Пакистанда Ахмадий мусулмандарга кол салуулар болду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пакистандагы Пешавар шаарында Ахмадийлерге тез-тез кол салуулардын катталышы. Ахмадийлердин үч үйүнө ок атылуу болду

Пакистанда Ахмадий мусулмандарга кол салуулар болду

Пешавар: Ахмадийлерге тез-тез кол салуулардын болушу. Ахмадийлердин үч үйүнө ок атылуунун болушу. Иш катталды

Акыркы бир нече айда Пешаварда төрт Ахмадий бутага алынып, өлтүрүлдү.

Мамлекет Ахмадийлерди коргоо жана жек көрүү өнөктүгүн токтотуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүшү керек: Ахмадия Жамаатынын өкүлү

Ченаб Нагар: 12-марттан 13-мартка караган түнү Пешавардын Базид Хел аймагында Ахмадийлердин үч үйүнө ок атылды, Кудайга шүгүр, адам өмүрүнө зыян келген жок. Аталган окуя жөнүндө Будд Бээр полициясы участкалыгында иш катталды. Чоо-жайы боюнча, белгисиз адамдар Аршад Икбал, Рухул Амин жана Сахибзада Мухаммад Рафик аттуу үч Ахмадийдин үйлөрүнө ок атышты. Аршад Икбалдын үйүнүн эшигине тогуз ок атылды. Калган үйлөргө да 4-5 ок атылды.

Пакистанда Ахмадий мусулмандарга кол салуулар болду

Ахмадия Жамаатынын өкүлү Ахмадийлердин үйлөрүнө ок атылгандыгына байланыштуу катуу тынчсызданганын билдирип, Ахмадияга каршы жек көрүү өнөктүгү жалпысынан өлкөдө жана айрыкча Пешаварда күч алгандыгын айтты. Акыркы бир нече айдан бери Ахмадийлер үзгүлтүксүз киши өлтүрүү аракеттерине кабылышууда. Бул акыркы бир нече айда Ахмадийлер бутага алынган тогузунчу окуя. Ахмадий доктор Абдул Кадыр 11-февралда Пешавардагы Базид Хел аймагында Ахмадийлердин клиникасына ок атуунун натыйжасында шейит болгон. Кийинчерээк, 25-февралда аталган аймакта Ахмадийлерге каршы жүрүш өтүп, анда ал аймактан чыгып кеткиле деп Ахмадийлер коркутуп-үркөтүүлөргө алынышты.

Пакистанда Ахмадий мусулмандарга кол салуулар болду

Ахмадия Жамаатынын өкүлү үзгүлтүксүз уланып жаткан киши өлтүрүү кол салуулары сүйүктүү мекенибиздеги Ахмадийлерде кооптонуу сезимин күчөтүп, Пешавардагы Ахмадийлер кооптонуу сезиминде экенин кошумчалады. Ахмадия Жамаатынын өкүлү мамлекеттен Ахмадийлерди коргоо үчүн жек көрүү өнөктүгүн токтотууну талап кылды. ###

Чектеш темалардын мазмуну
Share via