Динди дүйнөдөн жогору коюу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

Курмандыктын бийик өлчөмү

Динди дүйнөдөн жогору коюу үчүн сегизинчи шартта «өз жаны, мал-мүлкү, ызааты – ар бир нерсени курман кылат» деп жазылган. Ахмадия Жамаатында Алла тааланын берешендиги менен динди дүйнөдөн жогору коюу көрүнүштөрү бизге көрүнүп турат. Энелер балдарын (динге кызмат кылууга) сунуш кылышат, аталар Ибраахийм (алайхиссалаам)дын сүннөтүнө амал кылган бойдон балдарын жетелеп: «Эми бул – Жамааттыкы. Жамаат каалаганча андан «курмандык» алсын», – деп алып келишет. Балдар: «Биз дагы Азирети Исмааийл (алайхиссалаам) (алайхиссалаам) сыяктуу жаныбызды курман кылууга даярбыз», – деп өздөрүн «курмандыкка» сунуш кылышат. Ушул көрүнүштөр илгери дагы болгон, азыр дагы бар. Ага бирден мисал келтиремин.

1923-жылы хиндилер Шуддих[1] кыймылын башташканда, ага каршы Ахмадия Жамааты жасаган чараларга балдар да улуулардан артта калган эмес. Беш жашар балдар да Малкаана (Индия) деген жерге барууга даяр болушту. Он эки жашар бир бала атасына мындай жазды: «Ислам динине кызмат кылуу улууларга гана эмес, бизге да парыз. Ошондуктан, Алла жолундагы даъват-үгүткө чыкканыңызда, мени да кошо ала кетсеңиз, эгер сиз бара албасаңыз, анда мени сөзсүз жибериңиз». («Ахмадият тарыхы», 5-том, 336-бет, 1964-жылдагы басылыштан кыскартылып алынды)

Мен айтып өткөндөй, ушул кептер кандайдыр бир эски жомоктор эмес, азыр да мындай көрүнүштөргө күбө болобуз. Бүгүнкү күндө ушул чөйрөдө (өскөн) Ваакфийн-э-Нав[2] балдар мени менен жолукканы келишкенде, алардан: «Чоңойгондо ким болосуңар?» – деп суралганда, алар: «Сиз эмнени айтсаңыз, биз ошол багытта болобуз. Жамаат биз эмне кылаарыбызды айтсын?» – деп жооп беришет. Мына Ахмадий баланын ынтаасы. Ушул дымак качанкыга чейин туруктуу болсо, Жамаатка эч ким эч кандай зыян келтире албайт. ИншааАллаах кыяматка чейин ушул дымак туруктуу калат.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эми, динди дүйнөдөн жогору коюп, өзүн дербиш кылып алган жана өз жердештерин таштап, эски достору жана тууган-туушкандарынан айрылып, түбөлүккө мага кошуна болуп жайгашкан чоң жамаат мени менен бирге турат». («Асхааб-э-Ахмад», 5-том, 3-бөлүк, 130-бет, 1964-жылдагы басылыш)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Хибби филла Мавлавий Хакийм Нуруддин Сахиб Бехравий… Ал өз мал-мүлкүнөн мага көрсөткөн ушунчалык көп жардамына эч бир мисалды келтире албаймын. Мен анын табиятынан жана чын жүрөктөн дин кызматтарына жанын курман кылуучу экенин көрдүм. Туура, анын күндөлүк жашоосу ушул жолго арналган. Ал бардык жагынан Ислам жана мусулмандарга чыныгы кызматчы. А түгүл ушул Жамааттын жардамчыларынын арасында эң жогорку даражага ээ болду». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 777-бет)

Дагы Азирети Мавлавий Абдул-Карийм Сахиб (разияллааху анху)[3] туурасында мындай айтат:

«Ал бир күнөөсүз жашоо өткөргөн эле. Ал дүйнө көңүл ачуучулуктарынан такыр үлүш алган эмес. Динге карата урматсыздык деп жумушун таштаган. Бир нече күн мурда ага айлыгы 200 Рупийлик[4] жумуш чыккан эле, бирок бул инсан баш тартты. Ал карапайымдык менен өмүрүн өткөргөн. Араб тилиндеги китептерди берилгендик менен окучу. Исламга каршы ички жана сырткы чабуулдарга жооп кайтаруу менен өмүрүн өткөрдү. Катуу ооруганына жана алсыздыгына карабастан, калеми дайыма жаза берген». (Махмуд Мужийб Асгар: «Сийрат-э-Азирети Мавлавий Абдуль-Карийм Сахиб СиалкотийРА», 108-бет)

