Ислам таалимдеринин корутундусу
Дагы мындай деди:وَمَنۡ اَحۡسَنُ دِیۡنًا مِّمَّنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَہُوَ مُحۡسِنٌ وَّاتَّبَعَ مِلَّۃَ اِبۡرٰہِیۡمَ حَنِیۡفًا ؕ وَاتَّخَذَ اللّٰہُ اِبۡرٰہِیۡمَ خَلِیۡلًاКотормосу: Ким өзүнүн бүтүн көңүлүн Аллага караткан болсо жана изги иштерди кылуучу болсо, ошондой эле моюн сунган Ибраахиймдин динин жолдогон болсо, дин жагынан андан жакшыраак ким бар? Алла Ибраахиймди Өзүнө дос кылып алган эле. («Ан-Нисаа» сүрөөсү: 126)
Ушул аятта Ислам таалимдеринин корутундусу баяндалган. Тактап айтканда, толук баш ийүүчү жана өзүнүн баардык жөндөмдүүлүктөрү менен Алла Тааланын амирлерин ээрчүүчү, Анын дини үчүн өмүрүн багыштоочу жана ихсан кылуучу болушу керек. Ошентип, ал Алла Таала үчүн ихсан кылуучу болгондуктан, эч ким: «Эгер ал ар дайым динге берилсе жана дин кызматына алек болсо, анда анын мал-мүлкү жана бала-чакасы текке кетет» – деп ойлобосун. Жок Алла Таала баарынан көбүрөөк кун берүүчү жана сыйлык берүүчү, анын ушул ишин Өзү сыйлайт. Мурун дагы айтылып өтүлгөндөй, Ал Өзү анын жанын, мал-мүлкүн жана аброюн коргойт. Ошондой адамдарды да, алардын тукумдарын да Алла Таала текке кетирбейт.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:بَلٰی ٭ مَنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَہُوَ مُحۡسِنٌ فَلَہٗۤ اَجۡرُہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ۪ وَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَلَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَКим өзүн Алла Тааланын алдында коюп койсо, өз өмүрүн Анын жолдоруна багыштаса жана жакшылык кылууда иштиктүү болсо, Алла Тааланын жакындык булагынан өз сыйлыгын алат. Ошондой адамдарга коркунуч да болбойт, алар сар-санаа да тартышпайт. Тагыраак айтканда, өзүнүн бүт баардык жөндөмдүүлүктөрүн Алла Тааланын жолуна арнаса жана анын өзү, иш-аракети, ырахаты жана бүтүн өмүрү Алла Таалага гана таандык болуп калса жана чыныгы жакшылык кылууда активдүү болсо, ага Алла Таала Өзүнөн сыйлык берет жана коркунуч менен кайгыдан аны куткарат».
(«Руханий хазаайин», 12-том, «Сираажуддин аттуу христиандын төрт суроосуна жооп», 344-бет)
Бир хадисте мындай деп кезигет: Муъаавия бин Хайда Кушайрий (разияллааху анху) өзүнүн мусулман болгондугу окуясын баяндап жатып мындай дейт: мен Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барып:
«Сизди биздин Парбардигерибиз эмне деген кабар менен жиберди жана кандай дин алып келдиңиз?» – деп сурадым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Таала мага Ислам динин берип жиберди», – деп жооп берди. Мен: «Ислам дини эмне?» – деп сурадым. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Өзүңдү бүтүндөй Алла Таалага тапшырып коюшуң жана башка баардык «кудайлардан» баш тартышың – бул Ислам. Намазды орундаткын жана зекет бергин», – деп жооп берди. 1) «Канзул-Уммаал ли Аълаауддин ал-Муттакий ал-Хиндий», Китаабул-иймаан вал-Ислаам мин кисмил-Афъаал. Ва фийхи арбаъату абвааб. Ал-Баабул-Аввал. Ал-Фаслус-Сааний фий хакийкатил-Ислам; 2) «Шуаъбул-Иймани лил-Бехкий», Ас-Саадису вас-Ситтуна мин шуаъбил-Иймани. Ва хува Баабу фий мубааъадатил-Куффаари вал-Муфсидийна вал-Гулзату аълайхим)
Азирети Суфян (разияллааху анху) бир ирет Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га мындай деп кайрылганын рабаят этет: «Эй, Алланын Пайгамбары! Мага Исламдын ушундай нерсесин айтып бериңиз: андан кийин башка бирөөдөн суроого муктаждык калбай калсын. Тактап айтканда, мен бейпилдик табайын. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай жооп берди: «Мен Алла Таалага ыйман келтирдим», – деп айткын, анан ага бекем болгун жана туруктуулук көрсөткүн».
(«Сахих Муслим», Китаабул-Ийман, Баабу жаамиъи авсаафул-Ислами)
Сахаабалар (разияллааху анхум)дун иш-аракети кандайча болгон? Бир хадисте мындай кезигет: башында Исламда ичимдик арам болбогон учурда сахаабалар да ичип алып, мас болуп да калчу. Бирок ошондой жагдайда дагы дин жана диндин кадыр-баркы аларга үстөмдүк кылчу. Динди баардык иштерден жогору коёлу деп кайгырчу. Ичимдиктин арам экендиги тууралуу буйрук келгенде да кээ бир адамдар жыйында отуруп ичимдик ичип отурган болчу, айрымдары мас да болчу. Ушул буйрукту угаары менен аны аткарышты. Бул жөнүндө хадис төмөнкүдөй: Азирети Анас бин Маалик (разияллааху анху) баян кылат: мен Абу Талха Ансаарий, Абу Убайда бин Жарраах жана Убай бин Каъбга хурма арагын ичирип жаткан элем. Келгендердин бирөөсү: «Ичимдикке тыюу салынды», – деп айтты. Муну угуп, Азирети Талха: «Анас! Тур жана арактын бардык идиштерин сындырып сал», – деп айтты. Анас (разияллааху анху): «Мен туруп таш кесенин ылдыйкы бөлүгүн кумарага урдум, ал сынып түштү». («Сахих Бухарий», Китаабул-Ахбаарул-Ахаади, Баабу маа жаа,а фий ижаазати хабарил-Ваахидис-Судуук)