Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
Чындыгында эле чоң жаманчылык – бул жалган сүйлөө. Ошол үчүн кимдир бирөө Пайгамбарыбыз МухаммадСАВга: «Мага кандайдыр бир насаат сөз айтыңыз, мен ага амал кылайын. Себеби, менде бир топ жаман адаттар бар, алардын баарын мен таштай албаймын», – деп айтканда, ал затСАВ: «Ар дайым чын сүйлөймүн, эч качан жалган айтпаймын», – деп сөз бергин!» – деп жооп айткан. Ошентип, акырындык менен ал бардык жаманчылыктардан кутулган. Анткени, ар дайым ал кандайдыр бир жаманчылыкка ниет кылганда: «Эгер кармалып калсам, Мухаммад ПайгамбарСАВдын алдына алып барыламын, ошондо эмне кыламын, мен жалган сүйлөбөөгө сөз бергенмин. Чынын айтсам, уят болуп каламын же мага жаза берилет», – деп ойлочу. Ушинтип, акырындык менен ал бардык жаман адаттардан кутулган. Чынында, жалган сүйлөө гана бардык жаманчылыктардын тамыры.
Эми бир аз кеңирирээк чечмелейин. Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:
ذٰلِکَ ٭ وَ مَنۡ یُّعَظِّمۡ حُرُمٰتِ اللّٰہِ فَہُوَ خَیۡرٌ لَّہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ؕ وَ اُحِلَّتۡ لَکُمُ الۡاَنۡعَامُ اِلَّا مَا یُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فَاجۡتَنِبُوا الرِّجۡسَ مِنَ الۡاَوۡثَانِ وَ اجۡتَنِبُوۡا قَوۡلَ الزُّوۡرِ
Котормосу: Биз мына ушундай буюрдук: ким Алланын ыйык нерселерин урмат кылса, бул анын Парбардигеринин алдында өзү үчүн жакшыраак. Силерге айтылып өтүлө тургандардан башка бардык айбандар силер үчүн адал кылып коюлду. Буттардын ыпластыгынан алыс болгула жана жалган сүйлөөдөн этият болгула. («Ал-Хаж» сүрөөсү: 31)
Бул жерде Ширк менен кошо жалган сүйлөө да баяндалган. Анан мындай деп айтат:
اَلَا لِلّٰہِ الدِّیۡنُ الۡخَالِصُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ۘ مَا نَعۡبُدُہُمۡ اِلَّا لِیُقَرِّبُوۡنَاۤ اِلَی اللّٰہِ زُلۡفٰی ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ فِیۡ مَا ہُمۡ فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ۬ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ ہُوَ کٰذِبٌ کَفَّارٌ
Котормосу: Сак болгула! Калыс-нукура дин гана Аллага ылайык. Ал Заттын ордуна башкаларды дос кылып алгандар: «Алар бизди Аллага жакындаштырган бойдон жакындыктын бийик мартабасына жеткирип коюшу үчүн гана биз аларга ибадат кылабыз», – (дешет). Албетте, алар талашып-тартышып жаткан нерселер туурасында Алла Таала алардын ортосунда өкүм кылат. Алла жалганчы (жана) шүгүрсүздү эч качан хидаят кылбайт. («Аз-Зумар» сүрөөсү: 4)
«Сахих Муслимде» бир хадис кезигет. АбдуллаРА бин Амар бин Аль-АасРА мындай деп рабаят этет: «ПайгамбарыбызСАВ: «Төмөнкүдөй төрт нерсе өзүндө бар адам чыныгы эки жүздүү. Кимде алардын бирөөсү болсо, ал аны таштамайынча анда эки жүздүүлүктүн бир бөлүгү калат:
1) Ал сүйлөп жатканда, жалган сүйлөйт (сүйлөп жатканда, анын сөздөрүнө жалган аралашкан болот жана калп айтып жаткан болот);
2) Кандайдыр бир келишим түзгөндө, аны бузат;
3) Сөз бергенде, анын үстүнөн чыкпайт. (Бул да жалганчылыктын бир түрү);
4) Жаңжалдашып кеткенде, одоно сөздөрдү сүйлөйт», – деп айткан».
