Байъат деген эмне?
«Биз жаңыдан Байъат кылдык. Байъат шарттарын орундатууга сөз да бердик, убада да кылдык, бирок биз кабыл алган ошол Байъат шарттары эмне экенин билбейбиз жана түшүнбөйбүз» – деген сөздөрдөн турган айрым дос-туугандардын каттары келет. Мен муну сезип: «Бүгүнкү Жалсада ушул тема жөнүндө бир аз сөз кылсам жакшы болот», – деп ойлодум. Тема абдан чоң болгондуктан, бул жерде бардык шарттарды камтууга мүмкүн эмес. Бирок бир-экөөсүн бир аз кеңири айтып берүүгө аракеттенем. Кудай буюрса, келечекте ушул теманы кутбаларда же кандайдыр бир башка учурда баяндаймын.
Байъат деген эмне?
Биринчиден, Байъат деген эмне? Аны чечмелеп, хадистер жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын айткандарынан үзүндүлөрдү келтиремин. Хузур (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Бул Байъаттын нукура мааниси – өзүн сатып жиберүү. Анын берекелери жана таасирлери ушул шартка байланыштуу. Маселен: үрөн жерге себилгенде, анын алгачкы ахвалы мындай: туура, ал дыйкандын колунан себилет, бирок андан ары анын эмне болоорун эч ким билбейт. Бирок, эгер ал үрөн сапаттуу болсо жана анда өнүү жөндөмдүүлүгү болсо, Алла Тааланын берешендиги жана ошол дыйкандын аракети менен өсүп чыгат жана бир дандан миң дан пайда болот. Дал ошондой Байъат кылган киши алгач жөнөкөйлүк менен карапайымдыкка ээ болуусу керек жана өзүмчүлдүк менен напсисинин жеңил каалоосунан оолак болуусу лаазым, ошондо гана ал өсүп-өнүүгө ылайыктуу болот. Бирок Байъат кылгандан кийин дагы напсисинен кутулбаган киши эч файз-береке ала албайт». («Малфузаат», 6-том, 173-бет)