Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лахордогу террористтик чабуулду айыптады жана жабыркагандар үчүн дуба кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лахордогу террористтик чабуулду айыптады жана жабыркагандар үчүн дуба кылды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) мурдакы күнү Лахордогу Гулшан-э-Икбал Паркта болгон террористтик чабуулду катуу сындады.

Лондондон сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Мен эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан мурдакы күнү Лахордо орун алган террористтик чабуулдан жабыркагандардын баарына боорум катуу ооруганын жана терең кайгыруумду билдирем, ал бир топ христиандар жана мусулмандардын өмүрүн алды. 

Ушул жапайычылык жана адамдык жашоого этибар берилбегендиги үчүн эстен тандык жана кайгырдык, айрыкча ага кабылгандардын көбү бүтүндөй курал-жараксыз аялдар жана балдар. Ушул сыяктуу мыкаачылыктардын бир дагы көрүнүшүн жана формасын актоого болбойт. Ошондуктан, терроризмдин жана экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн мүмкүн болушунча катуу айыптоо керек. 

Алла Таала артында калган туугандарына же кандай гана көрүнүштө болбосун, жабыркагандарга сабыр берсин, ошондой эле өз өмүрүнөн кол жуугандардын баарына берешендик жана ырайым кылсын, ошондой эле Ал жарадар болгон жүздөгөн адамдарга толук жана бат келүүчү шыпаа берсин».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via