Малийр Котланын (Индия) раиси Азирети Навааб Мухаммад Алихан[5] өзүнүн бир тууганына жиберген бир катта мындай жазат:

«Мен кайсы максат-мүдөөлөр менен Кадиянга келип отурукташкан болсом, аларды ачык-айкын баян кыламын: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га Байъат кылганыма он эки жыл болуп калды. Мен өзүмдүн бактысыздыгым айынан он эки жыл отурдум. Кадияндан узак турдум, бул жерге кез-кезде саналуу күндөргө келип турдум. Дүйнө иштери менен алек болуп, өмүрүмдүн көп учурун текке кетирдим. Аягында ойлосом, өмүрүм шамал сыяктуу учуп кеткендей көрүнөт. Биз динди да, дүйнөнү да алалбай калдык.

Ушул жерге (Кадиян) алты айга ниет кылып келген элем. Ошентип, бул жерде өзүмдүн бардык иштериме кылдаттык менен ой жүгүрттүм. Акыры жүрөгүм мындай фатва-өкүм берди: динди ээрчисе, дүйнө иштери ийгиликтүү болот, бирок адамзат дүйнөнү ээрчисе, дүйнө дагы колдон кетет, дин дагы ойрон болот. Мен жакшылап көңүл буруп көрдүм: он бир жыл бою мен эч кандай ийгиликке жеткен эмесмин, бир туугандарым дагы эч кандай ийгиликке илешкен эмес. Ушул үмүтсүз ахвалдан улам биз күндөн-күнгө динибизди ойрон кылып жатабыз. Акыры: «Дүйнө иштерин эч ким бүтүрө алган эмес», – деп Малийр Котланы таштап, Хижрат[6] кылууга бекем ниет кылдым. Ал-Хамдулиллаа, өтө кубаныч менен айтамын: мен Котладан көчүп келдим. Ошондой эле Мухаажир[7] шарият боюнча өзүнүн эрки менен кайра Ата-Журтуна бара албайт. Тагыраак айтканда, аны үй (турак жай) кыла албайт. Мусаапыр катары келип кетсе болот. Ошондуктан, ушундай ахвалда менин келүүм кыйын. Менин абалым эң жакшы жана кубанычтамын. Биз кайсы «шамдын»[8] парвана-көпөлөгү болсок, андан кандайча ажырай алабыз…

Менин сүйүктүү агам! Мен ушул жерге Кудай үчүн келгенмин жана менин достугум жана сүйүүм дагы Кудай үчүн гана. Мен Котладан башка жердемин, бирок Котланын оор ахвалына катуу кайгырам. Кудай таала сизге, биздин тууган-туушкандарыбызга жана Котладагы бардык элге терең акыл жана аң-сезим берсин. Баарыңар Исламга чыныгы кызматчы болгула. Бүт баарыбыздын өлгөнүбүз да, тирүүбүз да Алла үчүн гана болсун. Биз Алла Таалага толук баш ийүүчү мусулман бололу… Динди дүйнөдөн жогору коюубуз, мээримдүү бийлигибизге шүгүрчүлүк кылып, ага толук баш ийүүбүз биздин Байъат шарттарыбызда бар. Ошол эле нерсе мени бир жерде кармап турат. Менин ыйманым бекемделген сайын дүйнө мага ошончолук төмөн-пас көрүнүп, дин жогорулап жатат. Кудай таала жана адамзаттын жакшылыгына шүгүрчүлүк кылуу сезими да күчөп баратат. Ошондой эле улуу бийликке баш ийүү жана шүгүрчүлүк кылуу жүрөгүмөн орун алууда». («Асхааб-э-Ахмад», 2-том, 126-129-беттер, 1952-жылдагы басылыш)

Ошондой эле Хакийм Фазлдин Сахибдин Исламга карата боорукерлигинин үлгүсү кезигет.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айтат:

