Кызуу кандуулукту басуу
Дагы «кызуу кандуулукту басуу» деген шарт бар. Бул жөнүндө кандай мисалдар кезигет? Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) бир өзгөчөлүктү мындай эстейт: хиндилер менен бир жыйын өткөрүлдү, ошол жерде чыр-чатак чыгып кетти. Жамаат өтө сабырдуулук көрсөттү. Ал (алайхиссалам) мындай деп улантат: «Эгер ичи таза мусулмандар өзүнүн маданияттуулугун эсепке албаганда жана Куран таалими боюнча сабырдуулук кылып, ачуусун басышпаганда, ошол кара ниеттүү адамдардын көтөргөн ызы-чуусунан жыйын майданы канга айланып кетүүсүнө аз калган эле. Бирок биздин Жамаатыбызга миң алкоолор болсун, азамат, алар абдан зор сабырдуулук үлгүсүн көрсөтүп, чыдамкайлык кылышты. Аариялардын[1] октон да жаман сөздөрүн угуп, сүкүт сакташты». («Руханий хазаайин», 23-том, «Чашма–э–Маърифат», 10-бет)
Дагы мындай деп кошумчалайт:
«Эгер мен өз Жамаатымды сабырдуулукка насаат кылбаганымда, эгер мен илгертеден өз Жамаатымды: «Орой сөздөргө дайыма сабыр кылгыла», – деп даярдабаганымда, ал жыйын кан майданына айланып кетмек. Бирок ошол сабырдуулук таалими алардын кызуу кандуулуктарын басты». («Руханий хазаайин», 23-том, «Чашма–э–Маърифат», 8-бет)
Ошондой эле кызуу кандуулукту басуу туурасындагы Азирети Саййид Абдусаттаар Шах (разияллааху анху)нун[2] мисалы кезигет. Бул – абдан ажайып үлгү. Мындай рабаят бар: «Бир күнү Азирети Шах Сахиб (разияллааху анху) намаз окуганы жакынкы мечитке барды. Ошол кезде Ахмадиятка катуу душман болгон Чавхдрий Рахиймбахш Сахиб даарат алуу максатында чопо кумганды колуна алып, ал жерде турган эле. Азирети Доктор Сахибди көрөөр заматы (Доктор Сахиб өкмөттүк атайын доктор болчу, ошол жердеги өкмөттүн ооруканасында иштөөчү) дин тууралуу сүйлөшө баштады. Азирети Доктор Сахибдин кандайдыр бир сөзүнө ачууланып, Чавхдрий Рахиймбахш ал (разияллааху анху)нун бешенесине чопо кумган менен уруп жиберди. Кумган бешенесине тиери менен сынып кетти. Бешененин сөөгү да жаракат алып, кызыл жошо кан ага баштады. Доктор Сахибдин кийимдери канга боёлуп кетти. Ал жаракаттанган жерин колу менен кармап, даарылатканы дароо бейтапканага жөнөп кетти. Ал кеткен соң Чавхдрий Рахиймбахш эмне болот деп кайгыра баштады. Бул өкмөттүк даарыгер, жетекчилер дагы аны гана угушат, мен эми аман калбаймын го. Мен кайда качып кетсем, эмне кыламын? Ал ошондой ойлор менен корккон бойдон мечитте отура берди. Доктор Сахиб бейтапканага барып, жарасына мазь тартып, таңып, кан болгон кийимин алмаштырып, намаз окуганы кайра ошол мечитке келди. Доктор Абдусаттаар Шах (разияллааху анху) кайрадан мечитке кирип, Чавхдрий Рахиймбахшты көрөөр замат жылмайды жана күлүмсүрөп: «Чавхдрий Рахиймбахш! Ачууң басылдыбы же жокпу?» – деп сурады.
Ушул сөздү угаар менен Чавхдрий Рахиймбахштын ахвалы жеңилдей түштү. Дароо эки колун куушуруп, кечирим сурады жана мындай айтты: «Шах Сахиб! Менин Байъат катымды жазыңыз. Ошондой сабырдуулук, мээримдүүлүк жана кечиримдүүлүк мамилесинин үлгүсүн Илаахий Жамаат мүчөлөрүнөн башка эч ким көргөзө албайт». Ошентип, Чавхдрий Сахиб Ахмадий болуп калды. Бир аз мөөнөттөн кийин анын калган үй-бүлөөсү да Ахмадиятка кирди». (Ахмад Тахир Мырза: «Азирети Доктор Абдусаттаар Шах Сахиб», 63-бет, Мажлис Худдаамул-Ахмадия Пакистан тарабынан бастырылган)
Ошентип, мен бир нече үлгүлөрдү айтып өттүм. Булар алгачкы үч-төрт Байъат шартына байланыштуу. ИншааАллаах! Мындан ары да Байъат кылгандан кийин ошол адамдарда кандай ыңкылаптар жүз бергени тууралуу дагы башка үлгү-мисалдарды келтиремин. Анткени, жаңы келгендер да, кийинки муундар да, аларды билип, өздөрүндө таза өзгөртүүлөрдү жаратсын жана эч качан Дажжаалдан коркушпасын. Аамийн.
(2003-жылы, 26-сентябрда Лондондогу «Фазл» мечитинде окулган жума кутбасынан алынган)
[1] Хинду дининин бир агымы.
[2] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам МахдийАСдын сахаабаларынын бири.