Ахмадия Мусулман Жамаатынын жихад тууралуу көз карашы кандай?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Гулам Ахмад Жихадды бекер кылганбы?

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп айткан:

Биринчиден, Азирети Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб жихадды бекер кылган деген ой-пикир бүтүндөй жыӊылыштык. Ал киши жихадды бекер кылган деген кепти силер молдокелерден уккансыӊар. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ар кайсы китептеринде жихад деген теманы кеӊири-кесири баяндап, эмнени харам деп билгендигин айтып берди. Ал (алайхиссалаам) молдолор жихадды туура эмес түшүнүп алып, аны Куран жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га таандык кылышат, натыйжада жер жүзүндө Ислам динин жаманатты кылууга себепчи болушту жана бүгүнкү күндө адамдар бул динди жапайылардын дини дешет жана андан жийиркенишет, а чындыгында молдолор жихаддын атынан адамдардын арасында таратып жүргөн таалимди Курани Карим берген эмес деп айтат. Бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жихад тууралуу берген чечмеси, тагыраак айтканда ал (алайхиссалаам) кайсы таалимди жихад деп билбегендигинин чечмеси. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: Курани Каримде жихад кылуунун шарттары баян этилген, эгер ал шарттар жок болсо, анда диндин атынан согушууга уруксат берилбейт. Бул эгер кайсы бир коом дин маселесинде силерге тийшпесе, силерге зулумдук кылбаса, анда аны менен болгон диний пикир келишпестиги үчүн гана согушуу адал эмес дегенди билдирет. Башкача сөздөр менен айтканда, диний пикир келишпестигинин негизинде кимдир бирөөнү кылыч күчү менен мусулман кылуу аракетинде өлтүрүп жиберүү – бул такыр эле Исламдагы жихад түшүнүгү эмес, тескерисинче бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) арам деп атаган жихад тууралуу наадандык таалим болуп саналат.  Ал (алайхиссалаам) Ислам таалим боюнча анын жихад эмес экенин айткан.

Тынчтык диндин атынан түшкөн жаманатты деген так

Демек, жихад тууралуу сөз болгон ар бир жерде кезиккен «арам» сөзүн чечмелеп, эмнеси арам экенин айтып, анын кеӊири-кесири баяндап да берген. Ал киши эгерде бир пуштун бир индусту кармап алса, ошондо молдо ага муну өлтүрүп жибергин, бул иш адал болот жана сага сооп болот деп айтса, ошондо ал байкуш наадандыктын айынан бул жихад деп, аны өлтүрүп жиберсе, бул каяктагы Ислам таалими болот? Исламга келе турган болсок, ал тынчтыктын дини, анын аталышы деле тынчтык жана коопсуздук деп айткан. Ошондуктан, ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан: дин атынан диний пикир келишпестигинин айынан кимдир бирөөнү өлтүрүү – бул арам болот. Ооба, эгерде Курани Карим айтып берген жихад шарттары пайда болуп калса, анда ал кезде жихад парыз болуп кетет. Тагыраак айтканда, эгер кимдир бирөө Алла Таалага ишенгендиги же Анын пайгамбарын кабыл кылгандыгы үчүн гана душман анын динине тийишсе же кылыч күчү менен аны динден чыгуусуна мажбур кылса же ибадат кылуусуна жол койбосо жана зордук-зомбулук менен анын динине аралаша баштаса, анда ал кезде жихад шарттары аткарылып, жихад парыз болуп кетет.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) кылыч менен жихад кылуу кээде эле парыз болот, бирок силер эмнеге Курани Каримде сөз кылынган Жихад-э-Кабийир (эӊ бийик жихад) жакка келбейсиӊер деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир согуштан кайтып келип, мындай деп айткан:رَجَعْنَا مِنَ الْجِھَادِ الْاَصْغَرِ اِلَی الْجِھَادِ الْاَکْبَرِБиз кичүү жихаддан улуу жихадга кайтып келдик. Эми ушул улуу жихад деген эмне? Курани Карим аркылуу өз жан дүйнөсүн тазалоо, реформалап-оӊдоо, дүйнөгө акыйкат кабарын жеткирүү, тагыраак айтканда Ислам динине чакыруу – бул улуу жихад болуп эсептелинет. Кылыч менен жихад кылуу кээде эле парыз болот. Качан ахвал мажбур кылса, ошондо мусулман адамдын кылыч көтөрүүсү Жихад-э-Асгар (кичүү жихад) деп аталат. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) молдолорго силер улуу жихадды коюп, кичүү жихадга чыгуу фатваларын чыгарып жатасыӊар, бирок азыр ал жихаддын шарттары да жок деп айткан. Азирети Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб берген таалим ушул, ага молдокелер асылып алышып, Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб жихадды арам кылган деп айта башташкан. Чындыгында, бул бүтүндөй жалганчылык. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Курани Карим айткан жихадды эч качан арам деп атаган эмес.