Жогорудагы бардык нерселер жалганга байланыштуу. Дагы бир хадис бар. Азирети Имам МааликРА өзүнө төмөнкүчө сөз жеткенин айтат: Азирети Абдулла бин МасъудРА мындай дечү: «Силер чынчылдыкка ээ болгула, анткени чынчылдык жакшылыкка багыттайт жана жакшылык бейишке жетелейт. Жалган сүйлөөдөн оолак болгула, себеби жалган баш ийбестикке багыттайт жана баш ийбестик тозокко жеткирет. Силер: «Баланча чындыкты сүйлөдү, ал баш ийүүчү болуп калды, ал эми жалган сүйлөдү, ошондо күнөөгө батты», – деп айтылаарын уккан жоксуңарбы?» («Муатта Имаам Маалик», Китаабул-Жаамиъ, Баабу маа жаа’а фис-сидки вал казиби)
«Муснад Ахмад бин Ханбалда» дагы бир хадис кезигет. Азирети Абу ХурайраРА ПайгамбарСАВдын: «Кимдир бирөө жаш балага: «Кел сага бир нерсе берейин», – деп айтса, анан ага эч нерсе бербесе, анда бул да жалган эсептелет», – деп айтканын рабаят этет. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 2-том, 452-бет, Бейрут)
Таалим-тарбия үчүн бул өтө зарыл. Карагыла, балдарды тарбиялоо үчүн тамаша катары да куру кептер болбош керек. Антпесе, ошондой тамаша сөздөр менен балдар калп айтууга көнүп калышат, кийинчерээк өнөкөттөнүп калганда, жалган сүйлөөдөн арданышпайт, аны сезүү жөмдөмдүүлүгү да өчүп калат.
Азирети ибни МасъудРА ПайгамбарыбызСАВдын: «Чынчылдык жакшылыкка алып барат, жакшылык бейишке жетелейт. Ким дайыма чындыкты сүйлөсө, ал Алла Тааланын алдында Сиддийк[1] деп жазылып калат. Ал эми жалган күнөө жана бузукулукка алып барат, күнөө менен бузукулук тозокко жетелейт. Дайыма жалган сүйлөгөн киши Алла Тааланын алдында Каззааб[2] деп жазылып калат», – деп айтканын рабаят этет. («Сахих Бухарий», Китаабул-Адаб, Баабу кавлиллаахи «Ит-Такуллааха ва куунуу маъас-Саадикийн»)
Азирети Абдулла бин Амар бин Ал-АасРА мындай деп рабаят этет: «Бир киши ПайгамбарСАВдын алдына келип, эй, Алланын Пайгамбары! Бейиштин амалы эмне?» – деп сураган. ПайгамбарыбызСАВ: «Чындыкты сүйлөө. Кандайдыр бир адам чындыкты сүйлөгөндө, ал баш ийүүчү болуп калат, анан ал баш ийүүчү болуп калганда, нукура момун болуп калат. Кимдир бирөө момун нукура болуп калганда, аягында ал бейишке кирип барат», – деп айткан. Ал киши кайрадан: «Эй, Алланын Пайгамбары! Тозокко алып бара турган амал эмне?» – деп сураган. ПайгамбарыбызСАВ: «Жалган сүйлөө. Жалган сүйлөгөн бирөө баш ийбестик кылат, баш ийбестик кылганда, ал каапырлык кылат. Ал каапырлык кылганда, аягында ал тозокко кирип кетет», – деп айткан». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 2-том, 176-бет, Бейрут)
Азирети Масийхи МавъудАС мындай дейт:
«Курани Карим жалган сүйлөөнү да ыпластык жана күнөө деп айтат. Алла Таала мындай деди:
فَاجۡتَنِبُوا الرِّجۡسَ مِنَ الۡاَوۡثَانِ وَ اجۡتَنِبُوۡا قَوۡلَ الزُّوۡرِ
Карагыла, ушул жерде жалган сүйлөө бут-идолдун каршысында коюлган. Чындыгында, жалган сүйлөө да – бут-идол. Антпесе, эмнеге чындыкты таштап, башка жакка барат. Бут-идолдун астында эч кандай акыйкат болбогондой, жалган сүйлөөнүн астында көз боёкчулуктан башка эч нерсе болбойт. Жалган сүйлөөчүлөргө ишенич абдан аз болот, алар чындыкты сүйлөшсө да, буга жалганчылык аралашкан окшойт деп ойлойсуз. Эгер жалган сүйлөөчүлөр өзүнүн жалганчылыгын азайтууну каалашса да, кыска мөөнөттө болбойт. Бир алыс заманга чейинки машыгуулардан кийин гана чындыкты сүйлөөгө алар адаттанышат». («Малфузаат», 3-том, 350-бет)
