Тахажжуд намазын орундаткыла
Анан үчүнчү шартта: «Ал Тахажжуд намазын орундатсын», – деп кезигет.
Алла Таала мындай дейт:وَ مِنَ الَّیۡلِ فَتَہَجَّدۡ بِہٖ نَافِلَۃً لَّکَ ٭ۖ عَسٰۤی اَنۡ یَّبۡعَثَکَ رَبُّکَ مَقَامًا مَّحۡمُوۡدًاКотормосу: Жана түндүн бир бөлүгүндө дагы бул (Куран) менен тахажжудду окуп тур. Бул сен үчүн нафл катары болот. Балким, Парбардигериң сени эң бийик даражага көтөрөөр. («Бани Исраайил» сүрөөсү: 80)
Азирети Билал (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Силер Тахажжуд намазын орундаткыла, анткени бул мурунку саалих-жакшылардын жолу жана Алла Таалага жакындоо куралы. Бул адат күнөөлөрдөн кайтарат, жаманчылктарды кетирет жана денелик оорулардан сактайт», – деп айтканын рабаят этет. («Сунан Тирмезий», Китаабуд-Даъваат, Баабу фий дуъааин-НабиййиСАВ)
Бир хадисте мындай кезигет. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Түндүн акыркы бөлүгүндө Алла Таала бул дүйнө асманына түшүп келет жана: «Менден дуба сурай турган бирөө барбы, Мен дубасын кабыл кылайын. Менден кечирим сурай турган бирөө барбы, Мен аны кечирип жиберейин, Менден ырыскы сурай турган бирөө барбы, Мен ага ырыскы берейин. Өзүнүн кыйынчылыктарын алып таштоо үчүн Менден дуба сурай турган бирөө барбы, Мен анын кыйынчылыктарын алып таштайын», – деп айтат. Эртең менен таң атканча Алла Таала ошондой айтып турат», – деп айтканын рабаят этет. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 2-том, 521-бет, Бейрут)
Көптөгөн кишилер дуба үчүн (мага) жазышат. Эгер өздөрү да ушул ыкмага амал кылышса, (өздөрүнө) Алла Тааланын берешендиктер жамгырынын жааганына күбө болушат.
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Алла Таала: «Ким Менин досума душман болсо, Мен ага каршы согуш жарыясын жарыялаймын. Менин пендем Мага жаккан жана Мен ага парыз кылган нерсе аркылуу Мага канчалык жакын болсо, башка бир дагы нерсе аркылуу ошончолук жакын боло албайт. Нафлдар аркылуу Менин пендем Мага жакын болуп калат, а түгүл Мен аны сүйө баштайм. Мен аны Өзүмө дос кылып алганымдан кийин Мен ал уга турган кулактар болуп каламын, ал көрө турган көздөр болуп каламын, ал тута турган колдор болуп каламын, ал баса турган буттар болуп каламын. Тагыраак айтканда, Мен Өзүм эле ага дос болуп каламын. Эгер ал Менден сураса, Мен ага беремин, эгер ал Менден паана талап кылса, Мен ага паана беремин», – деп айтат. («Сахих Бухарий», Китаабур-Рикаак, Баабут-Таваазуъи)
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Түн ичинде туруп, намаз окуган жана жубайын да тургузган кишиге Алла Таала ырайым кылсын. Эгер ал турууда жалкоолонсо, ал ойготуш үчүн анын бетине суу чачсын. Ошондой эле түнкүсүн туруп, намаз окуган жана күйөөсүн (да) ойготкон аялга Алла Таала ырайым кылсын. Эгер ал (күйөөсү) ойгонууда жалкоолонсо, анда аны ойготуш үчүн бетине суу чачсын», – деп айтканын рабаят этет. («Сунан Абу Давуд», Китаабут-Татаввуъ, Баабу Киямил-Лайли)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Биздин Жамаатыбыз Тахажжуд намазын өзүнө адат кылып алуусу керек. Ким көп (рекет) окуй албаса, эки эле рекет окуп алсын, анткени дуба суроо мүмкүнчүлүгүнө баарыбир ээ болуп калат. Ошол маалдагы дубаларда өзгөчө таасир болот, себеби ал дуба чыныгы муң жана күчтүү сезим менен чыгат. Бир өзгөчө муң жана күчтүү сезим жүрөктө болмоюнча кимдир бирөө ырахаттуу, таттуу уйкудан кандайча ойгоно алат? Демек, ошол маалда ойгонуунун өзү эле жүрөктө кандайдыр бир дартты жаратып коёт, андан дубада кандайдыр бир жалынуу жана жалбаруу маанайы пайда болуп калат. Ошол эле маанай, алсыздык жана тынчсыздык дубанын кабыл болуусуна себеп болуп калат. Эгер ойгонууда жалкоолонсо жана эринсе, анда жүрөктө муң жана жалбаруу ахвалы пайда болбошу – бул табигый нерсе, себеби уйку кайгы-капаны кетирет. Бирок уйкудан турганда, ал уйкудан да чоңураак кандайдыр бир муң жана кайгы аны ойготуп жатканын көрөт». («Малфузаат», жаңы басылыш, 2- том, 182-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Алла Таала силерге Өзүнүн жолун көргөзсүн үчүн түн ичинде туруп дуба кылгыла. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары да акырындап тарбия алышкан. Алар илгери эмне болушкан? Бир дыйкандын урук отургузганы сыяктуу болчу. Анан аны Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сугарган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алар үчүн дубаларды сураган. Үрөн жакшы жана жер мыкты болгондуктан, ал сугат жакшы түшүм берди. Алар Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүргөнүндөй эле жүрүшчү. Алар күндү же түндү күтүп отурбайт эле. Силер чын жүрөктөн тобо кылгыла. Тахажжуд үчүн тургула, дуба кылгыла, дилиңерди оңдогула, кемчиликтерди таштагыла жана өз сөзүңөр менен амалыңарды Алла Тааланын ыраазычылыгына ылайыкташтаргыла». («Малфузаат», жаңы басылыш, 1-том, 28-бет)