Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
Демек, каада-салттардан абайлоо жана напсини тыюу – Ислам таалиминин бир бөлүгү жана ушул таалимди түшүнүп жетүүгө биздин жетекчибиз – Курани Карим. Чынында, эгер бир момун-мусулман Курани Каримди толук бойдон өзүнө эреже-мыйзам кылып алса, баардык жаманчылыктар өзүнөн-өзү жок болуп кетет. Эч кандай напси каалоосун ойго да келтирбейт. Анткени, бул – шариятты толуктап жатып, эреже-мыйзам катары, адамдык жашоонун бардык жактарын камтып жаткан бойдон Алла Таала Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза жүрөгүнө түшүргөн ыйык Китеп. Анан керектүү жерлерде Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн амалы, мүнөзү жана сөзү менен аны айкындаштырып көрсөтүп койду. Ошол үчүн Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) муну сыйлагыла деп айткан. Бул жөнүндө Курани Карим, хадис жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын кээ бир үзүндүлөрүн келтиремин.
Алла Таала мындай дейт:وَلَقَدۡ یَسَّرۡنَا الۡقُرۡاٰنَ لِلذِّکۡرِ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍКотормосу: Албетте, Биз Куранды насаат алуу үчүн жеңил кылып койдук. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы? («Ал-Камар» сүрөөсү: 18)
Бир хадисте мындай кезигет. Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Куран окуй турган жана ага амал кыла турган момун-мусулман даамы да, жыты да жагымдуу болгон мандарин сыяктуу. Куран окубай, ага амал кыла турган момун даамы жагымдуу, жыты жок курма сыяктуу болот. Куран окуй турган эки жүздүү жыты жагымдуу, бирок даамы ачуу болгон райканга окшош. Куран окубай жүргөн эки жүздүү ачуу, жыты жагымсыз Ханзалга[1] окшош болот». («Сахих Бухарий», Китааб фазаайилул-Куран, Баабу исми ман раа бакратал-Курани ав такула ав фаххара бихи)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«… Курани Карим терең даанышмандыктарга жык толо. Ошондой эле ар бир таалимде Инжилге караганда нукура жакшылыкты үйрөтүү боюнча дагы алга кадамдайт. Айрыкча, чыныгы жана өзгөргүс Кудайды көрүү чырагы Курандын эле колунда бар. Эгер ал дүйнөгө келбегенде, дүйнөдө Макулук парастыктын[2] көрсөткүчү канчалык жогорулап кетерин жалгыз Кудай гана билмек. Ошондуктан, жерде жоголуп кеткен Алла Тааланын жалгыздыгынын кайрадан орноп калганына шүгүрлөр болсун». («Руханий хазаайин», 12-том, «Тухфа-э-Кайсария», 282-бет)
[1] Көрүнүш жагынан анделекке окшош, даамы ачуу бир мөмө.
[2] Макулукка жана жаратылышка сыйынуу.