Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
Бир окуя кезигет: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) 1892-жылы Жаландхар шаарына (Индия) барды. Хузур (алайхиссалам) үстүнкү бөлмөдө жайгашкан эле. «Кызматчы аялдардын бирөөсү Хукка[1] коюп, кандайдыр бир иш жасаганы кетти. Чок полго түшүп, полдун бир бөлүгү күйүп кетти. Намаздан кийин көрүп өчүрүштү. Ошол кезде Хузур (алайхиссалам) Хукка – тамеки тартуучуларга нааразы болуп, жийиркенгенин билдирди. Ошол кабар астынкы кабатка чейин жетти. Бир топ Хукка тартуучу адамдар өз Хуккаларын талкалап салышты жана тамеки тартууну ташташты. Ошол күнү Жамаат да Хузур (алайхиссалам)дын Хукканы жактырбаганын билди. Ошондо көптөгөн кайраттуу Ахмадийлер Хукка тартууну таштап коюшту». («Асхааб-э-Ахмад», 10-том, 157-158-беттер, 1985-жылдагы басылыш)
Саахиваалдык[2] Мырза Ахмадбек дагы бир рабаятты баяндайт: Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) бир жолу менин тайекем Мырза Гулаамуллага: «Мырза Сахиб! Досторуңузга Хукканы таштоого насаат кылыңыз», – деп айтты. Тайекем өзү да Хукка тартчу эле. Ал: «Хузур! Албетте, ошондой кыламын», – деп жооп берди. Үйгө келип, дубалга жөлөнүп турган Хуккасын талкалап салды. Жеңем: «Бүгүн ыктымал Хукка ысыкта тургандыктан, нааразы болуп ошондой кылды», – деп ойлоду. Бирок, эч кимге эч нерсе дебегенден кийин жеңем: «Бүгүн эмнеге Хуккага ачууландыңыз?» – деп сурады. Ал: «Хузур (разияллааху анху) мага: «Хукка тартуучуларга Хукка тартпоого насаат кылыңыз», – деп буюрду. Мен өзүм да Хукка тартамын. Ошол себептүү эң алгач аны талкаладым», – деп жооп кайтарды. Ошентип, тайекем өлгөнгө чейин Хуккага жакындаган да жок жана башкаларга да Хукканы таштоого насаат кылып турду». («Савааних Фазли Умар», 2-том, 34-бет)
Акыркы күндөрдө Хукканын жаман адаты сигарет формасында уланууда. Сигарет тартуучулар аны таштоого аракет кылуулары керек. Анткени, айрыкча жаштарда тамеки тартуу адаты кийнчерээк бир нече түргө айланып кетет, анан наркотикалык нерселерди кошуп, тарта башташат. Бул Дажжаал тарабынан таркатылган жаштардын жашоосун ойрон кылуу жакка шилтелген кадам. Тилекке каршы, мусулман өлкөлөр дагы ага кошулуп кетти. Кыскасы, биздин жаштарыбыз сигарет чегүүнү токтотуулары керек.
[1] Индия, Пакистан, Бангладеш жана кээ бир араб өлкөлөрүндө тамеки тартуунун бир аспапы. Бизче чылым деп аталат.
[2] Пакистандын шаарларынын бири.