Диний терроризм жана террорчулуктун себептери эмнеде?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Диний террорчулуктун себептери жана аны алдын алуу

Диний террорчулук

Диний террорчулуктун себептери жана аны жоготуу үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) берген мыкты сунуштар.

Ислам дининин наадан достору

 Бүгүнкү күндө жер жүзүндө Ислам дини баскынчылыктын жана террордуктун дини катары каралууда. Зулумдук менен бейкүнөө адамдардын канын төгүү, жан кечтилик кол салуулар жана террорчулуктун көпчүлүк окуяларда өзүн мусулман деп жүргөн адамдардын колу бардыгы далилденүүдө. Чындыгында болсо, ушул наадан мусулмандардын бүлүк салуучу аракеттеринин Ислам дини менен эч кандай алакасы жок. Негизинен, «пайгамбарчылык жана халифат доорунан кийин… жихад деген маселени түшүнүүдө… чоӊ-чоӊ жаӊылыштыктарга жол коюп, Алла Тааланын макулугун зулумдук жол менен союуну өздөрүнүн диний милдети деп эсептеген» ээн баш жана бүлүк чыгаруучу аалымсөрөй мусулман уламалар буга жоопкер. Алар өз жүрөктөрүнүн кыйыштыгынын айынан Курани Каримдин кээ бир чечмеге муктаж аяттарын туура эмес чечмелеп, Ислам жихадын бүлүктүн орунбасары кылып жиберишкен жана өздөрүнүн жасалма наадандык акыйдаларын Ислам динине таӊуулашкан.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Ислам ушундай дин: ал өзүнүн жайылуусуна кандайдыр бир кылычка тап-такыр муктаж эмес, тескерсинче анын таалиминин жеке өзгөчөлүктөрү, анын тереӊ акыйкаттары, илим-билимдери, далилдери, аргументтери, ошондой эле Алла Таала көрсөткөн тирүү колдоолору, жышаандары жана анын өзүнө тартуу жеке жөндөмдүүлүгү эле ар дайым анын өсүп-өнүгүүсүнө жана жайылуусуна себепчи болгон… Ислам дининин таасирлери өзүнүн жайылуусуна кандайдыр бир зордук-зомбулукка муктаж эмес… чек-аралардагы Гаазийлер (мужахиддер) келип, жихад деген ой менен бүлүк салышат деп айтуу бүтүндөй бекер-куру кеп, ал чыр-чатакчыларга «Гаазий» деген ат берүү бүтүндөй наадандык жана билимсиздик. Эгерде кайсы бир наадан мусулман алар жихад кылышууда деген ой менен аларга кенедей да боорукер болсо, мен чындыкты айтам: чыр-чатакчыга «Гаазий» деген ат койгон жана Ислам динин жаманатты кылуучуларды мактаган киши Ислам дининин катуу душманы (болуп саналат)… Англия, Франция ж.б. Европа өлкөлөрүндө Ислам дини зордук-зомбулук менен жайылган деген жалаа өтө басымдуулук менен Исламга жабылат… бирок чындыкты айта кетсек, Ислам дининин наадан достору болгон ушул молдолор гана ушул бүлүктү салышкан. Алар өздөрү Исламдын акыйкатын түшүнбөй, өздөрүнүн куру ой-кыялга негизделген акыйдаларынын айынан башкаларга сын-пикир билдирүү мүмкүнчүлүгүн жаратышкан. Ушул келесолор жаратып алышкан акыйдалар христиандарга өтө эле көп жардам берген. Эгерде алар жихаддын атынан алдашпаганда же алданышпаганда, анда кимдир бирөө кандайдыр бир сын-пикир билдирүүнүн учурун (же шылтоосун) тап-такыр тапмак эмес». («Малфузаат» 3-том, 176-177-бет)

R-Terrorism

(Алар өздөрүнүн акыйдасы менен бардык христиандарга көмөк көрсөтүшкөн, натыйжада «өлүккө сыйынуучулар» да баатыр болуп кетишти)

Жихад маселесин туура эмес түшүнгөндүгү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Гаурнамент Ангрезий аур Жихад» аттуу китебинде ж.б. кээ бир китептеринде, ошондой эле өзүнүн «Малфузаатында» тереӊ талкуу жүрүзүп жатып мындай деп айткан:

«Жихад маселесинин философиясын жана анын түпкү акыйыкатын… түшүнбөгөндүгү себептүү ушул доордогу жана орто доордогу адамдар чоң-чоң каталарга жол коюшкан. Биз өтө эле шермендечилик менен ушуларды кабыл алууга аргасызбыз: ушул коркунучтуу жаңылыштыктардын айынан Ислам дининин каршылаштары Алла Тааланын мыйзамдарынын күзгүсү жана Тирүү Кудайдын айбаттуулугун даңгазалоочу Ислам сыяктуу таза жана ыйык динди айыптоо шылтоосун тапкан». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 3-бет)

Чыгыш таануучуларынын жалпы ыкмасы ушундай болгон: алар кээ бир мусулман уламалардын тафсирлеринен жана китептеринен эле айрым үзүндүлөрдү алып бастырышат, анан ошолордун негизинде Ислам динин шылдыӊдашат жана ага көрсөтүлүүчү каршылыкка көмөк көргөзүшөт.

Бүгүнкү күндө Ислам дининин мына ошондой наадан досторунун арасында «Ислам жамаатынын» негиздөөчүсү Мавлавий Абул Алаа Мавдудийдин аты өзгөчө орунду ээлейт. Мавдудий мырза Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ушундай акыйкатсыз жана ыӊгайсыз кептерди таандык кылган: алардын жаңырыгы Батыш жазуучуларынын жана Ислам душмандарынын жазылмаларында даана угулууда. Бир канча жыл мурун 1999-жылы Дэвид Моршалл (David Marshall) аттуу батыштык жазуучунун «Алла, Мухаммад жана Ишенбегендер – Куран окуу» (God, Muhammad and the Unbelievers – A Quranic Study) аттуу китеби «Керзон Пресс» (Curzon Press) тарабынан Аглияда жарык көргөн, анда автор Курани Каримдин ар кандай аяттарын Курани Каримдин Мухкам (бекем) аяттарына каршы өзү каалагандай чечмелеп, Ислам динин кан төгүүчү дин катары сунуштап, мындай деп жазган: «Мусулмандарга каапырлардын Ислам динин кабыл кылгыча же өлгүчө аларга каршы согушууга таалим берилген деп айтсак да болот». Ал киши өзүнүн ушул көз карашын колдоп-кубаттоодо айрыкча Мавлавий Абул Алаа Мавдуддийдин үзүндүлөрүн көчүрүп, төмөнкүлөрдү билдирген: «Тим эле Курани Каримдин кабарын туура түшүнгөн адам Мавлавий Мавдудий мырза гана». (Кеӊири маалыматты алуу үчүн жогоруда сөз кылынган китепке карагыла, айрыкча анын 191-197-беттерине карагыла)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азиртеи Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мусулман деп аталып, Ислам динин кылыч менен таратуу керек деп гана билген адамдар Исламдын жекече баалуулуктарына моюндашпайт жана алардын иш-аракеттери жапайылардын иш-аракетине окшош». («Тарякул-Кулууб», «Руханий хазааин», 15-том, 167-беттеги түшүндүрмө)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:

«Убада кылынган Масийх диндин атынан кылыч (курал) көтөрүү деген ойду жоготуу үчүн дүйнөгө келген…Эми Алла Таала ыпылас адамдар Ислам дининин таза денесине билдирген бардык сын-пикирлерди кетирүүнү каалаган жана буга ой-ниет койгон». («Малфузаат», 3-том, 176-бет)

Бүгүнкү күндө Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын кулчулугунда жана анын өкүлчүлүгүндө ал (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил-азиз) (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) «диндин атынан кылыч (курал) көтөрүү деген ойду» жоготуу өӊдүү улуу салтанаттуу жүрүштүн байрагын өз колдоруна алып, Алла Тааланын колдоосу жана жардамы менен Курани Карим жана хадистердин таалимдери, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аруу сыйратынын (жүрүш-турумунун) негизинде өтө ийгиликтүүлүк менен жер жүзүндө Исламдын тынчтык кабарын жайылтуу деген чыныгы жихад менен алектенип келүүдө. Азиртеи Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил-азиз) (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) өзүнүн халифат доорунун башталышында эле бул жакка өзгөчө көӊүл буруп, өзүнүн кутбаларында жана кайрылууларында мусулмандардын жана мусулман эместердин алдында Исламдын тынчтык таалимин жана жихаддын акыйкатын ачып берген. Жамаат мүчөлөрүн да: «Исламдын тынчтык кабарын дүйнөгө жайылткыла», – деп бул жакка чакырган. Өз Имамыбызды ээрчип, ушул улуу салтанаттуу жүрүшкө жакшылап катышып, Исламдын ички душмандарын ашкерелеп, жерден ар түрдүү зулумдук жана акыйкатсыз кан төгүүчүлүктөр жоголуп, ал адилеттүүлүккө, тынчтыкка жана элдешүүчүлүккө толуп кетсин деп Исламдын тынчтык жана чыныгы таалимдерин өзүбүздө эле ишке ашырбастан, тескерисинче мусулман эместерди дагы Исламдын тынчтык чебине кирүүгө чакырып туруу милдетибиз болуп саналат.

Кандуу жихад жөнүндөгү көз караштын каталыгы

Жогоруда биз кыскача айтып өткөндөй, күндө кээ бир билимсиз жана наадан мусулмандар тарабынан жасала турган диний экстремисттик, зордук-зомбулук жана террорчулуктан турган коркунучтуу окуялардын түпкү себеби – бул кээ бир «молдо деп аталуучу мусулман уламалардын» жихад деген маселеге берген туура эмес түшүнүгү.

