Эл аралык мусулман жетекчи Вестминстердеги кол салууну «Ислам динине доо» деп сындады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эл аралык мусулман жетекчи Вестминстердеги кол салууну «Ислам динине доо» деп сындады

Мусулмандар экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн сынга алуулары керек деди Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Ал Азирети Британ мусулмандары тарабынан  ишенби күнү «Байтул-Футух» мечитинде уюштурула турган ири Тынчтык Симпозиумуна кайрылуу жасайт

Британ мусулмандары тарабынан уюштурулуп жаткан ири эл аралык Тынчтык Симпозиумунан мурун Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Вестминстердеги кол салууну катуу сындады жана жабыркагандардын баарына көӊүл айтты.

Ал Азирети бүгүн өзүнүн жумалык жума кутбасында сүйлөп, Вестминстердеги кол салууну

«Ислам динине доо»

деп сындады жана бардык мусулмандарды Ислам дининин

«тынчтык, сүйүү, боорукерлик жана мээримдүүлүк»

деген чыныгы жүзүн даӊазалоого чакырды.

Улуу Урматтуу, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эки күн мурда Лондондо болуп,  бир полиция кызматкери менен кошо, күнөөсүз жана коргоосуз адамдарды бутага алган террордук кол салуу толугу менен жийиркеничтүү жана катаал болчу. Буга каршы чыгып, экстремизмдин жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн сындоо мусулмандардын милдети болуп саналат. Мына ошондой кол салуулар кайда жана качан гана болбосун, мүмкүн болушунча катуу сындалышы керек».

Улуу Урматтуу, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

Ал Азирети мусулмандардын башын айландырып, аларды чыр-чатакка тукурууга негизги ролду ойноп жаткан экстремист уламаларды да сынга алды.

Ал Азирети Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан ишенби күнү (25-март күнү) кечинде «Байтул-Футух» мечитинде уюштурула турган 14-Тынчтык Симпозиумуна тарыхый кайрылуусун жасайт.

Ал Азирети өзүнүн боло турган кайрылуусунда Ислам дининин чыныгы таалимдери жөнүндө сүйлөөсү, ошондой эле экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн сындап, дүйнөдө чыныгы жана түбөлүктүү тынчтыкты кантип орнотуу керектиги жөнүндө сөз кылуусу күтүлүүдө.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via