Ичимдиктин арамдыгы
Бүгүнкү күндөрдө да, бир нече жыл мурда да кээ бир Ахмадийлер бул жерде да, Германияда да жана башка өлкөлөрдө да бизнеси ичимдик менен байланышкан ресторан жана мейманканаларда (иштечү). Хадис боюнча ичимдикти даярдоочу, ичүүчү, сатуучу жана сактоочу – булардын баары тозокко барышат деп айтылган. Ошондуктан, Азирети Халифатул-Масийхир-Раабиъ (рахимахуллах) мындай жарыяны жарыялаган эле: ошондой иштер менен алек болгон ар бир Ахмадий дароо ошол бизнести таштоосу керек, болбосо аларга каршы катуу иш-чара колдонулат. Анан Хузур (рахимахуллах)тын өзү айткан: Алла Тааланын берешендигинен көпчүлүгү ошол бизнести ташташты. Айрымдарына Алла Таала дароо жакшыраак бизнес тартуулады, айрымдарын сыноодон да өткөрдү, алар бир топко чейин жумушсуз калышты. Бирок чыдамкайлык менен өз чечимдерине туруктуу болушту, ошентип экинчи бул ыплас жумушка кол урууга аракеттенишкен жок.