Учурлук элчи, Адилеттүү Калыс, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Гаурнамент Ангрезий аур Жихад» жана «Замийма Рисала Жихад» аттуу китебинде ушул маселенин ар кандай жактарына токтолгон. Ал (алайхиссалаам) ал китепте Курани Карим, хадис жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнүн негизинде жихаддын түпкү акыйкатын айтып берүү менен бирге кээ бир мусулмандардын арасында кеңири тараган жихад жөнүндө туура эмес көз карашын да жокко чыгарган. Ошондой эле кандуу жихад деген көз карашка жоопкер адамдарды белгилеп, алардын иштөө ыкмаларын жана алар тарабынан адамзатка туш келген коркунучтарды кеӊ-кесири айтып берген жана диний террорчулукту жоготуп, жарандардын коопсуздугун орнотуу үчүн абдан маанилүү жана салмактуу сунуштарды да сунуштаган, ал сунуштарга амал кылбай туруп диний фашизимди жоготуу мүмкүн эмес.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«… бүгүнкү күндөгү көпчүлүк жапайылар ишке ашырып келе жаткан жихад ыкмасы – бул исламдык жихад эмес, тескерисинче бул Нафс-э-Аммаранын эргүүлөрүнүн же бейишке болгон куру ачкөздүктүн айынан мусулмандардын арасында жайылып кеткен туура эмес аракеттер». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 9-10-бет)

Дагы мындай деп айткан:

«Мусулмандардын арасында кезигүүчү, алар жихад деп атоочу башка диндеги адамдарга чабуул жасоо деген ыкма – бул шарият буюрган жихад эмес, тескерисинче бул бүтүндөй Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна каршы нерсе жана катуу күнөө». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 17-бет)

Дагы мындай деп айткан:

«Чындыгында алардын жүрөктөрүндө бар болгон жихад деген маселе туура эмес, анын эӊ алгачкы кадамы – бул адамзатка болгон боорукерликтин канын төгүү дегендик». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 8-бет)

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Бул кандайдыр бир такыба амалы болушу мүмкүнбү, мисалы, белгисиз бир адам өз пикиринче базардан басып барууда, биз андан ушунчалык бейтаанышпыз, анын ат-жөнүн да билбейбиз, ал да бизди тааныбайт, ошентсе да, биз аны өлтүрүү ниетинде топонча менен ага ок ачтык дейли, бул ыймандуулукпу? Эгерде бул кандайдыр бир такыба амалы болуп саналса, анда жапайылар мына ушундай амалды аткаруу боюнча бизден анча алдылап кетишкен дейиш керек… Эмне, жөн жерден кандайдыр бир кылмыштын фактысы болбой туруп, биз да ал адамды тааныбайбыз, ал да бизди тааныбайт, аны кайдыгер экенин таап, бычак менен аны майда бөлүктөргө бөлүүгө же мылтык менен анын ишин бүтүп салууга Алла Таала буюрганбы? Жөн жерден күнөөсүз, кылмышы жок эле, даават кылбай, Алла Тааланын пенделерин өлтүрө бергиле, аны менен бейишке кирип кетесиӊер деген нерселерди үйрөтүүчү дин Алла Таала тарабынан болушу мүмкүнбү?

Бул өкүнө турган жай жана уяла турган жер: бир адам менен кандайдыр бир душмандыгыбыз да жок, ал турган, аны тааныбыайбыз дагы, ал кайсы бир дүкөндөн өз балдары үчүн бир нерсени сатып алып жатат же өзүнүн кайсы бир адал жумушу менен алектенип турган экен, биз жөн жерден кандайдыр бир жүйөсүз топонча менен ага ок ачып, кокусунан анын жубайын жесир, анын балдарын жетим жана үй-бүлөсүн кайгылуу үй-бүлөгө айландырып жибердик. Бул ыкма жөнүндө кайсы хадисте же кайсы аятта жазылган? Кайсы бир молдо буга жооп бере алабы?

Наадандар жихаддын атын угуп алышкан экен, анан аны шылтоо кылып, өздөрүнүн капсилик каалоолорун аткармакчы болушкан же болбосо, дубана катары эле кан төгүп жатышат. … мен аябай таӊ-айранмын: ушул доордо кимдир бирөө дин атынан мусулмандарды өлтүрбөгөндөн кийин алар адамдар жасабаган кайсы күнөөсүнүн айынан адамдарды өлтүрүшөт?» («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 11-13-бет)

Бүгүнкү күндө мечиттерде, ибадатканаларда, учактарда, поезддерде, автобустарда жана элдик мекемелерде жалпы эл чогулганда пульт менен жардырыла турган бомбалар аркылуу же жан кечтилик жардыруулар аркылуу жасала турган жардыруулар жана кокусунан ачыла турган атышмалар аркылуу өлтүрүлүп жаткан күнөөсүз адамдар дагы жогоруда сөз кылынган террорчулуктун эле коркунучтуу жана титирөөгө салуучу көрүнүштөрү.

Диний фашизмге, террорчулукка жана акыйкатсыз кан төгүүлөргө жоопкер адам – бул молдо

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн эмгегинде диний фашизм, террорчулук жана акыйкатсыз кан төгүүлөр деген жоопкерчиликти негизинен молдолордун моюндарына салган. Алардын бири – Ислам дининин молдолору; экинчиси – Европанын «молдолору». Ислам дининин молдолору жөнүндө сөз кылып, ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Азыркы доордогу молдо деп аталган Ислам аалымдарынын жихад маселеси жөнүндөгү түшүнүгү жана аны элге түшүндүрүү ыкмасы такыр дурус эмес. Бул өздөрүнүн кызуу баяндары аркылуу жапайы сыпат элди бир жырткыч мүнөзгө айландыруудан жана адамзатка таандык баардык таза өзгөчөлүктөрдөн куру калтыруудан башка эч кандай жыйынтыкты бербейт. Чындыгында да, дал ошондой болду.

Мен: «Эмнеге жана эмне себептен Ислам динине өзүнүн баштапкы доорунда согушуу зарылчылыгы туулган?» – деген   сырдан кабарсыз жана өз напсисине кул болгон кишилердин колунан акыйкатсыз жолу менен төгүлгөн баардык кандардын күнөөсү натыйжасы оор мыкаачылыктар-канкорлуктар болгон маселелерди жашыруун жолу менен үйрөткөн молдолордун моюнунда», – деп билем. («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 7-бет)

Алла Тааланын элчисинин калеминен чамасы жүз жыл мурун чыккан ушул сөздөр бүгүнкү күндө дагы канчалык чындык, жаӊы жана акыйкаттан турган экен. Бүгүнкү күндө дагы Нафс-э-Аммаранын айынан пайда болгон кызуу кандуулукка алдырган террорист модолор өз медреселеринде «жашыруун жол менен ушундай маселелерди үйрөтүп турушат» жана «өздөрүнүн толкундуу кайрылуулары менен жапайыга окшош элди жырткыч сыяктуу» кылуу деген макрөө иш менен алектенип турган экен.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:

«Билими жок молдолор, Алла Таала аларга хидаят (ыйман) берсин, айбандар сыяктуу элди аябагандай эле алдашкан жана ушул амалды эле бейиштин ачкычы деп айтышкан, бул нерсе ачык зулумдук, ырайымсыздык жана адамдык адеп-ахлактарга каршы». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 11-бет)

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мына ушул кишилер өздөрүнүн бүтүндөй жаңылыш жана Куран менен хадиске каршы болгон жихад деген ынанычына ушунчалык катып калышкан: муну кабыл албаган жана ага каршы болгон кишиге «дажжаал» деп ат коюшуп, аны өлтүрсө болот деп айтышат. Кыскасы, мен дагы көптөн бери ушул фатванын астындамын». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 7-бет)

Молдолордун мына ошондой баяндары жана фатвалары жалпысынан жарык көрүп, баарына таанымал. Алардын тукуруулары жана жалпы элдин сезимдери менен ойношоп, аларды кан төгүүгө жана адам өлтүрүүгө үндөө – бул кандайдыр бир далилденген нерсе. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарынан тышкары электрондук медиада дагы алардын ведио-тасмалары жана баяндары бар. Ошондуктан, ушул жерде алардын баяндарын көчүрүүнүн кажети деле жок.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мына ошондой эн баш жана фитна-чагымчылык чыгаруучу «уламаларды» чочколор деп («Канзул-Уммаал» деген белгилүү хадис китебине карагыла) алдын ала алардын касиеттерине мындай деп ишаарат кылган: кудум чочко эгин-талааларды талкалап, жалпысынан чөп жечүүчү айбан экендигине карабай, кээде өз балдарын эле өлтүрүп жегендей, яхудийлерге окшогон ушул бактысыз молдолор дагы Ислам багын талкалоочу жана адам экендигине карабай, адамдарга душман болушат. Аларда сабырдуулук, токтоолук жана чыдамкайлык сыяктуу жакшы адеп-ахлактардан көрө наадандык, жахилия жана жаман ахлактар күч алган болот.

Чыккынчылыктын булагы

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) жүз жыл мурун адамзатка душман ушул молдолордун ээн баштыктарынан кулактандырып, мындай деп айткан:

«Шек-күмөнсүз ар бир бийлик үчүн чыккынчылыктын булагы ушулар гана. Карапайым эл алардын карамагында. Алардын жүрөгүнүн рулу булардын колунда, аны каалаган жакка айландырып, бир көз ирмемде тополоӊ чыгарышат». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 18-бет)

Учурлук Имамдын тереӊ илим-билимге негизделген серепчилигинин чынчылдыгы бүгүнкү күндө дагы кудум күндүн жарыгы сыяктуу белгилүү. Шек-күнмөнсүз бардык өкмөттөр үчүн (мейли мусулман өкмөттөр болсун же мусулман эмес өкмөттөр бослун) чыккынчылыктын булагы ушулар гана. Алар сүйлөшкөндө, оозунан от чыгарышат. Алардын жазган сөздөрү кудум жанар тоо сыяктуу. Өздөрүнүн шоолалар сыяктуу баяндары менен бир көз ирмемде жек көрүү шоолаларын жалындатып, коомчулуктун тынчтыгын өртөтүп, күлгө айландырып жиберишет.