«Хибби филла Хакийм Фазлдин Сахиб Бехравий. Хакийм Сахиб тууганым Мавлавий Хакийм Нуруддин Сахибдин досторунан болуп, анын адеп-ахлак түсүнө кирген, абдан ыкыластуу адам. Анын Алла жана Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды катуу сүйгөнүн билемин. Ошондуктан, менин дин кызматчысы экенимди көрүп, «хуббу лиллаах»[9] деген шартты орундатып жатат. Ага Ислам дининин чындыгын таратуу боюнча шык-ышкы сүйүктүү тууганым Мавлавий Хакийм Нуруддин Сахибге Кудай таала тарабынан берилген ышкынын арбын үлүшү окшойт. Ал ушул Жамааттын диний каражаттарына кылдаттык менен көңүл буруп, дайыма Чанда катары кандайдыр бир жолду издөө камында жүрөт». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 781-бет)

1923-жылы Шуддих деген «согуш» башталганда, Ахмадий үгүтчүлөрдүн ахвалы төмөнкүчө болчу: алар күн катуу тийип турган аптапта бир нече километрге чейин жөө жол жүрүшчү. Кээде тамак тургай, суу да насип болбойт эле. Көбүнчө чала бышкан жана туруп калган эски тамакты ичип алышчу же куурулган буурчак жеп, суу ичип күн кечирчү. Кээде аларда жарма болчу, ошону менен күн көрчү. Суфи Абдул-Кадийр Сахиб Нияз Би. Э. Мейнпурий жана Митхра (Индия) райондорун кезип, чамасы кырк айылды кыдырып, күнүнө болжолу менен он алты милл өлчөмүндө жөө басчу. («Ахмадият тарыхы», 4-том, 343-бет, 1963-жылдагы басылыш)

Америкада бир абдан белгилүү музыкант киши Ахмадий болду. Өз доорунда музыка дүйнөсүндө ушунчалык тездик менен көтөрүлүп бара жаткан эле: кыска убакта ал Америкага даңкын чыгарган. Ал жөнүндө окумуштуулар: «Бул келечеги кең музыкант. Адамдар аны өз доорунда таланттуу музыкант катары таанышат», – деп баа беришкен. Ахмадий болгондо, музыканы эч эстебеди, ал аркылуу келе турган байлыкка да ач көздүк менен карабады. Баарын бир эле көз ирмемде таштады. Эми дербиштердей өмүр сүрүп, Тахажжуд намазын калтырбай орундатууда. Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атын угаары менен көздөрү жашка толуп кетет. («Маахнаама Хаалид», 1988-жылдын январы, 40-бет)

Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) (Халифа болуусунан мурунку окуяны) мындай деп айтып берет:

«Мен ушул жерге эмнеге келдим? Карагыла, Бехрада (Пакистан) менин мыкты үйүм бар. Бул жерде мен бышпаган кыштан үй курдурдум. Ал жер мага бул жерден көрө жайлуу болчу. Бирок мен көрдүм: мен «кеселмин», абдан кеселмин; мен «муктажмын», абдан муктажмын; «аргасызмын», абдан аргасызмын. Ошондуктан, мен өз кайгы-капаларымды кетирүү үчүн ушул жерге келдим. Эгер кимдир бирөө менин үлгүмдү көргөнү Кадиянга келсе, же ушул жерге келип, бир аз мөөнөт туруп, бул жердеги адамдарга каршы сын айтса, бул анын жаңылышы, анын назары алданууда: ал ооруларды дени сак деп сынга алат. Ушул жердеги достук жана байланыштар, ушул жерге келүү жана кетүү, ошондой эле бул жерде жашоо – мунун баары Лаа Илааха Иллаллаахунун негизинде болушу керек. Болбосо, нан (тамак) жана секилер ж. б. үчүн келсеңер, анда силердин көпчүлүгүңөрдүн үйлөрүңөрдө ушул жерден жакшыраак нан ж. б. бар го, анан эмнеге ушул жерге келесиңер? Силердин бардык иштериңер Алла Таалага гана таандык болгондон кийин гана силер ошол сөзүңөр боюнча чынчыл болушуңар мүмкүн». (1904-жылы, 22-январда окуган жума кутбасы. («Хутбаат-э-Нур», 160-бет, жаңы басылыш)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Сахибзаада Абдул-Латийф Сахиб Шахийд туурасында мындай айтат:

