Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
Анан ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Кыскасы, менин колума кылына турган Байъаттын эки пайдасы бар: биринчиси, күнөөлөр кечирилет жана инсан Алла Тааланын убадасына ылайыктуу кечиримдүүлүккө акылуу болуп калат; экинчиси, Маамурдун[1] алдында тобо кылуудан күч-кубат насип болот жана адам шайтандык чабуулдардан сактанат. Билип койгула, ушул Жамаатка кирүүнүн максат-мүдөөсү дүйнө болбош керек, тескерисинче Алла Тааланын ыраазычылыгы болушу керек. Анткени, дүйнө убактылуу жай, кандай болсо да, өтүп кетет.
شب تنور گذشت و شب سمور گذشت[2]
Дүйнө жана анын максат-мүдөөлөрүн бүтүндөй өзүнчө койгула. Аларды динге такыр кошпогула, себеби дүйнө жок болуучу нерсе, ал эми диндин жемиштери түбөлүк». («Малфузаат», 6-том, 145-бет)
[1] «Алла Таала тарабынан дайындалган» дегенди билдирет.
[2] Жыргал менен кайгы – экөөсү тең өтүп кетет. Колунда бар убакты пайдалануу керек жана туш келген кырсыктардан коркпош керек.