Эл аралык террористтер

Учурлук Имам – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) алардын фитна-чагымчылыгынын бүткүл дүйнөгө жайылуу коркунучу бар экенин жүз жыл мурун эле белгилеп койгон болчу. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан эле:

«Алар тим эле бүтүн дүйнө биздин мергенчилигибиз деп ойлошушат. Кудум кайсы бир мергенчи кийиктин инин маалым кылып, жашынып ал жакка барып, акыры учурун таап ок аткандай, көпчүлүк молдолордун ахвалы дал ошондой. Алар адамзатка камкор болуу деген сабактан бир арибин да үйрөнүшкөн эмес, тескерисинче алардын назарында жөндөн жөн бейкапар адамга топонча же мылтык менен ок ачуу Ислам деп эсептелинет». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 12-бет)

 Жалганчылык, эки жүздүүлүк жана мунафыктык – бул молдонун таанышуусу

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Англичандар бийлиги жана жихад» аттуу китепчесинде «кой терисин жамынган карышкырлар» жана адамзаттын душманы болгон молдолорду белгилеп көрсөтүп, аларда кезигүүчү дагы бир жаман адат, тактап айтканда, жалганчылыгы, эки жүздүүлүгү жана мунафыктыгынан сак болууга насаат кылган. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Булар учурлук өкүмдарлар менен жолугушканда, тим эле сажда кылып жиберчүдөй салам беришет. Ал эми өздөрүнүн табакташтырынын жыйындарында отурушканда: «Бул өлкө «Даарул-Хараб» (согуш майданы) деп өжөрлөнүшөт жана ичинен: «Жихад кылуу – парыз», – деп билишет. Мына ошондой ойго ээ болбогон адамдар аз». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 7-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ушул айткандарынын чын экендиги да кандайдыр бир тирүү акыйкат. Мына ушул өлчөм жагынан да ошондой адамдарды таануу азыр өтө эле жеӊил болуп калган. Жеке жана финансылык пайдалары үчүн же колго түшүү коркунучунан улам жана басымдуулуктун натыйжасында мына ошондой уламалар кээде өкүмдөрлөрдүн алдында же эл аралык массалык булактарда адамдарга алардын кандуу жихад, диний фанатизм жана экстремизмге ишенбегендиги даӊгазалай турган баяндарын айтышат, бирок жашыруун түрдө алардын акыйдалары ушул эле.

Мисалы, алардын китептеринде, кайрылууларында, медреселеринде ушул сыяктуу көз караштар эле жазылып, окутулуп-үйрөтүлөт. Ошондуктан, алардын акыйдалары оӊолуп, алардын китептеринде жана медреселеринде Исламдын жихады туурасындагы чыныгы түшүнүк жөнүндө окутулуп-үйрөтүлмөйүнчө алардын элге көрсөтүү үчүн айтылуучу ошол баяндарына тап-такыр ишенүүгө болбойт. Анткени, акыйда менен амал ортосунда тереӊ байланыш бар. Кандайдыр бир бузуку көз караш жана акыйда эч качан такыба амалдарды жарата албайт. Ошондуктан, көз караштарды, акыйдаларды жана жүрөктөрдү реформалап-оӊдомоюнча ааламды реформалап-оӊдоо жана тынчтыкты орнотуу деген үмүт болгону бир куру-жалак ой, андан ашыкча эч нерсе эмес.

Ушул жерде муну да айкындаштыруу керек, биз: «Бардык мусулман уламалар жихад жөнүндө мына ошондой бузуку ойлорго ээ», – деп такыр айтпайбыз. Жок, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) айткандай, «мына ошондой ойго ээ адамдар аз». Өкүнүчтүүсү, уламалардын көбү мына ошондой бузуку ойлорго ишенишет же андан таасирленген экен. Алардын арасындагы кандуу жихаддык көз карашка ишенбегендердин арасында дагы эр жүрөктүк менен ушул жихадчыл молдолордун пикирине кошулбай, туура Исламий жихаддык көз карашын жайылта тургандар өтө эле аз.

Бийликтин (өкмөттүн) көмүскө душмандары

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) кандуу жихаддык көз карашка ээ молдолорду «өкмөттүн көмүскө душмандары» жана «Алла Таалага да кылмышкер жана баш ийбес» деп атаган. («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 20-бет)

Бирок, өкүнүчтүүсү, бийлик жүргүзүүчүлөр ушул доордогу Хакаму Адал (алайхиссалаам)дын сөздөрүнө кулак салышпады жана ушул «көмүскө душмандарды» өз убагында таанышкан эмес, натыйжада ушул душмандар ичинен күчө беришкен. Анын үстүндө дагы бир зулумдук: кээ бир өлкөлөрдө бийлик ээлери «чыккынчылыктын булагы» болгон ушул адамдар менен тереӊ достуктарды түзүп, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына  жана өзгөчө саясий максаттарына пайдалануудан да аябаган эмес.

Алар ушул молдолордун ээнбаштыктарында жана фитна-чагымчылыктарында аларга колдоо көрсөтүп, аларды чоӊгойтушкан жана алардын жапайычылык сапатын дагы өнүктүрүшкөн. Анан ушул жапайылар бийликтин жетекчилиги астында бейкүнөөлөрдүн канын төгүшкөн жана мамлекетте ачык бүлүк салышкан. Эми оозуна кан тийип, ыӊгайлуу учурду таап, өздөрүнүн ээлерине жана колдоочуларына эле чабуул жасаган соӊ алардын көздөрү ачылган жана алар аны кандуу жапайы айбан жана адамдар үчүн баарынан чоӊ коркунуч деп, аны тизгиндөө же жок кылуу каминде.

Кылмыштык кан төгүүлөргө Европа молдолору, тактап айтканда поптор да жоопкер

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Англичандар бийлиги жана жихад» жана «Жихад китепчесине тиркеме» китепчесинде жихад жөнүндөгү туура эмес көз караш жана анын натыйжасындагы зулумдуктан турган кан төгүүлөр жана террореизм окуяларын талкуулап жатып, ушул жагдайдын жоопкерчилигин сабатсыз молдолор менен бирге Европанын молдолору, тактап айтканда, попторго да жүктөгөн. Ал (алайхиссалаам) жүргүзгөн талкуусу жүз жыл мурда акыйкатка негизделген сыяктуу бүгүнкү күндөгү кырдаалга дагы жүз пайыз шайкеш келүүдө.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Бир жактан сабатсыз молдолор жихаддын түпкү акыйкатын жашырып, элге талап-тонуу жана адам өлтүрүү иш-пландарын үйрөтүп, ага «жихад» деген наам беришкендей эле экинчи жактан поптор дагы дал ошондой кылыктарды көрсөтүшкөн жана «Ислам дини кылыч аркылуу жайылган, кылыч көтөрүү эле жихад деп аталат» деген маани-мазмундан турган миӊдеген китепчелер жана кулактандырууларды урду, пуштун ж.б. тилдерге бастырып, Индия, Пенжаб ж.б. чектеш өлкөлөрдө жайылтышкан. Анын натыйжасында эл жихад жөнүндөгү эки күбөлүктү таап, тактап айтканда, бири молдолор күбөлүгүн, экинчиси поптор күбөлүгүн таап, өздөрүнүн жапайычылык кызуу кандуулугун өстүрүшкөн». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 10-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) диний пикир келишпестигинин негизинде жихад жөнүндөгү туура эмес көз караштын айынан төгүлүүчү мыйзамсыз кандардын себептеринен сөз кылып, буга жоопкер адамдарды аныктап, дагы мындай деп айтат:

«… Менин назарымда чектеш аймактарда жашаган оогандарда ушул жапайычылык адаттын кезигүүсү бул турган акыйкат жана чындык. Бир күн калтырылып, бир күнү кайсы бир бейкүнөөнүн каны төгүлөт. Мен айтып бергендей, мунун эки себеби бар:

  1. Башка диндердеги адамдарды, айрыкча христиандарды өлтүрүү улуу сооп иши жана андан намаз аркылуу дагы, ажылык аркылуу дагы, зекет аркылуу дагы, кандайдыр бир башка жакшылык аркылуу дагы табыла албай турган бейиш белектери табылат деген нерсе акыйдаларына кирген молдолор. Алар жашыруун түрдө жалпы элдин кулактарына ошондой кайрылууларды жеткирип турарын мен жакшы билем. Акыры, күнү-түнү мына ошондой кайрылууларды угуп, айбандардан көп деле айырмаланбаган мына ошондой адамдардын жүрөктөрүнө өтө тереӊ таасир болуп, алар жапайылар болуп кетишет жана аларда кенедей да ырайымдуулук калбай калат. Алар адам денесин титирете турган даражадагы ырайымсыздык менен кан төгүшөт. Чектеш жана оогандар жашаган өлкөлөрдө ушул сыяктуу кайрылууларды жасоочу ошондой молдолор толуп жатса да, бирок менин назарымда Пенжаб жана Индия дагы ошондой молдолордон бош эмес. Эгерде улуу бийлигибиз ушул өлкөдөгү бардык молдолор мына ушундай ойлордон таза жана оолак деп ишенип алган болсо, анда ушул ишенимдүүлүк жөнүндө албетте дагы бир жолу ойлонуу керек. Менин назарымда мечиттерде отурган сабатсыз жана кызуу кандуулукка алдыруучу молдолордун көбү ушул ыплас ойлордон оолак эмес…
  2. Газий (мужахид) болуу шылтоосу менен ошол кылмыштуулук кан төгүүлөргө экинчи себепкер менин назарымда аша чаап: «Ислам дининде жихад парыз жана башка коомдорду өлтүрүү мусулмандардын дининде өтө сооп иши», – деп басым жасай турган поптор дагы. Менин пикиримче чектеш өлкөлөрдө жашаган адамдар Жихад маселеси жөнүндө тап-такыр билишпейт эле. Муну поптор (аларга) эскертишкен.

Менде ошол пикиримди колдой турган төмөндөгүдөй далил бар: поптор тарабынан мына ошондой газеталар, китепчелер жана китептер чектеш өлкөлөрдө жарык көрбөгөн убакытта мына ошондой кылыктарды көп деле укпайт элек же тап-такыр жок болчу деп айтсак да болот… Анан качан 1849-жылы Фандал аттуу поп «Мезанул-Хак» аттуу китебин жазып, Индия, Пенжаб жана чектеш өлкөлөрдө бастырып, Ислам динине жана Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)га акаарат келтирүүчү сөздөрдү гана колдонбостон, миллиондогон адамдардын арасында: «Ислам дининде башка диндердеги адамдарды өлтүрүү адал гана болбой, өтө эле көп сооп иши» деген нерсени кеӊири таратканда, мына ушуларды угуп, өздөрүнүн динин да такыр билбген ошол чектеш өлкөлөрдөгү айбандар ойгонуп кетишти жана: «Чынында, динибизде башка диндердеги адамдарды өлтүрүү өтө сооп иши», – деп ишенип калышты.