Уламалардын айтканы менен кылганынын ортосунда болгон ачык-айкын карама-каршылык

Эми бул уламалардан сураш керек, силер Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб жихадды арам кылган деп, карагыла, ал киши жихадды арам кылып койду деп ага асылып кеттиӊер, бирок силер ошол жихадга ишенесиӊер да, анда эмнеге англичандарга каршы жихад кылган жоксуӊар? Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жасаган билдирүүсүнөн кийин силер англичандарга качан кылыч көтөрдүӊөр? Индияда индустар мусулмандарды өлтүрүп жатышканда, эмнеге алар менен согушкан жоксуӊар? Индия-Пакистан бөлүнгөндө, качып ушул жерге келбешиӊер керек болчу. Силер кылыч менен жихад кылууга ишенчү элеӊер, силер кылыч менен англичандар жана индустар менен согушуӊар керек болчу. Бирок ал убакытта мусулмандардын акы-укуктары үчүн бирөө күрөшкөн болсо, ал бир гана Ахмадий мусулман болчу. Мусулман газеталар ал убакытта ошол аймактагы бардык мусулмандар баш паанек издеп келген жер Кадиян болчу, ал жерде алар тамак-аш менен камсыздалышкан, Амритсар шаарына чейин аталган Жамаат жабыркаган мусулман бир туугандарына кызмат кылып жаткан эле деп моюндоого аргасыз болгон.

Демек, убагы келгенде, бир гана Ахмадий мусулмандар амал майданында көрүнүшөт, бирок ар убакытта согуш болуу керек жана мусулман эместерди кылыч күчү менен динге киргизүү керек дегендер майданда көрүнбөйт. Алар эмнеге өздөрүнүн билдирүүсүн ишке ашырышпады? Ачык-даана көрүнгөндөй, алардын билдирүүлөрү да жалганчылык жана өздөрү да жалганчылар.

Эми өзүӊөр айткылачы, диний пикир келишпестиктин айынан согушуу керек гана «жихад» деп аталса, анда эмнеге алар Индия менен согушпайт? Ал жерде отурган эки жүз миллион мусулман оор жашоодо, эмнеге индустар менен согушушпайт? Эмнеге бул жерде жашаган христиандар жана башка диндердеги адамдар менен согушууну башташпайт? Демек, алардын билдирүүсү башкача жана алардын амалы башкача. Айтканы менен кылганынын ортосунда карама-каршылык бар адам гана жалганчы адам болот.

Ахмадий мусулмандар «Улуу Жихад» ар кандай жагдайда парыз экенин айтышат. Ошентип, алар өздөрүнүн билдирүүсүнө ылайык бүткүл дүйнөдө Исламга даават кылып, Курани Каримди жайылтышууда. Курани Карим аркылуу жихад менен алектенип келген дүйнөнүн бир дагы өлкөсү жок. Демек, биз чынчылбыз. Молдолор куру кептерди жаратып алып, алар аркылуу Ахмадиятты жаманатты кылуу максатында адамдарды тукурушат. Ал эми өздөрү өзү айткандарына амал кылышпайт.