«Ушул улуу маркумдун абдан суктанаарлык сыпаты мындай: чынында ал динди дүйнөдөн жогору койгон. Ошондой эле ал чынында Алла Тааладан коркуп, өз такыбалуулугун жана Алла Таалага баш ийүүсүн туу чокусуна жеткире турган чынчылдардан эле. Алла Тааланы ыраазы кылуу үчүн жана Анын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн өз жаны, ызааты, намысы жана мал-мүлкүн кандайдыр бир керексиз нерсе сыяктуу өз колу менен таштоого даяр тургандардан эле. Анын ыйман күчү ушунчалык бекем болчу: эгер аны бир чоңураак тоого салыштырсам да, менин салыштыруум алсыз болот деп коркомун. Көпчүлүк адамдар Байъат кылганына жана менин билдирүүмдү тастыктаганына карабастан, «дүйнөнү динден жогору коюу» деген уулуу уруктан толук кутулушпайт, тескерисинче аларда бир аз илдет калып калат. Кандайдыр бир жашыруун сараңдык, мейли жанга тиешелүү болсун, мейли абройго тиешелүү болсун, мал-мүлккө байланыштуу болсун, мейли адеп-ахлактык ахвалдарга байланыштуу болсун, алардын чала жан дүйнөлөрүндө кезигет. Ошондуктан, аларга карата менин ахвалым мындай болот: мен дайыма кандайдыр бир диний кызматты сунуш кылганымда: «Алар сыноого кабылып калбасын, ушул кызматты өзүнө жүк деп Байъатынан кол жуубасын», – деп коркомун. Бирок кандайдыр бир керексиз нерсе ташталып жиберилгендей, өз мал-мүлкүн, аброюн жана жанын мени ээрчигенинен улам таштаган ушул улуу маркумдун мактоо-алкоосуна кандай сөздөрдү колдоноюн. Мен көпчүлүктү көрөмүн: алардын башталышы менен соңкусу бирдей болбойт, кенедей эле кайгы же шайтандык азгыруу же жаман чөйрө айынан төмөндөп кетишет. Бирок ушул баатыр маркумдун туруктуулугун кандай сөздөр менен чечмелейин: ал ишенич нуруна карай күндөн-күнгө алга кадам таштай берди». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 8-бет)

Дагы мындай деп айтат:

«Шахийд маркум жан берип, менин Жамаатыма бир үлгү болгон. Чынында, менин Жамаатым бир чоң үлгүгө муктаж болчу. Азыркыга чейин булардын арасында ушундайлар бар: алардан арзыбаган кызматты аткарган бирөө: «Мен мыкты иш кылдым», – деп ойлойт. Ал мага милдет кылуусуна аз калды. Чынында, Алла Таала ага ушул кызматты аткарууга мүмкүнчүлүк берип, ага жакшылык кылды. Кээ бирөөлөр болсо, алар толук бойдон жана чын ыкластан бул жакка келишкен эмес. «Биз ыйманы бекем жана жогорку даражалуу чынчылдык жана ыкластуулук ээсибиз» деген билдирүүлөрүнө аягына чейин туруктуулук бере алышпайт. Дүйнө сүйүүсү үчүн динди колдон чыгара беришет жана кандайдыр бир арзыбаган сыноого да чыдай алышпайт. Кудай тааланын Жамаатына киргенден кийин дагы алардын дүйнөпарастыгы азайбайт. Бирок Алла Таалага миңдеген шүгүрлөр болсун, чын жүрөктөн ыйман келтирген, чын дилден ушул жолду тандаган жана ушул жолдо ар кандай жапа чегүүгө даяр тургандар да бар. Бирок Жамааттагы күчтөр ушул баатыр инсан көргөзгөн үлгүнү көрсөтө тургандары алигиче көзгө көрүнбөйт. Алла Таала ушул Шахийд маркум көргөзгөн үлгүдөй ыйманды баарына үйрөтсүн жана ошондой туруктуулук тартууласын. Ушул шайтандык чабуулдар коштолгон дүйнөлүк жашоо жетик инсан болууга тоскоол болуп калат. Ушул Жамаатка көптөгөн адамдар киришет, бирок тилекке каршы ушундай үлгүнү көрсөтө тургандар абдан аз болушат». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 55-56-беттер)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:

«Шахзаада Абдул-Латийф үчүн белгиленген шейиттиги орундалды. Эми заалимдин жазасы калды. «Иннаху ман йати Раббаху мужриман фа инна лаху жаханнама лаа йамууту фийхаа валаа йахйаа»[10]. Өкүнүчтүүсү, ушул Амир[11] «ман йактул муминам мутаъммидан»[12] деген аяттын курчоосуна кирди. Кенедей да Алла Тааладан корккон эмес. Ал – момун, ушунчалык мыкты момун: эгер Кабулдун бардык жерлеринен анын окшошун издесек да, таппайбыз. Ошондой адамдар сейрек чыгат. Алар чын жүрөктөн ыйман жана акыйкат үчүн жанын да курман кылышат, аялы жана бала-чакасына да карап отурушпайт. Эй, Абдул-Латийф! Сага миңдеген рахматтар болсун! Сен менин тирүүлүгүмдө эле чынчылдык үлгүсүн көргөздүң. Мен көз жумган соң менин Жамаатымда калган адамдардын эмне иштерди кылаарын мен билбеймин». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 58-бет)

Дагы мындай кошумчалайт:

«Мен Сахибзаада Мавлавий Мухаммад Абдул-Латийф маркумдун колунан келген ушул туруктуулук жана курмандыкка карап, өз Жамаатыма карата үмүтүм күчөйт. Анткени, Кудай таала Жамааттагы айрым мүчөлөргө мал-мүлк тургай, жанын ушул жолго курман кылууга күч-кубат берди. Ошол Кудай Сахибзаада Мавлавий Абдул-Латийфтин рухуна ээ болуп, анын руханийлигинин жаңы көчөтүнө ээ болгон көптөгөн адамдарды ушул Жамааттан жаратууну каалаганы көрүнөт». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 73-бет)

Мындан туура жүз жыл мурун Азирети Сахибзаада Абдул-Латийф Сахиб Шахийд шейит кылынган.

Эй, акыр замандагы Масийхи Мавъуд! Сага кут болсун! Сен өз сүйүктүү Жамаатыңа байланыштырган үмүттөрүңдү сенин Жамаатың орундатты. Сен Жамаатыңдан күткөн бардык үмүттөрүңдү аткарды. Мал-мүлк, убакыт жана жан курмандыгы боюнча эч качан чегинишкен эмес. Ушундай көрүнүштөргө бүгүн дагы биз күбөбүз. Анын жоктугунда да Жамаатта ошондой адамдар чыгышты. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менден кийин эмне болот деп кабатыр эле. Биз күбөлүк беребиз: сенден кийин дагы ушундай адамдар чыгышты: алар дүйнө кызыкчылыгына көңүл бурган да эмес, жандарын курман кылуудан да аяшкан эмес. Ата баласын өз көз алдында шейит болгонун көрдү, бала атасын өз көз алдында шейит болгонун көрдү, бирок алардын буту тайгаланган жок. Анан өз жанын да курман кылып койду.

Эй, ыйык Масийх! Сага кут болсун! Сенин тукумдарыңан дагы, сенин каныңан дагы жанын курман кылып, Жамаатты абдан чоң фитна-чагымчылыктан сактап калды. Алла таала ошол шейит кеткендердин баарынын даражаларын жогорулата берсин. Алла таала бизге да динди дүйнөдөн жогору коюуга, ар бир курмандыкка дайыма даяр болуп турууга жана ошол сезимди тукумубузга да тирүү кармап турууга күч-кубат берсин. Алла таала дайыма бизге ошондой мүмкүнчүлүк берип турсун.

(2003-жылдын 10-октябрында Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окулган жума кутбасынан алынды)

[1] Шар Дханад аттуу хинду Индияда мусулмандарды кайрадан хинду кылууга баштаган кыймыл.

[2] 1987-жылдын 3-апрелинде төртүнчү Халифа – Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллаах) негиз салган кыймыл. Анда Ахмадий ата-энелер өздөрүнүн төрөлө элек балдарын Ислам динине кызмат кылууга арнашат. Акыркы маалыматтар боюнча 30,000ге жакын кыздар жана балдар катталган.

[3] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[4] Индия-Пакистандын акча бирдиги.

[5] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[6] «Көчүү» дегенди билдирет.

[7] Бир жерден башка жерге көчкөн адам.

[8] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам).

[9] Сүйүүм Алла үчүн гана.

[10] «Таахаа» сүрөөсү: 75.

[11] Ал киши шейит кеткен кезде бийлик жүргүзүп жаткан Ооганстан падышасы.

[12] «Ан-Нисаа» сүрөөсү: 94.

Share via