Мен кылдат ой жүгүртүп көрдүм, чектеш аймактардагы адамдарда пайда болгон кылмыш иштеринин жана кызуу кандуулукка негизделген кастыктын себеби – бул поптор жазган китептерде колдонулган кастык сөздөр жана адамдарга аша чаап улам-улам жихад жөнүндө айтып бергендиги… Имадуддин Амратсарий аттуу поп жана бир топ тили өткүр башка поптордун өткүр жана ыплас жазуулары өлкөнүн ички сүйүүсү жана ынтымагына чоӊ залал келтирген. Кудум ошондой поптордун китептери, ушул жерде алардан сөз кылуунун кажети жок, жүрөктөрдө кастык үрөнүн себүүдөн аяган эмес». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 19-21-бет)

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Биз мусулман молдолор жөнүндө өкүнүч менен төмөндөгүдөй нерсени моюнга алууга аргасызбыз: алар туура эмес жихад маселесин ээрчип, чектеш аймактарда жайгашкан коомдорго: «Жакшылык кылуучу бийликтин ардактуу кызматкерлеринин каны менен кылычтарыӊарды боёгула», – деген сабак беришкен… бирок ошону менен бирге Европанын молдолоруна, тактап айтканда, попторуна да өкүнөбүз, алар жөндөн-жөн өткүр жана акыйкатка коошпогон жазуулары менен наадан адамдарды толкундатышкан. Миӊдеген ирет жихад жөнүндө сын-пикирлерди сунуштап, жапайы мусулмандардын жүрөктөрүндө: «Силердин диниӊерде жихад деген жол менен бейиш бат эле табылат», – деген нерсени салышкан…». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 20-бет) («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 22-бет)

«… эгерде биз ошол булүк чыгаруучу элди тукурууга негизги түрткү мусулман молдолор экенин дейли, ошентсе да биздин адилеттүүлүгүбүз бизди төмөндөгүдөй моюндоого аргасыз кылат: ушул бүлүк чыгарууда поптордун күндө мусулмандар арызанып жүргөн жазууларынын да кайсы бир даражада тиешеси бар. Өкүнүчтүүсү, кээ бир наадандар кайсы бир кылыкты көрсөтүп, четтеп кетишет, а бийлик болсо … кыйынчылыктарга кабылып кетет». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 22-бет)

Кыскасы, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мусулман молдолор менен бирге попторду дагы кан төгүү жана террорчулук окуяларына тукуруу, ошондой эле элдин тынчтыгын бузууга жоопкер деп айтат. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Ушул доордогу мусулмандарга да өкүнүч болсун, алар шарияттагы адамдарга боорукер болуу, аларды сүйүү жана аларга кызмат кылуу деген экинчи бөлүгүнөн куру-жалак калышкан жана Тавхийдге (Алланын Жалгыздыгы) ишенгендигин билдирип да, шерменде кылуучу жапайы адеп-ахлактарга кабылып кетишкен… бирок өкүнүчтүүсү, алардын жапайычылык сезимдерин козгой турган кээ бир түрткүлөр аларга туш келет. Ал (түрткүлор) уу сыяктуу таасирге ээ кээ бир кем акыл поптордун жазуулары… ал (жазуулар) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата катуу урматсыздык жана аны жокко чыгарууга жык толо. Ал ушундай китептер: мусулмандардын арасында аны окуган адам эгерде мыкты даражадагы сабырдуулук жана кичипейилдикке ээ болбосо, анда ыктыярсыз түрдө толкунданып кетет. Анткени, ал китептерде илимий баяндан көрө катуу оройлоук бар, жалпы мусулмандар ага чыдай албай калат…

Бүгүнкү күндөрдө дагы ар күнү поптор тарабынан мына ошондой жазуулар басылып турат, ачуулуу жана табияты өткүр мусулман ага чыдай албайт. Бул абдан коркунучтуу ишмердүүлүк, бир жактан поп мырзалар мусулмандарга: «Курани Каримде аларга ар дайым жана ар бир доордо жихадга буюрулган», – деп жалган доомат коюшат, тим эле аларга жихад деген кааданы эскертип турушкандай. Андан кийин өткүр жазууларды жазып, аларды тукуруп турушат. Алар кандай түз адамдар экенин ким билет, себеби мына ушул эки ыкманы кошкондо, абдан коркунучтуу натыйжалар чыгуу ыктымалы бар экенин да ойлошпойт… Кыскасы, ушул жерде молдолорго кандай арызданалы, биз поп мырзаларга арызданып отурабыз, анткени алар чынында акыйкат болгон жолду тандашкан эмес». («Замийма Рисала Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 30-33-бет)

Асмандык нур менен нурданган, Алла Таала тарабынан тартууланган акыл-парасатка толгон, жетик адилеттүүлүк жана ынсаптан турган Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ушул жыйынтыктары бүгүнкү күндөгү ахвалдарга да бүтүндөй шайкеш келүүдө. Бүгүнкү күндөрдө да болуп жаткан диний фашизм, экстремизм жана терроризм окуяларына ушул эле эки тайпа түрткү болууда. Окурмандар былтыр Рим папасы да Ислам дини, Исламдын Нгиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Курани Карим жөнүндө кудум ошондой орой, одоно, акыйкатка жат болгон жана болгон окуяларга коошпогон сөздөрдү сүйлөп, Батышта гана эмес, бүткүл дүйнөдө Ислам жана мусулмандарга каршы жек көрүү отуна дагы дем бергенин билишет. Азыркы учурда радио, телевидения, китептер, газета-журналдар, интернет ж.б. байланыш каражаттары аркылуу дүйнөдөгү ар кайсы тилдерде ар күнү поптор жана алардын үндөштөрү тарабынан Ислам динине каршы: «Наъуузубиллах! (Кудай кечирсин) Ислам абдан мыкаачы дин жана зордук-зомбулук, кан төгүү, кыйроо жана терроризм таалимин берет», – деген бүтүндөй жалган пропаганда күчтүү басым менен таратылат.

Кудум ошондой Ислам дини, бүтүн ааламдарга мээримдүүлүк болуп келген Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Курани Каримге каршы жалган жалааларды жаап, абдан жаман, оройлук жана одоно тилде акыйкатка коошпогон сын-пикирлер айтылып, мусулмандардын сезимдерине тийишишет. Европа молдолору, поптору жана алардын шериктери тарабынан же алардын башчылыгы жана колдоосу менен жазуучулар, актёлор жана кино продюссерлери тарабынан же Ислам дининен чыккан бузуку жашоо жашаган атынан эле даанышман деп аталуучу окумуштуулар жана авторлор тарабынан кээде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Исламдагы ыйыктарды шылдыңдоочу карикатуралар жасап, кээде Ислам динин жаманатты кылуучу уятсыз кинолорду жаратып, акылсыз, кызуу кандуулукка алдыруучу молдолор жана даанышмандыкка толгон талашып-тартышуудан куру-жалак табияты өткүр мусулмандарды тукуруу кылыктары көрсөтүлүп турат.

Ушул жерде алардын ат-жөнүн тилге алуунун же ага тереӊ киришүүнүн кажети жок. Ар бир даанышман жакшы билгендей, качан гана Батыштагы поптор жана алар «багышкан» авторлор тарабынан мына ошондой жек көрүүгө ылайык аракеттер жасалса, анын натыйжасы коркунучтуу болот. Алардын мына ошол амалдары жана ага көрсөтүлүүчү реакциянын натыйжасында эмне деген коркунучтуу окуялар жүз берет жана кандай коомчулуктун тынчтыгы талкаланып, бейкүнөөлөрдүн каны төгүлөт. Буга кудум наадан жана сабатсыз мусулмандар жоопкер болгондой эле өздөрүнүн уулуу жазуулары менен ушул отту жалындата турган поптор жана Батыш жазуучулары да ошол зулумдукка теӊ шерик болуп саналышат.

Кыскасы, ушул доордун Адилеттүү Калысы, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айткандай, бүгүнкү күндө мусулмандар татабынан жасалып жаткан террорчулук жана кыргынга жоопкер ушул эле тайпа. Эгерде Батыш дүйнөсү да, Чыгыш дүйнөсү да чыныгы тынчтыкты кааласа, анда мусулман уламалары жана жалпы эл да, ошондой эле Батыш өкмөттөрү, поптор жана алардын уламалары жана жарандары да Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын тереӊ илим-билимге толгон ушул талдоосунун негизинде өздөрүнүн ойлорун оӊдоп, өздөрүнүн мамилелерин өзгөртүүлөрү керек.

Ооганстан жана ага чектеш аймактарда пайда болгон жихад лагерлеринин диний радикализм жана терроризмди жайылтууга ойногон ролу

Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнө каршы болгон, Нафс-э- Аммаранын кызуу кандуулугуна алдыруучу чаласабат молдолор өздөрү жаратып алган, Ислам динине жана адатзатка бүтүндөй жат болгон кандуу жихад көз карашы Ислам динине, Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)  жана Курани Каримге зордук-зомбулук, террорчулук жана басмачылык айыбын тагууга, ошондой эле мусулмандарды рухий, денелик, ахлактык, руханий, экономикалык, финансылык, социялдык, илимий жана практыкалык, кыскасы ар жактан кордук жарына кулатууга ойногон макрөө ролду сөздөр менен айтып берүү кыйын. Бүгүнкү күндө жер жүзүндө болгон бир топ жанкечти чабуулдар жана террордук окуяларда катышы бар атынан эле мусулман деп аталуучулардын көпчүлүгү жөнүндө мындай деп айтылат: алардын Ооганстан же ага чектеш аймактарда түзүлгөн жихад логерлери менен алакасы бар болчу. Пакистан өкмөтүнүн өзү да мындай деп моюндайт: Пакистандын түндүк чектеш аймактарында жана Ооганстанда жанкечти чабуулчулардын тарбиялык жихад логерлери түзүлгөн, ал жерден тарбия алгандан кийин алар ар кайсы жайларда террордук амалдарды жасашат. Ушул аймак жихад атынан террорчулукту жайылтуучулардын бакчасы экенин айтса да болот.

