Халифа мындай деп баштады: заманбап технология Лондондо чогулган элдер Кадияндагы жыйынга катышуу мүмкүнчүлүгүн түздү жана бул Алла Тааланын чексиз берешендиги. Ал гана эмес, жаңы технология дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына чейин Исламдын чыныгы кабарын жеткирүү куралы экенин далилдеп жатат деди.

2015-12-28-Jalsa-Qadian-003

Ал киши мындай деди: бир жактан Ахмадия Мусулман Жамааты жаңы технологияны пайдаланып, Исламдын тынчтык, сабырдуулук жана бири-бирин сыйлоо деген баалуулуктарын таратып жаткан болсо, экинчи жактан башка адамдар жаманчылык жана финта-чагымчылыкты пайда кылуу үчүн жаңы технологияны пайдаланышууда.

2015-12-28-Jalsa-Qadian-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакшылык бар жерде жаманчылык да болот жана бүгүнкү дүйнөдө адепсиздиктер жана ырайымсыздыктар эң жогорку деңгээлде жүз берүүдө. Жаңы технология көп жактан шайтан таасирлерин жана адилетсиздиктерди жайылтып жаткандыгы менен сындалышы керек, себеби анын натыйжасында адамзат Алла Таала жана акыйкаттан алыстап кетти. Бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамаатынын спутник каналы – Эл аралык МТА гана Алла Тааланын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы таалимдерине ылайык күнү-түнү 24 саат бою тынчтыкты, акыйкатты жана жакшылыкты жайылтууда». 

2015-12-28-Jalsa-Qadian-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Биз – Ахмадий мусулмандар эч качан жаңы технологиялар бизди акыйкат жолунан алысттатуусуна жол бербешибиз керек, андан көрө биз аны руханий жана моралдык деңгээлдерибизди көтөрүүгө, Алла Таалага жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүбүздү өнүктүрүүгө жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га болгон сүйүүбүздү көбөйтүүгө пайдаланышыбыз керек».

2015-12-28-Jalsa-Qadian-006

Учурлук Халифа мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын чектелген шарттарына карабай, МТА Халифат деген башкармалык менен жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандардын ортосунда теңдеши жок алака-байланышты дагы өнүктүрүү куралына айланды.

2015-12-28-Jalsa-Qadian-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Башка топтор же жеке адамдар чоң байлыктар жана чексиз ресурстарга ээ, ошентсе да, кайсы өлкөнүн же кайсы диний лидердин бүткүл дүйнөдө ушунчалык кенен деңгээлде өзүн ээрчигендери менен түздөн-түз алака-байланышы бар? Бул берешендик Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) аркылуу түзүлгөн Жамаатка гана тартууланган». 

2015-12-28-Jalsa-Qadian-008

Ахмадия Мусулман Жамаатындагы бириктирүүчү күч – Халифат жөнүндө дагы түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты жер жүзүнө жайылган. Ал Батышта дагы, Чыгышта дагы жайылган. Ал Түндүктө дагы, Түштүктө дагы жайылган. Ал Африкада, Азияда, Европада, Америкада, Австралияда жана жер жүзүндөгү бардык аралдарда жайылган. Бардык Ахмадий мусулмандар кай жерде экенине карабай, бир байрактын астында биригишкен. Бүгүнкү күндө Учурлук Халифанын үнү Алла Тааланын Жалгыздыгынын тирүү белгиси катары ар бир жерде жаңырып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына чейин Исламдын чыныгы кабарын жайылтууда».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын үйү болгон Кадиянда олтуруп, Жалса Салананын өзгөчө руханий айлана-чөйрөсүнө катышып, ушул жөнөкөй пенде, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Халифасынын сөздөрүн угуп жаткан адамдар чыныгы бактылуу инсандар. Анан дагы дүйнөнүн бардык аймактарындагы Ахмадий мусулмандар да ушул программаны түз эфир аркылуу көрүшүүдө. Күн же түн же таң же кеч экенине карабай, бүткүл дүйнөдөгү Ахмадий мусулмандар биргеликте Кадияндагы сахнаны көрүү менен бирге анын руханийлигине катышууда».

2015-12-28-Jalsa-Qadian-009

Ал киши мындай деди: катуу каршылыктарга карабай, Ахмадия Мусулман Жамааты тездик менен жайылууда. Азирети Мырза Масрур Ахмад ушул өсүп-өнүгүү кандайча Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын алдын-ала кабарларына ылайык экенин айтып берди, ал кишиге Алла Таала вахий-аян жиберип, жер жүзүндөгү бардык аймактардагы адамдар чоң санда ушул Жамаатка кошулушат деген кабарды тартуулаган.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды дагы, Кадиянды дагы эч ким тааныбаган убак да болгон, бирок бүгүнкү күндө ондогон өлкөлөрдөн адамдар ушул Кадияндагы Жалсага катышууга келишкен. Албетте, Кадиянда олтурган ар бир адам Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын белгиси».

2015-12-28-Jalsa-Qadian-010

Ал киши мындай деди: өкүнүчтүүсү, Исламдын башында биринчилерден болуп, даанышмандык менен Исламдын таалимдерин жайылткан арабдар бүгүнкү күндө Ахмадият келгенде, Ыйык Курандын жана Исламдын Ыйык Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы таалимдерин унутуп жиберишти.

Ал киши мындай деди: даанышмандык менен иш тутуунун ордуна алар Кудай кечирсин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды жалганчы пайгамбар экенине басым жасашууда. Алар Пакистан жана Индиянын аалымсөрөй уламалары дагы дал ошондой ой-пикирде деп өздөрүнүн айткандарын колдоого аракет кылышат. Ал киши мындай деди: мына ошондой каршылыктарга карабай, жыл сайын миңдеген ыкластуу адамдар, алардын катарында арабдар дагы бар, Алла Таала тарабынан Ахмадиянын чынчылдыгына багытталышууда.

2015-12-28-Jalsa-Qadian-011

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азыр өздөрүнүн ата-бабаларында бар болгон илим-билим жана даанышмандыкты кайрадан өздөрүндө пайда кылып, араб дүйнөсүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгын жайылтуу – бул арабдардын милдети».

Аягында ал киши бир-эки күн мурда Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы жасалган террордук чабуул жана жакында Кыргызстанда шейит кылынган Ахмадий мусулман жөнүндө айтып берди.

Ушул окуялардын негизинде ал киши жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарды экстремизм жана терроризмдин коркунучунан сак болууга чакырды жана Алла Таала Жамааттын бардык мүчөлөрүн сактасын деп дуба кылды.

Аталган сессия тынч дуба менен аяктап, андан кийин Кадияндагы Жалсага катышкандар спутник аркылуу ар кандай диний ырларды ырдашты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via