Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
Бешинчи шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) төмөндөгүдөй убада алган эле: кыйынчылык, оорчулук, балээ, кырсык, кордук жана кемсинтилүү өңдүү кандай жагдай болбосун, эч качан Алла Таалага арызданбайсыңар. «Ооба, Анын ыраазычылыгына дайыма ыраазы болуп турамын», – деп Анын берешендигин сурап тургула. Бул жөнүндө бир топ иш жүзүндөгү үлгүлөрдү ортого таштаймын.
Эң алгач Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху)нун үлгүсү кезигет. 1905-жылдын августунда анын уулу Сахибзаада Абдул-Кайюм кызамык оорусуна чалдыгып бир нече күндөн кийин каза тапты. Ошол кезде жашы чамасы экиде болгон. Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) төмөнкүдөй үлгү көргөздү: ал (разияллааху анху) Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү боюнча алгач баланы өптү, ошондо көздөрү жашка толду. Мындай деди: «Мени кайгыдан улам баланын бетин ачып көрдү деп ойлобогула, тескерисинче Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын уулу Ибраахийм каза болгондо, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) анын бетинен өпкөн эле. Ошондо анын жашы агып кетти, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таалага мактоо-алкоо айтып, мындай деди: «Ажырашууну көз ирмемче да жактырбайбыз, бирок биз Алла Тааланын берешендиктерине ыраазыбыз». Ошол эле сүннөттү орундатуу үчүн мен дагы баланын бетин ачып өптүм. Бул – бизге Алла Тааланын берешендик жана кубаныч учуру болду: бир сүннөттү орундатып жатабыз».
Ошондой амал кылган инсан туурасында Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айткан:
چہ خوش بودے اگر ہر یک زاُمّت نورِدیں بودے
ہمیں بودے اگر ہر یک دل پُراز یقیں بودے
Котормосу: Эгер коомдун ар бир мүчөсү Нуруддин болуп кетсе, кандай жакшы болмок, бирок ар бир жүрөк ишенич нуруна толгон соң гана ошондой болушу мүмкүн.
Дагы Азирети Чавхдрий Насруллахан (разияллааху анху)нун бир мисалы кезигет. Чавхдрий Зафруллахан Сахиб (разияллааху анху) мындай баян кылат: «Биздин сүйүктүү инибиз Чавхдрий Шакруллахан Сахиб (разияллааху анху) маркумдан кичүү, сүйүктүү Чавхдрий Абдуллахан Сахиб (разияллааху анху) (маркум)дан улуу Хамийдуллахан аттуу бир тууганыбыз бар болчу. Ал сегиз-тогуз жаш курагында бир нече күн ооруп жатып, каза болуп калды. Ал Багымдат маалында көз жумду. Атабыз түнү бою ага карап отурду. Ал каза болгон соң, аны жуунтуп, кепиндөө, жаназа жана коюу өңдүү иштерин бүтүрүп, сот башталганда эреже боюнча жумушка кетти. Ал баласын мүрзөгө коюп, Алла Тааланын тагдырына ыраазы болуп, сабырдуулук көргөзүп, өз милдетин аткарыш үчүн (иш) тартибин бузбай, бел байлап ишке келгенин соттун төрагасы да, анын кесиптештери да, адвокаттын клиенттери да билген эмес». («Асхааб-э-Ахмад», 2-том, 165-166-бет, 1962-жылкы басылыш)
Азирети Казы Зыяуддин Сахиб (разияллааху анху)[1] мындай деп жазат: «(Аялы жана үч баласы каза болгон) Каршылаштар дагы ызы-чуу көтөрүштү. Кордоо жана түрдүү финансылык зыяндарды келтирүү үчүн ар кандай ыкманы колдонуп көрүштү. Үйүмө уурулукка да киришти. Эми баардык балээ-кырсыктарды бир жерге коюп, кылдаттык менен көңүл бурсак, менин канчалык кыйынчылыкка учураганымды жакшылап билсе болот: ошентип, Хузур (алайхиссалам) мурдатан эле кыскача кабарлаган баардык Илаахий балээ-кырсыктар жүз берди. Ошонун арасында Азирети Масийхи Мавъуд (разияллааху анху) мээримдүүлүк менен көңүл айтканы бир жооткотуучу кат жиберди: ал алдын ала бир кабардан турган. Ал орундалды жана орундалууда. Анда мындай жазылган эле: чынында сиз кандайдыр бир сыноого кирептер болдуңуз. Бул – Алла Таала Өзүнүн туруктуу пенделеринин туруктуулугун адамдарга айгинелөө үчүн жана сабырдуулук аркасынан чоң-чоң сыйлыктар менен сыйлоосу үчүн Алла Тааланын Сүннөтү. Алла Таала баардык балээ-кырсыктардан куткарат. Душмандар кордолушат. Сахаабалар (разияллааху анхум)дун доорундагыдай болот. Алла Таала алардын чөгүп бара жаткан «кемесин» кармап калды. Ушул жерде дагы ошондой болот. Алардын (каршылаштар) терс дубалары акыр аягында өздөрүнө эле тиет». Жүз ирет «Алхамдулиллаах!»[2] Хузур (алайхиссалам)дын дубасы менен ошондой болду. Мен ар кандай жагдайда туруктуулук жана сабырдуулук боюнча алга кадамдай бердим». («Асхааб-э-Ахмад», 6-том, 12-13-беттер)
Азирети Мавлавий Бурхаануддин Сахиб (разияллааху анху)нун[3] үлгүсү. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) Сиалкотко барып, лекция окуганы бир жерге кетип бара жатканда, башка достор да Хузур (алайхиссалам) менен чогуу болчу. Бир көчөдөн өтүп бара жатканда, кимдир бирөө тентектик кылып, тамдын үстү жагынан акыр-чикир чакасын ыргытты. Хузур (алайхиссалам) өтүп кеткендиктен, Алла Тааланын берешендиги аркасынан ага тийбей калды. Чакадагы акыр-чикир атабыздын башына тийди. (Муну баласы айтып берүүдө). Анан көз ирмемде ак сакал карыя адамдардын шылдыңдоолоруна айланды. Ал Хузур (алайхиссалам)ды ашыктардай берилип, сүйчү. Эс-мас абалда ошол жерде туруп калды жана зор кубаныч менен пенжабча: «Па майе па, па майе па», – деп айта баштады. Котормосу: эй, эне! Бул жерге таштагын, бул жерге. Аллага шүгүрчүлүк болсун, Хузур (алайхиссалам) себептүү ушул «белекке» ээ болдум», – деп айтчу.
