Алладан дайыма кечирим сурап тургула
Дагы ушул үчүнчү шартта кечирим суроо туурасында да кезигет. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:فَقُلۡتُ اسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّکُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ غَفَّارًایُّرۡسِلِ السَّمَآءَ عَلَیۡکُمۡ مِّدۡرَارًا وَّیُمۡدِدۡکُمۡ بِاَمۡوَالٍ وَّبَنِیۡنَ وَیَجۡعَلۡ لَّکُمۡ جَنّٰتٍ وَّیَجۡعَلۡ لَّکُمۡ اَنۡہٰرًا Котормосу: Ошондо мен айттым: «Парбардигериңерден кечирим талап кылгыла. Ал албетте, өтө кечирүүчү. Ал үстүңөргө тынымсыз жаай турган булут жиберет. Ал силерге мал-дүнүйө жана балдар менен жардам берет, ошондой эле силерге бактарды пайда кылат жана силер үчүн дайраларды чыгарат. («Нух» сүрөөсү: 11-13)فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ وَاسۡتَغۡفِرۡہُ ؕؔ اِنَّہٗ کَانَ تَوَّابًاКотормосу: Ошондуктан, өз Парбардигериңдин мактоосу менен (Ага) тасбийх айт жана Андан кечирим сура! Албетте, Ал абдан көп тобо кабыл кылуучу. («Ан-Наср» сүрөөсү: 4)
Бул жөнүндө бир хадис да кезигет. Абу Бурда бин Аби Муса (разияллааху анху) өзүнүн атасы Абу Муса (разияллааху анху)дан мындай рабаят этет: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Таала менин үммөтүмө эки аманат берүү тууралуу мындай деп мага вахий-аян жиберди:وَمَا کَانَ اللّٰہُ لِیُعَذِّبَہُمۡ وَاَنۡتَ فِیۡہِمۡ ؕ وَمَا کَانَ اللّٰہُ مُعَذِّبَہُمۡ وَہُمۡ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَБашкача айтканда, сен алардын арасында болгонуңда, Алла аларга эч качан азап бербейт. Ошондой эле алар кечирим сурап жаткандарында дагы, Алла аларга эч качан азап бербейт. («Ал-Анфаал» сүрөөсү: 34). Анан мен алардан айрылганымда, кыяматка чейин алардын арасында Истигфаар[1]ды калтырдым», – деп айткан. («Жаамиъ Тирмезий», Китааб Тафсирул-Кураан, «Ал-Анфаал» сүрөөсүнүн тафсири)
Азирети ибни Аббаас (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Кимде-ким Истигфаарга жабышып турса, (тактап айтканда, кечирим сурап турса), ар бир кыйынчылыктан чыгууга Алла Таала ага жол көрсөтөт жана анын ар бир оорчулугунан анын жеңилдик жолун ачат, ошондой эле ал элестетип да көрбөгөн жолдордон ага ырыскы тартуулайт». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Витр, Баабу фил-Истигфаари)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«… ыйман тамырларын бекемдей турган Истигфаар Курани Каримде эки мааниде колдонулган. Биринчиси, өз жүрөгүн Кудай Тааланын сүйүүсүнө бекемдетип, жалгыздыкта козголо турган күнөөлөрдү Кудай Таала менен болгон алаканын жардамы аркылуу токтотуу жана Кудай Таалага берилип, Андан көмөк суроо. Бул Истигфаар Кудайдын жакын пенделерине таандык. Кудайдан бир көз ирмемчелик да ажыроону өзүнүн ойрондугунун себепчиси деп билишет. Кудай Таала аларды Өз сүйүүсүнө бөлөп туруусу үчүн кечирим сурап турушат. Истигфаардын экинчи түрү – күнөөдөн чыгып, Кудай Таала жакка чуркоо жана бак-дарактын жерге орногонундай, жүрөктү Кудай Тааланын сүйүүсүнө байлап, таза өсүп, күнөөнүн кургакчылыгы жана зыянынан сактанууга аракеттенүү. Ушул эки көрүнүш Истигфаар деп аталган. Анткени, Истигфаар сөзү келип чыккан «гафара» сөзү