Кызыгы, жүз жылдан көбүрөөк убакыт мурун Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын доорунда дагы жердин ушул жле аймагы мыкаачылык жана ырайымсыздык иштердин борбору болгон жана диний келишпестиктин айынан бейкүнөөлөрдүн канын төккөндөрдүн көбү ушул эле аймактардан болгон.

Кабул Амирине өтө маанилүү сунуштар

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ал доордо жихад маселеси жөнүндө Кабул Амирине уламалар жана жарандарга алардын жаӊылыштыктарынан кулактандырып, керектүү реформалап-оӊдоо чараларын көрүүгө өзүнүн «Англичандар бийлиги жана жихад» деген китебинде чакырган. Ал (алайхиссалаам)  мындай деп айтат:

«… Ислам дини мусулмандар жолтосорлор жана каракчылар сыяктуу болуп, жихадды шылтоо кылып алып, өздөрүнүн жеӊил каалоолорун орундатуу таалимин бербейт. Ислам дини боюнча падышанын буйругусуз жихад кылуу такыр дурус эмес, муну жалпы калайык-калк дагы билет, ошондуктан акыйкаттан бейкапар бирөөлөр өз ичинен: «Ушулардын баары Амирдин ишаараты менен болот», – деген жалааны Амирге коюулары мүмкүн. Ошон үчүн колдон келишинче ушул туура эмес фатваны токтотуу үчүн жан талашып аракеттенүү Амирдин өтө маанилүү милдети болуп саналат. Ушинтип, күндүн жарыгындай Амир да акталат жана сооп да болот. Анткени, адам акы-укуктарына көӊүл буруп, зулумдук көргөндөрдүн моюндарын заалимдердин кылычтарынан куткаруудан чоӊураак эч бир жакшылык жок.

Мына ошондой амалдарды жасагандар жана газий (мужахид) болуу ниетинде кылыч көтөргөндөрдүн көбү оогандар, алардын көпчүлүк бөлүгү Амирдин өлкөсүнөн болот, ошон үчүн Амирге Алла Таала бул ыӊгайлуу учурду тартуулаган. Тактап айтканда, ал өз амирлигинин эстелик жетишкендиктеринин арасында ушул бийик реформалап-оӊдоону да эстелик катары калтырып, колдон келишинче ооган коомунан Ислам динин жаманатты кылуучу ушул жапайычылык адаттарды алыстатып койсун». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 18-19-бет)

Эми карагыла, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ушул айткандары бүгүнкү күндөгү жагдайга да кандай ачык-айкын чак келүүдө.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул жаатта ал кезде сунуштаган сунуш ал доордо канчалык маанилүү, пайдалуу жана ишке ашырууга ылайык болсо, бүгүнкү күндө да Ооганстан үчүн гана эмес, дүйнөдөгү бардык мусулмандар үчүн да ошончолук маанилүү, пайдалуу жана ишке ашырууга ылайык. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«… Азыркы учурда мусулмандарда кезигүүчү «башка диндеги адамдарга кол салуу» деген ыкма, аны алар жихад деп аташат, шарият жагынан жихад эмес, тескерисинче Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ачык каршы жана катуу күнөө. Бирок кээ бир мусулман коомдор ушул ыкмага амал кылып, катуу адаттанып калгандыгы себептүү алар үчүн ушул адатты жеӊил гана таштоо мүмкүн эмес. Ал гана эмес, мына ошондой насаат кылган адамга катуу душман болуп, газийлер (мужахиддер) сыяктуу кызуу кандуулукка алдырып, аны өлтүрүп коюлары да мүмкүн.

Ооба, менин жүрөгүмө төмөндөгүдөй ыкма түштү: эгерде Кабул Амири … атактуу уламаларды топтоп, ушул жихад деген маселени талкууга коюп, анан уламалар аркылуу элди алардын жаӊылыштыктарынан кулактандырышсын. Ал гана эмес, ушул өлкөдөгү уламаларга пуштун тилинде бир канча китепчелерди жаздырып, басмадан чыгарып, жалпысына жайылтсын. Мына ошондой ишмердүүлүктүн адамдарга жакшы таасири болот жана чаласабат молдолор жалпы элдин арасында жайылткан ошол кызуу кандуулукка алдыруу акырындап азайып кетет деп ишенем». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 17-18-бет)

Асмандык нур жана Курандагы хидаяттарга толгон ушул сунуш өтө эле даанышмандуу, ошондой эле чыныгы жана түбүлөүк реформа-оӊолууга себепчи болуучу.

Кандуу жихад деген көз карашынын натыйжасында пайда боло турган фитна-чагымчылык жана кан төгүүлөрдү күч колдонуу менен гана жоготуу мүмкүн эмес

Кандуу жихад жөнүндөгү көз карашка ээ молдолордун фитна-чагымчылыктарын жана кан төгүүлөрүн күч колдонуу менен гана токтотуу мүмкүн деген ой такыр дурус эмес. Туура, кээде заалимдер, чагымчылар жана кылмышкерлерге

R-Terrorism2

ва жа-заа-у саййи-атин саййи-атум-мис-лу-хаа (42:41) жана

R-Terrorism3

фаъ-та-дуу алайхи би-мис-ли маъ-тадаа алай-кум (2:195)

деген аяттарга ылайык алардын күнөөлөрү үчүн жаза берүү да зарыл болот. Бирок, ар дайым зордукка каршы зордук кылуу жана мыкаачылыкка каршы мыкаачылык кылуу деген саясат менен эч качан коомчулукта чыныгы тынчтык орношо албайт.

Андан тышкары туура эмес жана жалган көз караштар менен ишенимдерге негизделген амалдарды реформалап-оӊдой турган болсок, анда ошол жалган ишенимдер жана көз караштарды реформалап-оӊдобой, такыр мүмкүн эмес. Күч колдонуу менен фитна-чагымчылыкты убактылуу басмырлоо мүмкүн, бирок аны менен түбөлүк тынчтык орношо албайт. Кылыч менен убактылуу жеӊиштерге жетишсе болот, бирок жүрөктөрдү багынтуу мүмкүн эмес. Күч менен баштарды багындырса болот, бирок жүрөктөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Курани Карим көз караштар менен ишенимдерди жайылтуу жана реформалап-оӊдоо үчүн ар түрдүү зордук-зомбулукту жокко чыгарып, төмөндөгүдөй бийик салтанаттуу таалим берген.

R-Terrorism4

лаа ик-раа-ха фид-дий-ни катта-баййа-нар-руш-ду ми-нал-гаййи. (2:257)

Мааниси: динде эч кандай зордук-зомбулук жок. Албетте, хидаят жана адашуу ачык-айкындашып калган. (2:257)

Башка жерде мындай деп айтат:

R-Terrorism5

ли-йах-лика ман хала-ка ан баййи-на-тин ва ях-яа ман хаййа ан баййи-нах. (8:43)

(Ачык-айкын далил менен жок болмокчу киши жок болсун жана ачык-айкын далил менен тирүү калмакчы киши тирүү калсын үчүн) (8:43). Далил менен тирүү болгон бирөө гана тирүү жана кимди «баййина» (далил) колдобосо, ал жок болот дейбергиле.

Демек, эгерде туура эмес жана жалган көз караштардын жана ишенимдердин тамыры күчтүү далилдер жана аргументтер менен кесилип жиберилсе, жана алардын ордуна чыныгы жана акыйкаттан турган көз караштар жана ишенимдер жүрөктөргө киргизилсе, анда анын натыйжасында коомчулукта кандайдыр бир чоӊ реформа-оӊолуу жүз берет жана анын таасири да узакка созулат. Ошондуктан, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)

R-Terrorism6

ва жаа-дил-хум билла-тий хия ах-сан. (16:126)

(Алар менен эң жакшы далил аркылуу сүйлөшкүн) (16:126) деген Куран буйругунун негизинде ушул мыкты сунушту ортого салган: «Атактуу уламаларды топтоп, ушул жихад деген маселени талкууга коюп, анан уламалар аркылуу элди алардын жаӊылыштыктарынан кулактандырышсын».

Чын жүрөктөн катуу берилип, эл аралык деӊгээлде жан талашып аракеттенүү керек

Сөзү өтө турган жергиликтүү адамдар жана атактуу уламаларды ушул талкууга катыштыруу, анан алар аркылуу жарандарды алардын каталарынан кулактандыруунун өтө эле маанилүү экенин себеби, ушул уламалар эле калайык-калкка туура эмес маселелерди үйрөтүп, алардын динге болгон сүйүү сезимдерин туура эмес жакка буруп, кан төгүү (кыргынчылык) жана фитна-чагымчылыкка тукурушат. Ошондуктан, аларды чогуу алып жүрүү керек.

Андан тышкары Исламдагы жихаддын акыйкаты деген темадан турган китепчелерди жергиликтүү тилдерге жаздырып, жалпысынан бастыруу керек жана аны адамдардын жүрөктөрүнө бекем салуу да өтө маанилүү жана зарыл. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарынан тышкары радио, телевидения, интернет ж.б. көптөгөн каражаттар да бар, аларды пайдаланып, бир үзгүлтүксүз жүрүш аркылуу жихад жөнүндөгү туура эмес көз карашты жок кылуу үчүн «жан талашып аракеттенүү» керек.

