Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
Азирети уммул-Му’минийн (разияллааху анхаа)нын[1] сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсүнүн мисалы. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын жашоосунун соңку көз ирмемдеринде Азирети уммул-Му’минийн (разияллааху анхаа) дүйнөдөгү жалпы аялдар сыяктуу ыйлап-сыктап, сабырсыздык сөздөрүн айтуудан көрө, Алла Тааланын алдында саждага жыгылып, абдан жалынып-жалбаруу менен дуба суроо үлгүсүн көрсөттү. Аягында «Йаасийн» сүрөөсү окулуп, Хузур (алайхиссалам)дын руху өзүнүн чыныгы Кожоюнунун алдына учуп кеткен кезде, Азирети уммул-Му’минийн (разияллааху анхаа): «Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун»[2], – деп сүкүт сактады жана эч ыйлап-сыктабады. Үй ичиндеги айрым аялдар ыйлай башташты, ал (разияллааху анхаа) аларды катуу кагып: «Менин жолдошум болчу, мен ыйлабагандан кийин силер эмнеге ыйлайсыңар?» – деп койду. Бул сабырдуулук жана туруктуулуктун үлгүсү – абдан мээримдүүлүк көлөкөсүндө чоңойгон жана абдан сый-урмат көргөзчү руханий падыша – ыйык күйөөсү каза тапкан ыйык аялдын үлгүсү. Кандайдыр бир салтанаттуу керемет эле». («Тарых-э-Ахмадият», жаңы басылыш, 2-том, 547-бет)
Анан балдарына да мындай насаат кылды: «Атабыз бизге эч нерсе калтырбай дүйнө менен коштошуп кетти», – деп ойлобогула. Тескерисинче, дубалардын улуу казынасын силерге калтырып кетти, ал керектүү мезгилде силерге жардам берип турат».
[1] «Момундар энеси» дегенди билдирет. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын жолдошу – Азирети Саййида Нусрат Жахан Бегам Сахиба.
[2] Албетте, биз Алланыкыбыз, албетте, биз Ага гана кайтуучубуз.