бекитүү жана басуу дегенди билдирет. Ошентип, Истигфаардын мааниси – Кудай Таала Өзүн сүйө турган кишинин күнөөлөрүн жашырып турат жана Башарият[2] «тамырларынын» ачылып калуусуна жол койбой, Улухият[3] чатырына алып, Өзүнүн Куддусиятынан[4] үлүш берет. Же болбосо, эгер күнөө себебинен кандайдыр бир тамыры ачылып калган болсо, аны кайрадан бекитип коёт жана «жылаңачтыктын» жаман натыйжасынан сактайт. Ырас, Кудай Таала берешендик менен берекелердин булагы жана Анын нуру ар кандай караңгылыктарды кетирүүгө дайыма даяр болуп турат. Ошондуктан, пакиза жашоого ээ болушубуз үчүн эң туура жол: биз ушул коркунучтуу ахвалдан коркуп, ушул ааруу булакка, ал булак зор басым-күч менен биз жакка кыймылдап, бардык кирди алып кетүүсү үчүн эки колубузду сунуш кылышыбыз керек. Чынында эле Анын жолунда өлүмдү кабыл кылып, өзүбүздү Анын алдына коюшубуздан чоңураак Кудай Тааланы ыраазы кыла турган башка курмандык жок». («Руханий хазаайин», 12-том, «Сираажуддин аттуу христиандын төрт суроосуна жооп», 346-347-беттер)
Ал (алайхиссалам) мындай деп кошумчалайт:
«…Кудай Тааладан күч-кубат талап кылганда, тагыраак айтканда, Истигфаар кылганда, Кудай Тааланын пайгамбарлары жана элчилери сыяктуу Рухул-Куддус[5]тун колдоосу менен алардын кемчиликтери жок болушу мүмкүн жана алар күнөө жасоодон сактануулары мүмкүн. Эгер алар күнөөкөр болуп калган адамдар болсо, анда Истигфаар аларга төмөнкүдөй пайда келтирет: күнөөнүн натыйжаларынан, тактап айтканда, азаптан сакталып алынышат, себеби нурдун келүүсү менен караңгылык качат. Истигфаар кылбаган, тагыраак айтканда, Кудай Тааладан күч-кубат сурабай турган кылмышкерлер өз кылмыштары үчүн жазаланып турушат». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 34-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«Айрым адамдар күнөө эмне экенин билишет, ал эми айрымдар күнөө эмне экенин да билишпейт. Ошондуктан, Алла Таала: «Адамзат ар бир күнөөсү үчүн, мейли ачык, мейли жашыруун, ал билген же билбеген күнөө болсун; кол, бут, тил, мурун, кулак, көздүкү болсун, кыскасы ар кандай күнөөлөрдөн кечирим сурап туруусу керек», – деп үзгүлтүксүз кечирим суроого буюрган. Азыркы күндөрдө Азирети Адам (алайхиссалам)дын дубасын окуу керек. رَبَّنَا ظَلَمۡنَاۤ اَنۡفُسَنَا ٜ وَاِنۡ لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَتَرۡحَمۡنَا لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَБул дуба илгертеден эле кабыл алынган экен. Бейкабарчылыкта өмүр кечирбегиле. Кимде-ким бейкабарчылыкта жашабаса, ал кандайдыр бир табияттан тышкары кырсык-балээге кирептер болот деп эч ойлобоймун. Эч бир балээ-кырсык уруксатсыз келбейт. Мисалга, мага төмөнкү дуба аян кылынды:رَبِّ کُلُّ شَیْءٍ خَادِمُکَ رَبِّ فَاحْفَظْنِیْ وَانْصُرْنِیْ وَارْحَمْنِیْ[6](«Малфузаат», жаңы басылыш, 2-том, 577-бет)
[1] Алла Тааладан кечирим суроо.
[2] «Адамдык»дегенди билдирет.
[3] «Кудайлык» дегенди билгизет.
[4] «Кудай Тааланын «Ыйыктыгы» деген сыпаты.
[5] «Ыйык Рух» дегенди билдирет. Жабрааийл периштеге айтылат.
[6] Эй, Алла! Ар бир нерсе – Сага кызматчы. Ошондуктан, мени коргогун, мага жардам бергин жана мага ырайым кылгын.