Ошого окшош дагы бир окуя кезигет. Хузур (алайхиссалам) Сиалкоттон кайра кетип бара жатып, кызматчы сахаабалар аны поездге чыгаргандан кийин үйлөрүнө кайтып бара жатканда, ал белгисиз себептен артта жалгыз калды. Каршылаштар аны кармап алып, абдан кордошту. А түгүл оозуна тезек тыгышты. Бирок атабыз ошол кордолууну сый-урмат деп билип жана ошол кайгыдан канааттанып турчу. Кайра-кайра минтип айтчу: «Бурхания! Э неъмта киттхун». Котормосу: «Эй, Бурхаануддин! Ушул нээматтар кайдан насип болмок? Тактап айтканда, дин атынан кимдир бирөө эмнеге бирөөнү кыйнамак. Бул – бактылуулук». (Рабвахтагы «Маахнаама Ансааруллаах», 1977-жылы, сентябрь айы, 14-15-беттер)
Азирети Мавлавий Бурхаануддин Сахиб (разияллааху анху) туурасында Азирети Мавлавий Абдул-Мугний Сахиб (улуу баласы) мындай жазат: «Ахмадиятты кабыл алгандан кийин финансылык ахвалыбыз төмөнкүчө эле: ошол молчулук доордо биздин үйдөгүлөр айлап сары май дегенди көрчү эмеспиз. Отун сатып алуу ордуна биз Шишам[4] багынын кургак жалбырактарын жакчубуз, бирок кургак жалбырактардан тамак бышчу эмес. Ошондуктан, алгач буурчакты үйдө кууруп, анан аны майдалап алчубуз. Андан кийин казан асып, суу, туз, мурч кошуп жалбырактарды жага баштачу элек. Суу кайнай баштаганда, куурулуп, майдаланган буурчакты салчубуз. Мына ошол биздин жашылчабыз болуп, аны менен тамактанаар элек».
«Жалпысынан таруу, Баажра[5], кээде буудай нан. Май ордуна сейдананын майы колдонулчу. Сааг[6] ордуна бактардын жаш бутактарын Сааг катары бышырып жечүбүз. Кийимибиз молдолордукундай эмес, тескерисинче байыркы дыйкандардыкындай болчу». Дагы улантат: «Чындыгында, атабыз Хузур (алайхиссалам) менен жолугушуп, кандайдыр бир ышкыбоздук, сүйүү, шыктануу жана толкундоого берилген эле. Ошол сүйүү жана берилгендиктин аркасынан өзүнүн бейпилдигине жана тамагына да көп карабайт эле. Анын жападан-жалгыз максат-мүдөөсү: өзүндөгү болгон сүйүү отун – Аллага болгон ашыктыгын, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсүн, Хузур (алайхиссалам)га берилгендигин адамдардын көңүлдөрүнө жеткирүү. «Ахмадиятты кантип жайылтса болот» деген шыктануу, ышкы, кайгы жана ой менен ар дайым алек эле. Тамактанууга да, кийинүүгө да көңүл бурбачу. Энем экөөбүз ушул ахвалда канчалык оор жашаганыбызды Алла Тааланын Өзү жакшы билет. Ошол оорчулук жана жокчулукта да, абийирдүүлүк (намыс), сабырдуулук жана туруктуулуктун бекем аскасы элек. Дин маселесинде абдан намыстуу болчубуз: эч кандай ач көздүк, эч кандай достук жана тууганчылык байланышы дагы жолубузду тосо албады. Ал-Хамдулиллаа сумма ал-Хамдулиллаа! Бизге ушундай чөйрөдө тарбия берилди: дүйнө жана анын кызыкчылыктары биздин назарыбызда төмөн-пас көрүндү. Ошол бейкажеттикке карап адамдар: «Мырза Азирети Мавлавий Сахибге айлык берет», – деп айта да башташты. (Рабвахтагы «Маахнаама Ансааруллаах», 1977-жылы, сентябрь айы, 11-12-беттер)
[1] 1. Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.
[2] Бардык мактоо-алкоо Алла Таалага гана таандык.
[3] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.
[4] Индия-Пакистанда өсүүчү бак-дарак.
[5] Индия-Пакистанда өсүүчү буурчактай дан.
[6] Зыгыр жалбырактарынан жасала турган индиялык тамак.