Кызуу кандуулукка берилбөө • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

Дагы Байъат кылгандан кийин адамдар кандайча кызуу кандуулуктардан сактанышууда? Эми ошол доордон эмес, ушул доордогу Африкадагы адамдардан мисал келтиремин. Африкадагы Pagan[1] адамдарда абдан көп ыплас каада-салттар учурайт, бирок Ахмадиятка кирээр замат ошол каада-салттарга чекит коюшат жана өздөрүндө таза өзгөрүүнү жаратышат. Ошентип, алардагы мурунку жаманчылыктар эч качан болбогондой болуп калат. Ушундай рапорттор да келген: аракка берилгендер бир көз ирмемде андан жийиркене башташкан, башкалар да алардан терең таасирленбей калган эмес. Эл арасында ошону кеп кылышканда молдокелер: «Ахмадият аларды сыйкырлап койду, ошол үчүн алар ичпей коюшту», – деп айтышат.

Азыр бир окуя эсиме түштү. Бир даъватчыбыз мага айтып берди. Гана Республикасында бир киши Ахмадий болгон, анда ар түрдүү илдеттер бар болчу. Ар түрдүү – ичимдик дагы, зынаа дагы. Ал жерде мындай салт бар: жакырчылык айынан же үйлөр жетишпегендиктен адамдар чоң-чоң үйлөрдөгү бир бөлмөнү ижарага алышат. Ошондой жашоо салтка айланып кетти. Жогоруда кеп кылынган киши да ошондой чөйрөдө жашоочу. Аялдар менен достугу бар эле. Бирок, Ахмадиятты кабыл алган соң: «Кандайдыр бир жаман иш үчүн мага эч ким келбесин», – деп баарын кулактандырды. Бирок аялдардын бирөөсү абдан өжөр эле. Андан кутулуу үчүн мындай ыкманы туткан: алыстан анын келе жатканын көрүп, эшигин бекитип, дароо Нафл намазын же Курани каримди окуй баштачу. Ошентип, ал өзүн коргоду. Ахмадият алып келген ыңкылаптар – мына ошолор.

Дагы бир даъватчыбыз – урматтуу Мавлана Башир Ахмад Камар Сахиб мындай деп рабаят кылат: мен Ганадагы Ахмадия Жамаатынын мүчөлөрү менен айт намазынан кийин Башкы губернатор менен жолукканы бардым. Ал өзүнүн бардык белгилүү адамдары менен бизди күтүп отурган эле. Биз ичине кирген соң Ахмадийлер губернаторлор жана алардын жолдошторунун алдында сүрдөп, ырдай башташты. Жашы улуу бир Ахмадий губернатордун маңдайында желекчесин ары-бери желбиретип, ырдап жатты, калган үч жүзгө жакын Ахмадийлер да анын аркасында ошол эле сөздөрдү кайталап жатты. Мен котормочудан алардын эмне айтып жатканын сурадым. Ал мага айтты: булар Алла Тааланын мээримдүүлүктөрүн жана Исламдын берекелерин айтып беришүүдө. Алар мындай деп айтышууда: биз Бутпарас[2] жана Мушрик[3] элек. Биз адал менен арам жана жакшылык менен жаманчылыктан такыр кабарсыз элек. Жапайы жашоодо айбан сыяктуу жашаганбыз. Аракты суудай ичкенбиз. Ахмадия бизге туура жол көрсөттү, биз жаман илдеттерибизден кутулуп, адам болуп калдык. Ошентип, булар өз шаарынын эле Башкы губернатор жана башка чоңдорунун мурунку жүрүш-туруштарын, адеп-ахлагын жакшы билгендиктен, алардын алдында өздөрүнүн өзгөрүүсүн баса белгилеп көрсөтүшүүдө жана Жамааттын акыйкат экенин аларга жакшы жеткиришүүдө. (Мазмун катары «Маахнаама Ансааруллаах»,1984-жылдын январы, 30-31-беттерден алынды)

[1] Африкадагы уруулардын бири.

[2] Алла Тааланын ордуна таштан жасалган бут же айкелдерге сыйына турган адам.

[3] Башкаларды Алла Таалага шерик кылган адам.

Share via