Дагы тек Ооганстан жана ага чектеш аймактагы уламалар жана элди гана эмес, тескерисинче башка өлкөлөр жана аймактагы уламалар жана жарандарды да ушул жүрүшкө катыштыруу керек жана кандуу жихад жөнүндөгү көз карашты жокко чыгарып, Ислам жихадынын акыйкатын айкындаштыруу керек. Качан ар жактан бардыгына бир эле кабар берилгенде, Алла Тааланын берешендиги менен анын жакшы натыйжалары чыгат. Мисалы, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ал доордо ушул маанилүү жакка адамдардын көӊүлүн бургузуп жатып, төмөндөгүдөй сунушту да берген болчу:

«Эгерде Пенжаб жана Индиядагы уламалар чынында жихад маселесине каршы болушса, анда бул жөнүндө китепчелерди жазып, пуштун тилине котортуп, чектеш аймактарда жашаган коомдордун арасында жайылтсын. Албетте, анын таасири чоӊ болот. Бирок ушулардын баары үчүн шарт: эки жүздүүлүк менен эмес, чын жүрөктөн толук берилүү менен ушул ишмердүүлүк аткарылсын». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 22-бет)

Жогоруда сөз кылынгандай, бүгүнкү күндө жихад жөнүндө туура эмес көз караштын кандуу натыйжалары бүткүл ааламда жайылып кеткен жана ар бир өлкөдө радикал, экстремист молдолор чыгарган фитна-чагымчылыктардын натыйжасында кан төгүлүп турат. Ошондуктан, ар бир өлкөдөгү атактуу мусулман уламаларды ушул талкууга катыштырып, аларга Ислам жихады жөнүндө туура көз карашты Куран жана хадистеги күчтүү далилдер менен айкындаштырып, аларга ошондой китепчелерди жаздырып, ар кайсы тилдерге котортуп жайылтуу мезгилдин өтө маанилүү талабы. Бирок, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айткандай, «ушулардын баары үчүн шарт: эки жүздүүлүк менен эмес, чын жүрөктөн толук берилүү менен ушул ишмердүүлүк аткарылсын».

Ушул жерде муну да айтып коюу максатка ылайык, Куран жана хадистин негизинде жихад маселесинин түпкү акыйкатын билүү үчүн жана бул жаатта күчтүү далилдер менен таанышуу үчүн Учурлук Имам, Адилеттүү Калыс, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жазгандарынан, айткандарынан жана ал (алайхиссалаам)дын ыйык халифаларынын айткандарынан багыт алынуу керек. Анткени, булар Алла Таала ушул доордо динди тирилтүү жана шариятты тургузуу үчүн дайындаган Алла Тааланын пенделери. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) деген ыйык инсан жөнүндө эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп кабар берген: ал аркылуу жер адилеттүүлүк, чындык, тынчтык жана ынсапка толтурулуп жиберилет. Ошон үчүн чыныгы тынчтыкка жетишүү үчүн ал (алайхиссалаам) тартуулаган далилдер деген куралды колго алып, ушул жүрүштү соӊуна чыгаруу зарыл, анткени Алла Таала тарабынан ийгиликтүүлүк деген убадасы Алла Тааланын ошол эле балбанына өзгөчөлөнгөн.

Жихад жөнүндө туура эмес көз карашты сөзсүз жана дароо реформалап-оӊдоого көӊүл бурбоонун натыйжасында туш келе турган чоң коркунучтар

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жихад жөнүндө туура эмес көз карашты сөзсүз жана дароо реформалап-оӊдоого көӊүл бурбоонун натыйжасында алдын ала белгилеп көрсөткөн коркунучтар бүгүнкү күндө кандайдыр бир тирүү акыйкат түрүндө көздөрүбүздүн алдында турат. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Кабул Амирине карата мындай деген эле:

«… эгерде ардактуу Амир ушул зарыл реформа-оӊолууга көӊүл бурбаса, анда бул албетте Амирдин жарандарынын чоӊ бактысыздыгы болот. Анын соӊку натыйжасы молдолордун мына ошондой фатваларына унчукпай отура берген өкмөттүн өзүнө азап-тозоктор түрүндө болот. Анткени, ушул молдолор жана уламалардын төмөндөгүдөй адаты бар: арзыбаган диний келишпестиктин айынан бир адам же бир агымды каапыр деп айтышат, анан каапырларга каршы чыгарган жихад ж.б. фатваларын эле аларга каршы да жарыялашат. Демек, мына ошондой жагдайда урматтуу Амир дагы ошол фатвалардан сактана албайт. Кайсы бир убакытта арзыбаган нерсеге таарынып, ал молдолор урматтуу Амирди дагы Ислам алкагынан чыгарып, анан каапырларга каршы жазган жихад фатваларын эле ага каршы да жазуулары мүмкүн.

Демек, кимдир бирөөнү момун же каапыр кылуу, анан ага каршы жихад фатвасын чыгаруу өнөрү колунда бар адамдар шек-күмөнсүз кандайдыр бир коркунчутуу коом, алардан урматуу Амир да кабатырланбай отурбоосу керек. Шек-күмөнсүз ар бир өкмөт үчүн чыккынчылыктын башаты ушулар гана. Карапайым эл алардын тузагында жана алардын жүрөктөрүнүн рулу ошолордун колунда, алар каалаган жакка буруулары мүмкүн. Бир көз ирмемде эле кыямат кайым кылуулары мүмкүн. Демек, (карапайым) элди алардын тузагынан куткаруу жана алардын өздөрүнө да жумшактык менен жихад деген маселенин түпкү акыйкатын түшүндүрүп коюу кандайдыр бир күнөө иши эмес». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 17-18-бет)

Асмандык такыба жана акыл-парасат нуру менен жасалгаланган Адилеттүү Калыс – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ушул талдоосу кандай чындык, кандай ачык-айкын жана ал (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын кандай күчтүү далили. Биз мурда да байкаганбыз, азыркы күндөрдө да байкап жатабыз: ким гана молдолордун ушул кандуу жихад жөнүндөгү көз карашына макул болбосун), алар ага да өздөрүнүн каарын жаадырып, ага каршы ачык жихадды жарыялашкан.

Бир эскертүү. Бир дуба

Жүз жылдан кебүрөөк мөөнөт мурда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жихад деген маселе боюнча мусулмандарды Ислам динин жаманатты кылуучу мына ушул жапайычылык адаттардан куткаруу максатында өкүмдарларды жан талашып, колдон келишинче катуу аракеттенүүгө басым жасап, төмөндөгүдөй кулактандырган эле: эгерде ушундай кылсаӊар, анда жакшы, «антпесе, азыр Убада кылынган Масийхтин доору келди. Эми Алла Таала баары бир асмандан ушундай чараларды көрөт: кудум жер зулумдук жана мыйзамсыз кан төгүүлөргө толгондой эле азыр адилеттүүлүк, тынчтык жана элдешүүчүлүккө толуп кетет. Мындан үлүш ала турган Амирлер жана падышалар – бактылуу!» («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 19-бет)

Ушул эскерттүүнүн «мындан үлүш ала турган Амирлер жана падышалар – бактылуу!» деген акыркы бөлүгү кандайдыр бир дубадан турат. Эми молдолордун кандуу жихад жөнүндөгү көз карашын жокко чыгаруу үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айтып берген сунушка ылайык амал кылып, ал (алайхиссалаам)дын дубаларынан үлүш алган бойдон Алла Тааланын кут-берекелерине жетише турган кайсы бактылуу өкүмдар экенин көрөлү.

Өкүнүчтүүсү, жихад жөнүндөгү ушул туура эмес көз карашты реформалап-оӊдоо үчүн кандай «жан талаштып аракеттенүү» керек болсо, Кабулдун Амири ошондой кылган жок жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сунушун көӊүл бурууга ылайык нерсе деп билген жок, натыйжада бул коом Ыйса (алайхиссалаам)дын доорундагы каапырлар жана четке кагышкан яхудийлерге окшош күндөн-күнгө өз жүрөгүнүн катуулугу жана зулумдук-мыкаачылыктары боюнча күчөй берген. Жердин мына ошол эле аймагына Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын улуу даражадагы сахаабалары жихад маселесинде уламалардын кандуу көз карашына каршылык көрсөтүшкөндүгү үчүн абдан мыкаачылык жолу менен шейит кылынышкан. Азирети Мавлавий Абдур-Рахман (разияллааху анху)нун моюнуна жамыныч илип, аны муунтуп өлтүрүшкөн, ал эми Хост раиси Сахибзада Абду Латиф маркум (разияллааху анху)ну а дегенде кишендеп, зынданга салып, катуу тозок-азаптарды чектиришкен жана «мурдун тешип, катуу азап менен ага жип өткөрүлгөн. Анан ошол эле жип аркылуу шейит маркумду шылдыӊдап, мазактап, тилдеп жана каргыштап, өлтүрүлө турган жайга алып барышкан». Анан белине чейин жерге көмүлүп, абдан ырайымсыздык менен ташбараӊ кылынган. «А түгүл таш көптүгүнөн шейит маркумдун башында таштардын кандайдыр бир бөлмө топтолгон». Кыскасы, «Бул ушундай кайгылуу окуя: жүрөктү кыймылдатып, денени титирөөгө салат». Ал (разияллааху анху)дан кийин анын жубайы жана жетим балдары да өтө катуу азап чектирилишкен жана бир канчасы ошол эле ахвалда шейиттик чөйчөктү ичишкен.

Биз байкагандай, Ооганстанда гана эмес, Пакистанда дагы келген бир канча өкүмдарлардын бирөөсү да молдолордун жихад жөнүндөгү кандуу көз карашын реформалап-оӊдоо үчүн кандайдыр бир иш-чараны көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбоду, тескерисинче Ахмдаия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га жихадды жокко чыгарган деген доомат кылып, ал (алайхиссалаам)га жана ал (алайхиссалаам)дын Жамаатына каршы каапырлыкка чыгаруу жана фитна-чагымчылыктын ушундай отун жалындаткан: өкүмдарлардын жетекчилиги жана мыйзамдын колдоосу менен Ахмадийлердин үстүнө зулумдуктар тоолору кулатылды. Жыйырма чакты Ахмадийлер ырайымсыздык менен шейит кылынышты. Жүздөгөн эмес, миӊдеген (Ахмадийлер) зынданга алынышты. Алардын мал-мүлктөрү жана үй-жайлары талап-тонолуп, ага от коюлду. Ар бир мүмкүн болгон ыкмада азап чектирилишти жана бүгүнкү күнгө чейин да токтобой уланып келүүдө.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн «Тазкиратуш-Шахаадатайин» аттуу китебинде Азирети Сахибзада Абдул Латиф Сахиб Шейит (разияллааху анху)нун кайгылуу шейиттигинен сөз кылып, мындай деп айтат:

«Кабулдун жери ушул кан кандай гүлдөөрүн көрүп алат. Ушул кан эч качан текке кетпейт. Буга чейин менин Жамаатымдын мүчөсү, байкуш Абдур Рахман зулумдук менен өлтүрүлгөн жана Кудай унчукпады, бирок азыр ушул канга Ал унчукпайт жана чоӊ-чоӊ натыйжалары ачыкка чыгат». («Тазкиратуш-Шахаадатайин», «Руханий Хазааин» 20-том, 74-бет)

Тарых күбө болгондой, Алла Таала ушул канга унчукпай отурбады. Андан кийин жердеги ошол аймакка канчалаган жамгырлар жааган, канчалаган кандуу жамгырлар жааган, бирок ал ыйык кандын тактары алигиче жуулган эмес. Бүгүнкү күндө жердин ошол аймагынын канга боёлганынын себеби – бул Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып берген жихад акыйкатынан жүз бургандыгы, Учурлук Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын эскертүүсүн тоготпогондугу жана андан жүз бургандыгы, натыйжада мыкаачы жана ырайымсыз адамдар дин атынан мыйзамсыз түрдө төгүшкөн бейкүнөөлөрдүн каны.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) төмөндөгүдөй чындыкты эле айткан болчу:

R-Terrorism7

Эй, кадыгерлер! Алла Таала эмнеге ачууланганын менден сурагыла, мени четке каккандыӊар буга негизги себеп.

