Кечиримдүү болгула
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) «жакшылык кылуу» түрлөрүн баяндап жатып, жакшылык кылууга таандык адеп-ахлактын экинчи түрү тууралуу мындай дейт:
«Алардын биринчи адеп-ахлагы – кечиримдүүлүк. Тагыраак айтканда, кимдир бирөөнүн күнөөсүн кечирип жиберүү. Мында төмөнкүдөй жакшылык кылуу бар: күнөө кылган киши кандайдыр бир зыян жеткирет, ага да зыян жеткирүү, жаза бердирүү, түрмөгө салдыруу, штраф салдыруу же өзү ага кол салуу зарыл болуп калат. Демек, эгер кечирип коюу ылайыктуу көрүнсө, аны кечирип жиберүү – ага карата жакшылык кылуу дегендик. Бул тууралуу Курани Каримдин таалими төмөнкүчө:وَ الۡکٰظِمِیۡنَ الۡغَیۡظَ وَ الۡعَافِیۡنَ عَنِ النَّاسِ[1]وَ جَزٰٓؤُا سَیِّئَۃٍ سَیِّئَۃٌ مِّثۡلُہَا ۚ فَمَنۡ عَفَا وَ اَصۡلَحَ فَاَجۡرُہٗ عَلَی اللّٰہِ [2]Башкача айтканда, ачуусун ичине жута турган маалында ачуусун ичине жута турган жана кечирүү маалында күнөөнү кечире тургандар жакшы пенделер. Жаманчылыктын жазасы кылынган жаманчылыкка тете. Кимде-ким күнөөнү кечирсе, натыйжасы кандайдыр бир жаманчылык эмес, оңолуу болгон маалында күнөөнү кечирсе, тактап айтканда, кечирүүгө ылайыктуу жагдай болсо, ылайыксыз жагдай болбосо, анда ал сыйлыгын алат». («Руханий хазаайин», 10-том, «Ислам усулдары философиясы», 351-бет)
Белгилүү бир хадис кезигет. Силердин көпчүлүгүңөр уккан болушуңар керек. Анда Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн көкүрөгүнө ишаарат кылып: «Такыба – бул жерде», – деп айткан. Тагыраак айтканда, эгер нукура жана теңдеши жок такыба кандайдыр бир жерде болушу мүмкүн болсо, ал бир гана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза жүрөгүндө. Ал жүрөктө такыбадан бөлөк эч нерсе жок.
Демек, эй, адамдар! Эй, момундар жамааты! Силерге берилген түбөлүктүү буйрук төмөнкү: силер амал кыла турган эң сонун үлгү – Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза үлгүсү. Демек, силер: «Биз ошол эң таза үлгүгө амал кылып жатып, өзүбүздү такыбага толтурууга аракет кылуудабызбы? Биздин ичибизде да Алла Тааланын коркунучу, Анын айбаттуулугу натыйжасында Анын жаратылышына карата боорукерлик жана кайрымдуулук барбы?» – деп ичиңерди текшерип көргүлө.
Эми мен толук хадисти баяндап беремин.
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Өз ара көрө албастык кылбагыла. Өз ара жаңжалдашпагыла. Өз ара кек сактабагыла жана бири-бириңерге душмандык кылбагыла. Силердин бирөөңөр да башка бирөөнүн соодасынын үстүндө соода кылбасын. Эй, Алланын пенделери! Өз ара бир тууган болгула. Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ал бир тууганына зулумдук кылбайт, аны кордобойт, аны кемсинтпейт». Анан Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн көкүрөгүнө ишаарат кылып, үч жолу мындай айтты: «Ат-Такваа хаахунаа»[3]. Кимдир бирөөнүн мусулман бир тууганын кемсинтүүсү анын жаманчылыгы үчүн жетиштүү. Ар бир мусулманга башка мусулмандын каны, мал-мүлкү жана ызаатына (кол салуу) тыюу салынган». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах, Баабу тахрийми зулмул-Муслими ва хузлах)
[1] «Аали-Имраан» сүрөөсү: 135
[2] «Аш-Шуура» сүрөөсү: 41
[3] Котормосу: такыба – бул жерде.