Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
Дагы ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Эй, Алла Тааланы каалай турган пенделер! Сак болгула! Кулак салгыла, ишенимдей (күчтүү) башка эч нерсе жок. Ишеним гана күнөөдөн куткарат. Ишеним гана жакшылык кылууга күч берет. Ишеним гана (адамды) Алла Таалага чыныгы ашык кылат. Силер ишенимсиз күнөөнү таштай аласыңарбы? Силер ишенимдүү нур-шооласыз напси туйгуларынан тыйыла аласыңарбы? Силер ишенимсиз кандайдыр бир канааттанууга ээ боло аласыңарбы? Силер ишенимсиз кандайдыр бир нукура өзгөрүүнү жарата аласыңарбы? Асман астында силерди күнөөдөн куткара турган кандайдыр бир Каффаара[1] же Фидя барбы? … Демек, билип койгула, силер ишенимсиз караңгы жашоодон чыга албайсыңар жана Рухул-Куддус да силерге берилбейт. Ишенимге ээ болгондор – куттуу, анткени ошолор Алла Тааланы көрүшөт. Шек-күмөндөрдөн кутулуп калгандар – куттуу, анткени ошолор күнөөдөн кутулушат. Силер да – куттуусуңар, силерге ишеним деген байлык берилет, андан кийин силердин күнөөңөр жок болот. Күнөө менен ишеним – экөөсү тең (бир жерде чогуу) боло албайт. Силер кандайдыр бир уулуу жыланды көрүп туруп, анын ийинине кол сала аласыңарбы? Силер кандайдыр бир жанар тоо таш жаадыра турган же чагылган чагылып түшкөн жерде тура аласыңарбы? Же силер кандайдыр бир жырткыч арстан чабуул жасай турган жерде же кандайдыр бир өлүм чачкан чума адам тукумун кыйратып жаткан жайда тура аласыңарбы? Анан эгер силер жыланга, же чагылганга, же арстанга, же чумага ишенгениңердей, Алла Таалага ишенсеңер, анда Анын алдында баш ийбестик кылып, жаза жолун тандооңор же бекемдик алака-байланышыңарды Андан үзүп алууңар мүмкүн эмес». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 66-67-беттер)
Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтты:
«Кооптонуу, сүйүү жана кадырлоонун тамыры жетик Маърифатта. Демек, кимдир бирөөгө жетик Маърифат берилсе, ага кооптонуу жана сүйүү да жетик берилди. Кимге кооптонуу жана сүйүү толук берилсе, ал коопсуздуктун айынан пайда боло турган күнөөдөн да куткарылды жана кутулуу да берилди. Демек, биз ушул кутулуу үчүн кандайдыр бир канга да, кандайдыр бир крестке да муктаж эмеспиз, ошондой эле Каффаара да бизге керек эмес. Тескерисинче, биз кандайдыр бир курмандыкка – напсинин курмандыгына муктажбыз, анын муктаждыгын биздин табиятыбыз сезүүдө. Башкача айтканда, ошондой курмандык Ислам деп аталган. Исламдын мааниси – «союлууга» моюнун алдыга коюп коюу. Тагыраак айтканда, өз рухун (жанын) Алла Тааланын босогосунда коюп коюу. Ушул сүйүктүү ат бүтүн шарияттын руху жана баардык буйруктардын жаны. «Союлууга» чын жүрөктөн жана ыраазычылыгы менен моюнун алдыга коюп коюу жетик сүйүү жана жетик ашыктыкты талап кылат. Жетик сүйүү жана жетик Маърифатты талап кылат. Демек, «Ислам» деген сөз ошол эле нерсеге ишаарат кылат: чыныгы курмандык үчүн жетик Маърифат жана жетик сүйүү керек болот, башка эч нерсе керек болбойт». («Руханий хазаайин», 20-том, «Лахордогу кайрылуу», 151-152-беттер)
Алла Таала ушул баардык нерселерге амал кылууну бизге насип этсин.
(Германиядагы Франкфурт шаарына караштуу Шеврт Хаале деген жерде 2003-жылдын 29-август күнү окулган жума кутбасынан алынган)
[1] Христиан түшүнүгү боюнча «Иса (алайхиссалаам) өз канын төгүп, адамдарды күнөөлөрдөн куткарган» деген ишеним Каффаара деп аталат.