Христиан поптору жана алар менен пикирлеш Батыш жазуучуларынын адилетсиз жана бүлүк чыгаруучу ыкмасы

Христиан поптору жана алар менен пикирлеш Батыш жазуучулары тарабынан Ислам динине каршы өтө эле көп жана улам-улам төмөндөгүдөй жалган пропаганда кылынат: наъузубиллах (Кудай кечирсин) Ислам кандайдыр бир террористтик дин жана анда Алла Тааланын жолундагы жихад атынан мусулмандарга болгону диний келишпестиктин негизинде бейкүнөөлөрдүн канын төгүү жана фитна-чагымчылык пайда кылуу таалими берилген. Өздөрүнүн ушул жалган дооматын далилдөө үчүн ушул поптор жана алардын атынан эле улама жана изилденүүчү деп аталуучулары Курани Каримдин аяттарынын алды-арты (контексти) жана далилденген тарыхый акыйкаттардан жүз буруп, ар түрдүү алдамчылык жана айла-амалды колдонуп, болгон окуяларды бурмалап, өздөрүнүн каалоосуна жараша маани-мазмундарды Курани Каримге таӊулоого туура эмес «эр жүрөктүк» кылышат. Өздөрүнүн ошол ой-пикирлерин колдоп-кубаттоо максатында алар Нафс-э-Аммара тарабынан пайда боло турган кызуу кандуулуктарга алдырып, өздөрүнүн жасалма түшүндүрмөлөрүн Ислам динине таӊуулап, «Алла Таала жолундагы жихад» деген ыйык ураандын артында жамынып алып, кандуу жихад көз карашын жайылтып, фитна-чагымчылык чыгаруучу мансап-парас (бийликти жактыруучу) саналуу аалымсөрөй Ислам уламаларынын айткандарын жана тафсирлерин да мисал катары келтиришет. Христиан попторунун ушул ыкмасы такыр чынчылдык жана адилеттүүлүк ыкмасы эмес.  Саналуу эле бузулган адамдардын бузуку амалдарынын жоопкерчилигин Ислам динине коюу бүтүндөй адилетсиздик.

Биз бигендей, Азирети Ыйса (алайхиссалаам) өзүн ээрчигендерге карата мындай деп айткан:

«Мен болсо силерге мындай дейм: жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оӊ жаагыӊа чапканга сол жаагыӊды тосуп бер. Ошондой эле кимдир бирөө сени менен соттошуп, ички киймиӊди алгысы келсе, ага сырт кийимиӊди да бер… Мен болсо силерге мындай дейм: душмандарыӊарды сүйгөнүӊөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениӊерди токтотпогула. (Матай 5:39-45)

Бирок бүгүнкү күндө биз байкагандай, Алла Тааланын ал ардактуу пендеси – Азирети Ыйса (алайхиссалаам)га таандык боло турган христиан өкүмдарлары жогорудагы таалимге каршы ар кандай шылтоолор менен өздөрүнүн каршылаштарына зулумдук кылышат, аларга коркунучтуу жана талкалоочу бомбаларды түшүрүп, аларга өтө эле мыкаачылык менен мамиле кылышат. Мына ушул бузулган христиандардын ушул сыяктуу аракеттеринин жоопкерчилигин христиан динине же Азирети Ыйса (алайхиссалаам)га же ал (алайхиссалаам) берген таза таалимдерине таӊуулоо – бул адилеттүүлүк болобу? Эгерде андай болбосо, албетте андай эмес, анда атынан эле мусулман болгон саналуу адамдардын террордук амалдарын Ислам динине жана Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)га доомат кылуу ачыктан-ачык зулумдук жана адилетсиздиктен башка эмне?

Ислам дини жана Исламдын Негиздөөчүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) болсо, мына ошондой терак көз каштарына жана амалдарына ээ адамдардан бүтүндөй оолак экенин билдирет. Курани Каримде Алла Таала орун-орунда мындай деп сөз кылынган: Алла Таала бүлүк салуучуларды жактырбайт, Ал адилетсиздик кылуучуларды сүйбөйт, Ал фитна-чагымчылык чыгаруучуларды жактырбайт. Кудум ошондой Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл ааламдарга мээримдүүлүк болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу сөздөрү жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун чексиз пакиза үлгүлөрү тарых жана автобиография (сийрат) китептеринде жаркырап жатат, андан белгилүү болгондой, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз жанына душман болгондордун кыйынчылыктарына да тынчсызданып кетчү эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдык боорукерлик, адилеттүүлүк жана бардык улуу адеп-ахлактар боюнча эӊ бийик даражаларга ээ болчу. Маселен, бир топ адилеттүү Батыш ойчулдары жана изилденүүчүлөрү дагы бул жактан Ислам таалимдеринин артыкчылыгына, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даанышман сөздөрүнө жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык үлгүлөрүнө зор баа берип, Ислам кандайдыр бир тынчтык дин жана ага коюлган зордук-зомбулук жалаасы бүтүндөй жаӊылыштык жана негизи жок нерсе деп моюнуна алышкан. Ал гана эмес, биз байкагандай, бүгүнкү күндө дагы кээ бир экстремист, атынан эле мусулман деп аталуучу мусулмандардын террористтик амалдарын шылтоо кылып алып, ар кайсы мусулман өлкөлөргө сокур бойдон бомбаларды түшүрүп, миӊдеген бейкүнөө адамдардын өмүрлөрүн алуу деген мыкаачылык амалдар менен алектенген христиан өкмөттөрү да, алардын өкүмдарлары да төмөндөгүдөй баяндарды билдирүүгө аргасыз болушту: Исламдын атынан, жихаддын атынан террордук амалдарды жасаган адамдардын Ислам жөнүндөгү түшүнүгү – бул кандайдыр бир бузулган түшүнүк, алар Ислам динин жаманатты кылуучу адамдар, Ислам дининин нукура таалимдери менен алардын эч кандай алакасы жок, ошондой эле мусулмандардын көпчүлүгү тынчтыкты жактоочу жана эледешүүчү, террордук амалдардан катуу жийиркенет жана аларды четке кагат. Ошентсе да, биз байкап көргөндөй, качан кандайдыр бир ыӊгайлуу учурду таапканда, жалпысынан алар жогорудагы айырманы эсепке албай, алар Ислам кандайдыр бир экстремист, кандуу, террорист жана тынчтыкка душман дин деп пропаганда кылышат. Батыш медиасында өтө басымдуулук менен ошол пропаганда улам-улам кайталатылат. Алардын ушул мүнөзү такыр дурус эмес жана адилеттүүлүккө негизделбейт, ошондой эле аны менен коомчулукта тынчтыкты орнотууга эч кандай жардам тийбейт, тескерисинче анын натыйжасында жөндөн жөн чыр-чатак пайда болуп, фитна-чагымчылыкка дем берилет.

Поптор жана христиан өкүмдарларына кеӊеш

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бүгүнкү күндөн жүз жылдан да көбүрөөк убакыт мурда христиандарга жана христиан өкүмдарларга: «Адилеттүү болгула жана бүлүк чыгаруучу амалдардан кайткыла», – деп кеӊеш берген болчу. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«… Курани Карим такыр жихад таалимин бербейт деп мен бир топ жолу жазгам. Мунун түпкү акыйкаты болгону ушул: башталгыч доордо кээ бир каршылаштар кылыч менен Ислам динин токтотууга гана аракет кылбастан, аны жок кылмакчы болушту. Ошентип, Ислам дини өзүн коргоо үчүн аларга каршы кылыч көтөргөн жана ошолор жөнүндө эле өлтүрүлсүн же Ислам динине кирсин деген буйрук чыккан болчу. Ошентип, ал буйрук түбөлүккө болбой, өзгөчө заманга гана чектелген болчу. Ислам дини пайгамбарчылык доордон киийн бүтүндөй жаӊылыштыктар же жеке кызыкчылыктардын айынан ачыкка чыккан ал падышалардын амалдарына жоопкер эмес. Эми акылы жок мусулмандарды алдоо максатында кайра-кайра жихад маселесин эскерте турган бирөө кудум алардын уулуу адатын кыймылдаткандай. Поп мырзалары туура окуяларды эскепке алып, Ислам дининде жихад да жок, мажбурлап мусулманчылыкты кабыл кылууга буюрбайт деген нерселерге басым жасашканда, кандай жакшы болмок! Бүгүнкү күнгө чейин өзүндө

R-Terrorism8

лаа ик-раа-ха фид-дийн. (2:257)

дин маселесинде эч кандай зордук-зомбулук жок. (2:257)деген аят бар болгон Китеп жөнүндө биз ал жихад таалимин берет деп күмөн санашыбыз мүмкүнбү. Кыскасы, ушул жерде молдолордон таарынбай эле коёлу, поп мырзаларына да биз ыраазы эмеспиз, себеби алар чындыгында акыйкат болгон жана өкмөттүн кызыкчылыгына да пайдалуу болгон жолду тандашкан жок».(«Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 31-32-бет)

Ошентип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ал доордо Британия өкмөтүнүн көңүлүн ушул жакка буруп жатып, мындай деп жазган эле:

«… менин назарымда бул дагы зарыл нерсе… өкмөт мына ушул попторду натыйжасы өлкөдө тынчсыздык жана чыккынчылык боло турган ушул коркунучтуу жалганчылыгынан кайтарсын. Поптордун мына ушул орунсуз жалган жалаалары менен мусулмандар Ислам динин таштоолору мүмкүн эмес. Ооба, мына ушул үгүттөрдүн ар дайым төмөндөгүдөй натыйжасы болот: жихад маселеси калайык-калкка эскертилип турат жана алар – уктап тургандар ойгонуп кетишет». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 9-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) бул жаатта өкмөттөгү жоопту адамдарга кайра-кайра мындай деп жазган:

«… бир аз мөөнөткө талашып-тартышуунун ушул ыкмасына, тактап айтканда бир тайпанын башка тайпанын динине сын-пикир айтуусуна тыюу салынсын».

