Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
Мындан бир кылым илгери Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын тирүү кезинде эки улук инсан өзүнүн толук берилгендик жана туруктуулугунун жеткилең үлгүсүн көрсөткөн. Алар өзүнүн Байъат убадасын орундатышкан, болгондо да эң сонун орундатышкан. Байъат убадасын бузуу үчүн алар түрдүү кызыкчылыктарга чакырылган, бирок кадамы бекем болгон ушул улук инсандар ага такыр азгырылган эмес жана Байъат убадасынын үстүндө туруктуу бойдон калышты. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) аларга чоң баа берген. Булар – Азирети Саахибзаада Саййид Абдул Латийф Шахийд[1] (разияллааху анху) жана Абдур Рахмаанхан Сахиб[2] (разияллааху анху). Хузур (алайхиссалаам)дын бир үзүндүсүн келтиремин:
«Эми ыйман жана ынсап менен ойлонуу керек: кайсы Жамаат толук бойдон айла-амал, алдамчылык, жалганчылык жана жалааларга сүйөнө турган болсо, анда анын мүчөлөрү ушундай туруктуулук жана эр жүрөктүктү көрсөтүшөбү: ушул жолдо таш бараң болууну кабыл кылышууда, бала-чакасына да байланбай, ошончолук баатырлык менен жанын курман кылышууда жана аларга: «Байъатыңарды бузгула, силерди коё беребиз», – деп кайра-кайра убада берилди, бирок алар ушул жолду ташташкан эмес. Куду ушундай Шейх Абдур Рахмаан дагы Кабулда союлуп салынды, бирок унчукпады жана: «Мени коё бергиле, мен Байъатты бузайын», – деп да айткан жок. Чыныгы дин жана чынчыл Имамдын белгиси да ошондой: кимдир бирөө ал жөнүндө толук-жетик билимге ээ болгон соң жана ыймандын таттуулугу анын жан-дүйнөсүнө сиңип кеткен соң, ошондой адам ушул жолдо өлүүдөн да коркпойт. Ооба, үстүрттөн эле ыйман келтирген жана түп тамырына чейин ыйман кирбегендер болсо, Иуда сыяктуу кенедей нерсеге ач көздөнүп, динден кайтып кетишет. Ошондой ыпылас дин безерлердин көптөгөн үлгүлөрүн ар бир пайгамбардын доорунан кезиктирүүгө болот. Демек, ыкыластуулардан турган чоң Жамааттын мени менен болгону үчүн Алла Таалага шүгүрлөр болсун. Алардын ар бири мен үчүн бир белги-жышаан. Бул – менин Кудайымдын берешендиги.رَبِّ اِنَّکَ جَنَّتِیْ وَرَحْمَتُکَ جُنَّتِیْ وَآیَاتُکَ غِذَائِیْ وَفَضْلُکَ رِدَائِیْ(Котормосу: Эй, Раббим! Сен менин бейишимсин. Сенин рахматың – менин калканым. Сенин белги-жышаандарың – менин азык-түлүгүм. Сенин берешендигиң – менин жамынчым). («Руханий хазаайин», 22-том, «Хакийкатуль-Вахий», 360-361-беттер)
Жамааттын мындан кийинки жүз жылдан ашык тарыхы да буга күбө: ушул тууганчылык жана туруктуулук үлгүлөрү улана берди. Мал-мүлк жана жан жагынан зыян келтирилди, шейит кылынышты, уул атасынын көзүнчө, ата баласынын көзүнчө өлтүрүлдү. Баарынан да жакын дос болгон Кудай ушул канды бекерге кетиреби? Жок, Ал мурдагысынан да көбүрөөк рахмат жана айкөлдүктөр жамгырын алардын тукумдарына жаадырды. Ушул жерде бар болгонуңар жана дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөрдө жайгашканыңардын көпчүлүгү буга тирүү күбө. Тескерисинче, силердин көпчүлүгүңөр ошол берешендик-айкөлдүктөрдүн жемиши болдуңар. Бул – Алла Таалага ыйманы бекем бойдон турганыңар жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га кылган Байъат убадаңардын үстүнөн чыкканыңардын натыйжасы гана. Молчулукта силер же силердин тукумуңар ушул Байъат убадасын унутуп жибербесин. Ушул айкөлдүк силердин тукумдарыңарда да улана бериши үчүн дайыма сүйүктүү Кудайыңар менен ыйманыңарды бекемдеген бойдон тургула. Ушул бекемдик алакасын кийинки муундарга да улантып кете бергиле.
[1] Афганистанда 1903-жылдын 14-июлунда Ислам-Ахмадият үчүн өз жанын курман кылып, шейит болгон улуу аалым.
[2] Афганистанда Ислам-Ахмадият үчүн өз жанын курман кылып, шейит болгон эң биринчи Ахмадий.