Азирети Масийхи МавъудАС мындай деп кошумчалайт:
«Адамзаттын табиятына таандык болгон табигый абалдардын дагы бири – чынчылдык. Напсисинин кандайдыр бир талабы түрткү бермейинче адамзат жалган сүйлөөнү каалабайт, ошондой эле жалганчылыкка баруудан жийиркенет жана жүрөгү аны жактырбайт. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн жалган сүйлөгөнү ачык-айкын далилденип калса, ага капа болот жана аны пас-төмөн адам деп билет. Бирок ушул эле табигый ахвал адеп-ахлак деп аталбайт, тескерисинче жаш балдар жана кем акылдар да ага амал кылуусу мүмкүн. Демек, адамзат чындыгында аны чын сүйлөөдөн тосо турган бардык напси каалоолорунан кутулмайынча нукура чынчыл деп аталбайт. Себеби, эгер адамзат өзүнө эч зыян болбой турган маселелеринде эле чындыкты сүйлөсө жана өзүнүн абийирине же мал-мүлкүнө же жанына зыян жеткен кезде жалган сүйлөсө же чындыкты сүйлөбөй койсо, анда кайсы жактан ал кем акылдар менен жаш балдардан өйдө турат? Эми, кем акылдар менен жетилбеген жаштагы балдар дагы ошондой чындыкты сүйлөбөйбү? Дүйнөдө эч бир түрткүсүз, жөндөн-жөн жалган сүйлөй турган адам болбосо керек. Демек, кандайдыр бир зыяндуу учурда сүйлөнбөй калтырылган чындык нукура адеп-ахлакка такыр кирбейт. Чындыкты сүйлөөнүн эң ыңгайлуу кырдаалы – жан же мал-мүлк же абройго жарака кете турган кез. Бул жөнүндө Кудай Тааланын таалими төмөнкүчө:
فَاجۡتَنِبُوا الرِّجۡسَ مِنَ الۡاَوۡثَانِ وَ اجۡتَنِبُوۡا قَوۡلَ الزُّوۡرِ
وَ لَا یَاۡبَ الشُّہَدَآءُ اِذَا مَا دُعُوۡا
وَ لَا تَکۡتُمُوا الشَّہَادَۃَ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡتُمۡہَا فَاِنَّہٗۤ اٰثِمٌ قَلۡبُہٗ
وَ اِذَا قُلۡتُمۡ فَاعۡدِلُوۡا وَ لَوۡ کَانَ ذَا قُرۡبٰی
کُوۡنُوۡا قَوّٰمِیۡنَ بِالۡقِسۡطِ شُہَدَآءَ لِلّٰہِ وَ لَوۡ عَلٰۤی اَنۡفُسِکُمۡ اَوِ الۡوَالِدَیۡنِ وَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ
وَ لَا یَجۡرِمَنَّکُمۡ شَنَاٰنُ قَوۡمٍ عَلٰۤی اَلَّا تَعۡدِلُوۡا
وَ الصّٰدِقِیۡنَ وَ الصّٰدِقٰتِ
وَ تَوَاصَوۡا بِالۡحَقِّ ۬ۙ وَ تَوَاصَوۡا بِالصَّبۡرِ
لَا یَشۡہَدُوۡنَ الزُّوۡرَ
Ушул аяттарды чечмелеп жатып, ал затАС мындай дейт:
«Бут-идолдорго сыйынуудан жана жалган сүйлөөдөн абайлагыла. Тактап айтканда, жалган сүйлөө да кандайдыр бир бут-идол, ага таянган киши Кудай Таалага таянбай коёт. Демек,
жалган сүйлөө менен Кудай Таала да колдон кетет. Дагы чын күбөлүк үчүн чакырылганыңарда, баруудан баш тартпагыла деп айтты. Ошондой эле чын күбөлүктү жашырбагыла, ким аны жашырса, анын жүрөгү – күнөөкөр. Кандайдыр бир жакын кишиге каршы күбөлүк берсеңер да, бүтүндөй чындык жана адилет болгон нерсени гана сүйлөгүлө. Акыйкат менен ынсапта туруктуу болгула. Силердин ар бир күбөлүгүңөр Кудай Таала үчүн болушу керек. Эгер чындыкты сүйлөгөнүңөр үчүн жандарыңарга зыян жетсе да, же ата-энеңерге залал жетсе да, же уул ж. б. сыяктуу жакын туугандарга зыян жетсе да, жалганды такыр сүйлөбөгүлө. Кимдир бирөөгө болгон кастыгыңар да силерди чын күбөлүктөн тоспошу керек. Чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар чоң-чоң сыйлыктарга ээ болушат. Алар башкаларды да чындыкка насаат кылууга жана калпычылардын жыйындарында отурбоого адаттанышкан». («Руханий хазаайин», 10-том, «Ислам усулдары философиясы», 360-361-бет)
[1] «Эң чынчыл» дегенди билдирет.
[2] «Эң жалганчы» дегенди билдирет.