Лотерея адал эмес
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын сахаабасы Азирети Мунший Баркат Алихан Сахиб (разияллааху анху) Шимлада[1] кызматка дайындалган эле. Ахмадий боло электе ал бир лотерея ойноп, 7500 акча утуп алат. Ал жөнүндө Хузур (алайхиссалам)дан сураганда, Хузур (алайхиссалам) анын кумарпоздук экенин айтты жана өзүңө бир тыйынды да сарптабагын деп насаат кылды. Азирети Мунший Сахиб ошол бардык акчаны кедей-муктаждарга бөлүштүрүп берди. («Асхааб-э-Ахмад», 3-том, 33-бет, 1957-жылдагы басылыштан кыскартылып алынган)
Мына ошол эле иш акыркы күндөрдө Европада болууда. Батышта лотерея деген илдет бар. Адамдар лотерея ойношот жана акча утушат. Ал акча алар үчүн таптакыр адал эмес, тескерисинче арам. Дал кумарпоздук акчасы арам болгондой (арам). Биринчиден, албоо керек, эгер ката жолу менен утуп алсаңар да, аны өзүңөргө сарптай албайсыңар.
Ушул өлкөңөр – Англиядагы урматтуу Башийр Арчард Сахибдин бир окуясы кезигет. Ал Ахмадиятты кабыл алгандан кийин өзүндө зор өзгөртүүлөрдү жаратып, өз жашоосун динге арнаган. 1944-жылы Ахмадий болгон, анан бир топ убакытка чейин диний таалимди Кадияндан алды. Мен айткандай, өз жашоосун динге арнады. Андан кийин анын жашоосунда бир олуттуу ыңкылап жүз берди. Алла Тааланын ибадатына жана дубаларга чексиз шык койду. Анын Кадиянга биринчи визитинин эң биринчи жемиши – ичимдикти таштагандыгы. Ал аракты абдан көп иччү, анан аны дароо токтотту. Ал кумарпоздук жана ичимдиктен тобо келтирип, ошол эки нерседен түбөлүккө оолак болуп, таштап салды. («Ал-Фазл», газетасы, 1978-жыл, 10-январдан кыскартылып алынган; «Улуу жашоо», 3-бет)
[1] Индиянын шаары.