Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси дүйнөдөгү чыр-чатактардын негизги себеби адилетсиздик экенин айтты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси дүйнөдөгү чыр-чатактардын негизги себеби адилетсиздик экенин айтты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам динин экстремизмге байланыштыруу  деген жалган билдирүүлөргө катуу жооп кайтарды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ислам терроризм жана экстремизм амалдарын актай турган дин деген сын-пикирлерди билдирүүчүлөргө жооп кайтарды. Халифа 2015-жылдын 11-декабрында окуган жума кутбасында ушул ой-пикирлерин билдирген.

Өз кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам дини мусулмандарды экстремизм жана чыр-чатак пайда кылууга үндөйт деген жалааларды койгон кээ бир Батыш саясатчылары жана серепчилеринин мисалдарын окуп берди.

Ал киши мындай деди: атагы чыккан бир террорист топ жасап жаткан жаман амалдары жалпы калайык-калктын арасында кооптонууну гана жаратпастан, туура эмес жана Исламга каршы сын-пикир билдирүүчүлөргө Ислам таалимдерине жалган айыптарды коюу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Ал киши мындай деп кошумчалады: медиа Исламдын атынан жасалган чабуулдарга жана мусулман эмес коом тарабынан жасалган чабуулдарга бүтүндөй башкача мамиле кылат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Качан мусулман киши кандайдыр бир туура эмес ишти жасаса, адамдар дароо Ислам динин айыптай башташат, бирок эгер кайсы бир башка диндеги адам ошондой амалды жасаса, ал «акылдан тайган» деп коюшат. Биз ачык-айкын айтабыз: кайсы бир мусулман топ жасаган коркунуч амалдарын бир гана мыкаачылык деп айтыш керек. Ыйык Курандын таалимдерин туура эмес ыкмада бутага алуу бүтүндөй жаңылыштык жана адилетсиздик».

Ал киши мындай деди: Ислам дини зордук-зомбулук менен Исламды жайылтууну каалагандарды актабайт же аларга «күбөлүк» бербейт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини адамдарды зордук-зомбулук менен мусулман кылууну эч үйрөткөн эмес. Ыйык Куранда Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га мындай деп айткан: «Эгер Раббиң каалаганда, жерде жашагандардын бардыгы бирдикте ыйман келтирген болоор эле». Демек, Алла Таала мындай деп айтат: бардык адамзат эч качан ыйман келтиришкен эмес жана бул турган акыйкат, Ислам дини эч качан зордук-зомбулукка уруксат берген эмес».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Ыйык Куран чечкиндүү түрдө мындай деп айтат: адамдарды Ислам динин кабыл кылууга мажбурлоо үчүн эч качан кылыч көтөрүлбөш керек. Андан көрө мусулмандар диндин көркөм таалимдерин сунуштоо жана эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүү менен адамдарды Исламга тартуулары керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ыйык Курандын 43-сүрөөсүнүн 89-90-аятын окуп берди:

«Анын: «Эй, Раббим! Булар такыр ыйман келтиришпейт», – деген (маал)ды (эстегиле). Демек, аларды кечир жана: «Салам!» – деп кой. Анан тез арада алар билип алышат».

Ал аятты чечмелеп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул аяттарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га төмөндөгүдөй көрсөтмө берилген: каапырлардын колунан чексиз азаптарды көргөндүгүңө карабастан, сиздин жообуңуз мындай болушу керек: мен силер үчүн бир гана тынчтыкты каалайм жана жарашуу үчүн ошондой улана берет». Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га тынчтык менен мамиле кылууга көрсөтмө берилгенден кийин ушул кабарды жана рухту түбөлүккө бекем кармоо ар бир мусулмандын милдети».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: бүгүнкү күндө дүйнөдө байкалуучу көптөгөн чыр-чатактардын негизги тамыры – бул адилеттүүлүк жана бейтараптуулуктун жоктугу.

Экстремизмге май куюуда чоң күчтөрдүн ролу жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Батыш медиадагы бир топ өкүлдөр жана серепчилер азыр моюндарына ала башташты: биздин бийликтерибиздин өзү Ирактагы согуш жана Сириядагы кризистен кийин мына ошондой экстремист топторду жаратууга өз ролун ойношкон. Дүйнөдөгү ушул бардык көйгөйлөрдүн негизги тамыры – бул адилеттүүлүктүн жоктугу».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Бир жактан чоң күчтөр аба чабуулдары аркылуу экстремисттерди жеңилүүгө дуушар кылууга аракет кылышууда, экинчи жактан алар террористтер менен соода жүргүзүп жаткан же аларга коркунучтуу куралдарды жеткирип жаткан топтор же жеке адамдарды билгендигине карабай алардан көз жумган экен. Ошентип, Ислам динине каршы амалдарды жасап жаткан мусулман топтор аркылуу гана дүйнө тынчтыгы талкаланбастан, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын башкалардан жогору койгон чоң күчтөр аркылуу дагы талкаланууда».

Аягында ал киши мындай деди: Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу жана коомчулуктун ар бир деңгээлинде тынчтык жакка иш алып баруу ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир Ахмадий мусулман Исламдын көркөм жана тынчтык таалимдерин жайылтууну өзүнүн милдети деп билиши керек. Бүгүнкү күндө дүйнө кыйроонун жээгинде турган экен, ошон үчүн дүйнөнү кыйроодон сактоо үчүн ар бир Ахмадий мусулман аракет кылышы керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via