Алардын жихадынын мисалы төмөнкүдөй: бир жолу бир байкуш индус бир пуштундун тузагына илинип калды. Ал байкуш жалгыз болгондугу үчүн пуштун аны кармап алды. Молдолор мына ушундай жагдайда аны зордук-зомбулук менен мусулман кылгын, антпесе өлтүрүп жибергин дешкен эле. Кыскасы, пуштун аны багындырып алып, келиме келтиргин, антпесе мен сени союп салам деп айтты. А дегенде, ал байкуш индус ага жалынып-жалбарып, мени кечиргин, мен кантип күч менен мусулман болушум мүмкүн, тагыраак айтканда, эгер менин жүрөгүмдө Ислам болбосо, анда күч менен кантип мусулман болушум мүмкүн деп айтты. Ал мен эч нерсени билбейм, мен бир гана молдолор каапырды мусулман кылгыла, антпесе өлтүрүп жибергиле деп фатва беришкендигин билем деп айтты. Акыр аягында, индус өз жанын куткаруу үчүн ага мейлиӊиз, кана, мага келимени окутуп, мени мусулман кылгын деп айтты. Ошондо ал пуштун сен бактылуу адамсыӊ, мен да келиме келтирүүнү билбейм, бүгүн мен келиме келтирүүнү билгенимде, сени мусулман кылып алмакмын деди. Булардын сабатсыздык ахвалы мына ошондой. Силер башка диндердеги адамдарга келиме окутпайсыӊар, аларга намаз үйрөтпөйсүӊөр, Ислам дини үйрөткөн адеп-ахлак сабагын бербейсиӊер, ушул Жихад-э-Акбар же Жихад-э-Кабийрди (Улуу Жихад) кылбайсыӊар, тескерисинче кылычты колго алып, адамдарды өлтүрө баштагыла, дин маселесинде пикир келишпестик кылгандарын башын кесип салгыла деген таалимди бересиӊер. Демек, ушул эле туура эмес акыйда-ишенимдин айынан молдолор Ислам динин бүткүл дүйнөдө жаманатты кылууга себепчи болушту.

Мусулман уламалар кетирген коркунучтуу катасы

Кыскасы, ушул сыяктуу таалим бергендер Ислам динине чоӊ зыянды келтиришкен. Англичандар эмнеге Индияда индустарга ишенишкен, ал эми мусулмандарды ташташкан? Себеби, ушул молдолор качан биз бийликке жетишкенибизде, силерди кылыч күчү менен талкалап салабыз дешчү. Англичандар ушундай ниетке ээ болсоӊор, анда бийликке жетишүүӊөргө эч качан жол бербейбиз, ошондо бийликке да ээ болбойсуӊар жана бизди да талкалабайсыӊар дешти. Демек, азыр деле эл аралык саясатта дал ошондой болуп жатат, яхудий жана индиялык саясатчылар мындан өтө жакшы пайда көрүшүүдө. Качан мусулмандар бир аз күч-кубатка ээ болоюн дегенде, алар курал-жарактарды башкалардан сатып алышпайбы, ошондо яхудийлер жана индустар аларга барып, силер аябай келесо экенсиӊер, мусулмандардын дининде диний пикир келишпестик чыккан жерде кылыч күчү менен зордук-зомбулук кылып, багындырып алуу керек деп жазылган, азырынча аларда күч-кубат жок болгондуктан алар аргасыз, бирок алар күч-кубатка ээ болгондон кийин силерди жок кылышат деп алардын кулактарына шыбырашат. Ошондуктан, чет өлкөлүк күчтөр ар убакытта алардан сак болуп турушат жана аларды сак болууга мажбур кыла турган адамдар өз тилдеринен аларга каршы сүйлөөчү мусулман уламалары гана. Бул өтө коркунучтуу жаӊылыштык болуп, чындыгында Ислам дүйнөсү үчүн өзүн өзү өлтүрүү болчу.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мусулмандарды мындан кулактандырып, аларга боорукерлик көрсөтүп, ушул сыяктуу наадандык сөздөрдү сүйлөөдөн кайтарган жана улам-улам ушинтип силер өзүӊөрдүн диний зыяныӊарга да, коомдук зыяныӊарга да себепчи болуудасыӊар. Бирок, өкүнүчтүүсү, мусулмандар азыркыга чейин ушул наадандыкка кабылышкан экен.

Ал эми Ахмадия Мусулман Жамааты даават кылып, логикалык жана кадимки далилдер менен Ислам сүйүү-махабаттын дини, мээримдүүлүктүн дини, эӊ мыкты адеп-ахлак жана кадырлар дини, сабырдуулук жана гармониянын дини, анда диний пикир келишпестигинин айынан кылыч колго алып, бирөөнү өлтүрүүгө уруксат жок деп түшүндүрүшкөндө, карама каршылык жагынан андай болсо, баланча молдо чыгарган фатвасы кайда кетти, баланча фатва кайда кетти, Хумайний күч-кубатка ээ болгондон кийин эмне кылып жатат, баланча күч-кудуретке жеткенден кийин эмне кылып жатканын байкагылачы деген үн угулат. Демек, бул молдолор бардык эмгегибизди текке кетиришет жана ушинтип алар Исламга даават жолуна жолтоо болушат. Ошентип, Ислам душмандары азыр бекем принципти кылып алышкан. Бүткүл дүйнөдө алар гана күчтүү. Алар мусулмандарга күч-кубатка ээ болууга жол бербегиле, натыйжада алар бизге каршы жихад байрагын көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө эч качан ээ болушпасын дешет.

