Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Дагы карапайымдык жана жөнөкөйлүк тууралуу ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«… Алла Тааланын азабы келип, тобо эшиги жабыла электе тобо кылгыла. Дүйнөлүк мыйзамдан ошончолук корккон соң, эмнеге Алла Тааланын мыйзамынан коркпойбуз? Балээ-кырсык башка түшкөн соң анын даамын татууга туура келет. Ар бир киши Тахажжуд (намазы) үчүн турууга аракет кылсын. Беш маал намазга да Кунуутту[1] кошуп жибергиле. Алла Тааланы нааразы кыла турган ар бир иш-аракеттен тобо кылгыла. Тобонун мааниси – бардык жаманчылыктар жана Алла Тааланы нааразы кыла турган себептерди таштап нукура өзгөрүүгө ээ болуу жана алга кадамдай берип, такыба болуу. Мында да Алла Тааланын ырайымы түшөт. Адамдык адеп-ахлак жана кулк-мүнөздү оңдогула. Ачууланбагыла. Анын ордуна таазим кылуучу жана карапайым болгула. Мүнөзүңөрдү оңдоо менен бирге, колдон келишинче, кайыр-садага берүүгө да адаттангыла.[2]وَیُطۡعِمُوۡنَ الطَّعَامَ عَلٰی حُبِّہٖ مِسۡکِیۡنًا وَّیَتِیۡمًا وَّاَسِیۡرًاТактап айтканда, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жардылар, жетимдер жана туткундарды тамактандырышат жана: «Биз Алланын ыраазычылыгы үчүн гана беребиз жана биз абдан сүрдүү Күндөн[3] коркобуз», – деп айтышат.

Кыскасы, дуба сурагыла жана тобо кылгыла, ошондой эле Алла Таала Өзүнүн жардамы жана колдоосу менен силерге мамиле кылуусу үчүн кайыр-садага берип тургула». («Малфузаат», жаңы басылыш, 1-том, 134-135-беттер)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт:

«Демек, эй, достор! Ушул принципти бекем туткула. Ар бир улут-коомго жумшак жана сылык мамиле кылгыла. Сылыктык менен аң-сезим жакшырып, карапайымдыктан терең ой пайда болот. Ушул ыкманы тутпаган киши – бизден эмес. Эгер бирөө биздин Жамаатыбыздан болуп, каршылаштардын орой сөздөрү жана сөгүнүүлөрүнө сабыр кылбаса, ал сот аркылуу мыйзам чегинде чара көрсө болот, бирок оройлукка орой сөз сүйлөп, бүлүк салуу ага жарашпайт. Бул – биз өз Жамаатыбызга кылган осуят. Ким ага амал кылбаса, биз ошондой адамдан качабыз жана өз Жамаатыбыздан кубалайбыз». («Таблийг-э-Рисаалат», 6-том, 170-бет; «Мажмуъа-э-Иштихаараат», 2-том, 472-бет)

[1] Алла Тааланын жардамын тилеп, сурала турган дуба.

[2] «Ад-Дахр» сүрөөсү: 9.

[3] Кыямат күнү.

Share via