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул сунушту дагы чечмелеп жатып, мындай деп айткан:

«… менин назарымда жакында римдик өкмөт күчүнө киргизген сунуш эле эӊ мыкты сунуш жана ал төмөндөгүдөй: сыноо катары бир канча жылдарга ар бир агымга: «Ал өзүнүн жазылмаларында жана оозеки кайрылууларында кайсы бир дин жөнүндө ачык-айкын же ишаарат катары да тап-такыр сөз кылбасын, ооба өз дининин өзгөчөлүктөрүн каалаганыча айта берсин», – деп катуу тыюу салынсын. Мына ушундай жагдайда улам жаӊыдан пайда боло турган кастыктар урукчулугу токтоп калат жана эски кыссаларды унутуп жиберишет, ошондой эле адамдар өз ара мээримдүүлүк жана достукка кайтышат. Ошондо чектеш аймактардагы адамдар: «Коомдордун ортосунда ушунчалык сүйүү жана мээримдүүлүк пайда болуп калды», – деп байкашканда, акыры алар да таасирленип, христиандарга кудум момун-мусулман бир тууганына боорукер болгондой эле боорукерлик кылышат». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 22-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп кошумча кылат:

«…. эч болбогондо башка диндерге чабуул жасоо ыкмасына беш жылга тыюу салынсын жана бир тайпа башка тайпанын акыйдаларына такыр каршылык чабуулун жасабасын деп катуу тыюу салынсын. Анткени, аны менен өлкөдө күндөн-күнгө эки жүздүүлүк өсүп баратат. А түгүл ар кайсы коомдордун достук жолугушуулары болбой калды. Себеби, кээде бир тайпа өзүнүн билим аздыгынын айынан башка тайпага негизинен туура эмес сын-пикирди да билдирип, жүрөктөргө катуу кайгуу алып келет жана көбүнчө кандайдыр бир фитна-чагымчылыкты жаратып коёт. Мисалы, кудум мусулмандарга кылына турган жихад деген сын-пикирдей. Ал гана эмес, мына ошондой сын-пикир башка тайпа үчүн кандайдыр бир эскертүү болуп, унутулуп жиберилген кызуу кандуулуктарды анын эсине салып коёт, анан акыр аягында фитна-чагымчылыктарга себепчи болуп калат.

Ошондуктан, эгерде даанышман өкмөтүбүз беш жылга: «Британияга караштуу Индиядагы бардык агымдарга – буга поптор да кирет – алар башка диндерге такыр каршылык чабуулдарды жасабасын; мээримдүүлүк жана адеп-ахлак менен бири-бири менен барлашсын; ошондой ар бир адам өз дининин өзгөчөлүктөрүн айтып берсин», – деген мыйзамды чыгарсын. Ошондо, мен бекем ишенем: ич-ичинде эле гүлдөп-өсүп бара жаткан ынтымаксыздык жана кастык деген ушул уулуу көчөт бат эле жок болуп кетет жана өкмөттүн ушул камдамдары мактоо-алкоолорго ылайык болуп, чектеш аймактагы адамдарга да сөзсүз өз таасирин тийгизип, тынчтык жана элдешүүчүлүктүн натыйжалары ачыкка чыгат». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 32-33-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«… эгерде кайсы бир динде кандайдыр бир чынчылдык болсо, башка диндин айып-кемчиликтерин санап отуруудан көрө ал чынчылдыкты ачыкка чыгаруу керек. Мен сунуштаган сунушту ишке ашыруу же аны кабыл алуу ар бир өкүмдардын иши эмес, ушул акыйкатты түшүнүү өтө эле зээндүү өкүмдарлардын иши». («Гаурнамент Ангрезий аур Жихад», «Руханий хазааин», 17-том, 33-бет)

Өкүнүчтүүсү, диний гармониялык, коомчулуктагы тынчтык жана элдешүүчүлүктү орнотуу үчүн Учурлук Имам, Адилеттүү Калыс, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) берген ошол кыраакы таасирлерге ээ сунуштарды ишке ашыруу бирөөгө насип эткен эмес, натыйжада бүгүн жүз жылдан кийин террордук амалдары жана окуялары күндөлүк көнүмгө айланып кеткен, ошондой эле бүтүн дүйнө күндөн-күнгө тынчсыздык жана фитна-чагымчылыктын тереӊ баткагына батып баратат.

Христиан поптору Ислам дининин каршысында өздөрүнүн китебинен диний чынчылдыктарды даӊгазалоо өтө кыйын иш болгондуктан да ушул сунушту кабыл кылбаган болушу керек. Ыйса Машайактын кудай экендигин, учулукту жана курмандык өӊдүү жалган ишенимдерди алар өздөрүнүн диний китептеринен да далилдей алышкан жок, ошон үчүн алар кээ бир атынан эле мусулман деп алталуучу адамдар ойлоп тапкан жихад философиясын негиз кылып алып, Ислам динине жана Ислам дининин Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)га сын-пикир айтып, аларга дооматтарды коюуну эле ыраа көрүшкөн. Анткени,

«Мыйзам-эреже ушундай: качан адам баласы чынчылдык жана адилеттүүлүк жагынан кайсы бир динге чабуул жасай албаса, анда көптөгөн адамдар жөн жерден дооматтар аракылуу чабуул жасай башташат». («Масийхтик Булак», «Руханий хазааин» 20-том, 377-бет)

Мына ошондон улам Исламдын душмандары Курани Каримге жалган айыптарды тагуу, Ислам динине, Ислам дининин Негиздөөчүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана Исламдын ыйыктарына катуу акаарат келтирүү, кемсинтүү, тилдөө, жалаа жабуу жана көӊүлүн калтыруу деген ыплас жүрүш аркылуу жалпы калайык-калкты Ислам дининен качыруу деген жийиркеничтүү аракеттерди жасоо менен алектенип келишүүдө.

Алла тааланын чечими

Бирок эми ушул нерселер узакка барбайт, анткени айкаш жыгачтык фитна-чагымчылыкты жок кылуу үчүн Алла Таала тарабынан келе турган Убада кылынган Масийх жана Махдий келип калган жана ал ыйык инсан төмөндөгүдөй жарыяны жарыялаган:

«Азыр Алла Таала жалганчы диндердин чабуулдарынан Ислам динин сактоо үчүн, ошондой эле Ислам дининин күчтүү далилдерин жана акыйкаттарын далилдеп көрсөтүү үчүн мени жөнөткөн… Мен ишенимдүүлүк менен айтам: Ислам дини сөзсүз жеӊишке жетет, анын белгилери ачыкка чыга баштады. Ооба, туура, бул турган акыйкат, ушул жеӊишке жетишүү үчүн кандайдыр бир кылычтын жана мылтыктын кереги жок жана Алла Таала мени курал-жарактар менен жөнөткөн да эмес. Азыркы убакта кимде-ким ошондой ойлосо, ал Ислам дининин наадан досу болуп саналат. Диндин максат-мүдөөсү – бул жүрөктөрдү багындыруу жана ушул максат-мүдөөгө кылыч менен жетишүүгө болбойт. Мен мурда дагы бир канча жолу айтып өткөндөй, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көтөргөн кылыч болгону өзүн-өзү коргоо үчүн жана коргонуу үчүн болчу. Аны да каршылаштар жана четке каккандардын мыкаачылыктары чегарадан ашып, бечара момун-мусулмандардын кандары менен жер кып-кызыл болуп калган незде көтөргөн болчу. Кыскасы, менин келүүмдүн максат-мүдөөсү – бул Ислам дини башка диндердин үстүнөн жеӊишке жетишсин . («Лкчар Лудхияна», «Руханий хазааин» 20-том, 293-294-бет)

Ошентип, Учурлук Масийхтин келүүсү менен асмандан чынчылдыкты колдоп, Алла Таала Тавхийдинин (Жалгыздыгынын) шамалдары үйлөй баштаган жана Алла Тааланын периштерлери ичи таза адамдардын жүрөктөрүнө түшүп, аларды туура жолго башап жатышат. Адамдар жалганчы ишенимдерден табиятынан жийиркенишүүдө. Бүгүнкү күндө Ыйык Масийх, Азирети Мырга Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дан кийин түзүлгөн ал (алайхиссалаам)дын чыныгы Ислам-Ахмадия Халифалыгы деген улуу салтанаттуу жетекчилик астында жер жүзү боюнча далилдерди жетиштирүү иши өтө күчтүү басым менен уланып барууда.

Биз ушул макалабызды ушул доордун Адилеттүү Калысы, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын мусулмандарга карата кайрылган төмөндөгүдөй шаӊ-шөөкөттүү жана өтүнүчтүү насаат сөздөрү жана кайрылуусу менен аяктайбыз. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мусулмандар азыркы убакта асмандан түшүп келе жаткан нурлар жана берекелерди кадырлап, Алла Таалага ыраазычылык билдирүүлөрү керек… Бирок эгер алар Алла Тааланын ушул белегин сыйлашпаса, анда Алла Таала аларга такыр көӊүл бурбайт. Ал Өз ишин баары бир аткарат. Алла Таала башка диндерди өчүрүп салып, Ислам динине жеӊиш жана күч-кубат берүүгө ниет кылган. Эми Алла Тааланын ой-ниети менен жарыша ала турган бир дагы кол жана күч-кубат жок». («Лекчар Лудхияна», «Руханий хазааин» 20-том, 290-бет)

Share via