Бул кудум эле бир Санси сүйлөгөн сөздөй. Англичандар жана чет өлкөлүк күчтөр кудум Санси мүшөккө кылган мамилесиндей мамилени кылышууда. Мүшөк тууралуу адамдар аны сабабаш керек, эгер мүшөктү урсаӊар, анын ыйлагы Аршка чейин барат дешет. Бул пенжаб тилиндеги макал-лакап, синдх тилинде ушул сыяктуу макал-лакап барбы же жокпу, билбейм. Гурдаспур районубузда бир Санси бир килограмм майды сатып алды. Кутулбаганда бир токойлук мүшөк келип, анын бүтүн майын ичип кетти. Санси аябай ачууланып кетти. Алар аябай куу кишилер болушат, алар мүшөктөрдү да кармап жеп алышат. Ал мүшөк майга мас болуп, эгин талаасында уктап жаткан эле. Санси аны кармап алып, аны союп, ичектерин сыгып алып, майды чыгарып алды, бирок ал май бир килограммдын ордуна бир кило эки жүз элүү грамм чыкты. Ал аябай сыймыктанып, бул акмак бир килограмм майымды ичкен эле, мен андан бир кило эки жүз элүү грамм майды чыгарып алдым деди. Кимдир бирөө ага эй, келесо, сен чоӊ ката кылдыӊ, мүшөктүн ыйлагы көккө чейин барат, сен өлдүӊ дейбер деп айтты. Ал мен акмак эмесмин, сен акмаксыӊ, мен мүшөктүн ыйлагына жол да койгон жокмун, ыйлаганда гана ыйлагы көккө көтөрүлмөк да? Демек, молдолор тийшкен жана коркутуп койгон ушул адамдар да ошондой мамилени кылышууда. Алар мусулмандардын ыйлагынын чыгуусуна жол да бербейбиз, ошондо күч-кудуретке да жетишпейт жана бизге да кыйынчылыктарды жаратышпайт дешет.

Ислам динине зыян келтирүүнүн чыныгы себепчиси ким?

Демек, булар Ыйык Куран жана Исламга таандык кылган түшүнүк канчалык келесо ыя? Ушинтип, Исламдын дааватына бут тосушууда.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл ааламдарга мээримдүүлүк болгон. Ал булар ал (саллаллааху алайхи ва саллам) абдан жийиркеничтүү жүзүн дүйнөгө сунушташкан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) болсо, өз душмандарын да кечирүүчү инсан болчу. Диний пикир келишпестигинин айынан бирөөгө кол көтөргөн ар бир адамды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) катуу тыйган. Согуштагы туткундарга ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мамилеси өзгөчө мыкты болчу. Тынчтык өкүм сүрөй баштаганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды коё берчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн кулдарын өзү эркиндикке чыгарган. Өлтүрүү максатында өз үйлөрүнөн чыккан адамдарды ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кечирип жиберген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзү – бул!

Бирок бул молдолор ушунчалык мыкаачы болуп чыгышты, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мусулман эместерге ушундай сунушташат жана сүрөттөп беришет: тим эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир колунда кылыч жана экинчи колунда Куран болгон жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындан Ислам дини бул, Куранды кабыл кылгыла, антпесе кылыч келет деген маанини чыгарчу.

Демек, Исламга эӊ коркунучтуу зыян алып келүүгө себепчи бул молдокелер. Алардын келесо түшүнүгүнүн айынан Исламдын дааватына да зыян келди, Ислам саясатына да зыян келди. Дүйнө коркуп кетти жана азыр ал мусулман коомго ишенбейт. Буга себепчи ушул молдолор гана. Бул илдеттин жүзүн ачкан жана күчтүү басым менен бул Исламдын таалими эмес, молдолор сунуштап жатышкан Исламдын жихад түшүнүгү туура эмес деп көрсөткөн Учурлук Имамга алардын бардыгы эмнеге биздин кызыкчылыгыбызга карата сүйлөйсүз деп асылып кетишти. («Ал-Фазл Интернейшнал», 9-том, 9-сан, 2002-жылдын 1-марты, 9-10-бет)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via