Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы

Акыры, алты-жети жылдан кийин 1888-жылдын биринчи чейрегинде, тагыраак айтканда, алгачкы үч айында Алла Таала тарабынан ага Байъат алууга буйрук келди. Кудайдан келген ошол буйрук төмөнкү сөздөрдөн турган:
فَاِذَا عَزَمۡتَ فَتَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ وَ اصۡنَعِ الۡفُلۡکَ بِاَعۡیُنِنَا وَ وَحۡیِنَا الَّذِیۡنَ یُبَایِعُوۡنَکَ اِنَّمَا یُبَایِعُوۡنَ اللّٰہَ ؕ یَدُ اللّٰہِ فَوۡقَ اَیۡدِیۡہِمۡ
Котормосу: Сен ниет кылганыңдан кийин Аллага тобокел кыл жана Биздин алдыбызда, Биздин вахий-аяныбыз боюнча кеме даярда. Сенин колуңда Байъат кыла тургандардын колдорунун үстүндө Алланын колу болот. («Жарыя», 1888-жылы, 1-декабрь, 2-бет)
Ар кандай жакшы-жаман адамдардын Байъат кылып, ушул Жамаатка кирүүсүн Хузур (алайхиссалаам)[1] жактырчу эмес. Анын жүрөгү табиятында туруктуулук бар, чала эмес, куттуу адамдардын ушул куттуу Жамаатка кирүүсүн каалоочу. Ошондуктан, ал (алайхиссалаам)[2] ыкыластуулар менен эки жүздүүлөрдүн ортосундагы айырманы көрсөтө турган учурду күтүп отурган. Ошентип, Алла Таала Өзүнүн жетик даанышмандуулугу жана рахматы менен ошол эле жылы 1888-жылдын ноябрында «Башийр-э-Аввал» каза болгондо, ошол мүмкүнчүлүктү пайда кылды. (Ал Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын перзенти болгон). Өлкөдө ал (алайхиссалаам)га каршы чоң ызы-чуу көтөрүлдү жана чала ыймандуулар жаман ойго барып, (аны) таштап кетишти. Ошентип, бул анын пикиринче ушул куттуу Жамаатка негиз салууга ыңгайлуу учур болду. Ал (алайхиссалаам) 1888-жылы 1-декабрь күнү бир жарыясында ачык Байъат кылууга чакырды. Хузур (алайхиссалаам): «Истихаара-э-Маснуунадан»[3] кийин Байъатка келгиле», – деп көрсөтмө берди. («Иштихаар Такмийл-э-Таблийг», 1888-жылы, 12-январь)
Демек, алгач дуба кылгыла, Истихаара кылгыла, анан Байъат бергиле.
Ушул жарыядан кийин Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Кадияндан[4] Лудхияна[5] шаарына жөнөп кетти жана Жадид көчөсүндө турган Азирети Суфий Ахмаджан (разияллааху анху)нун[6] үйүнө конду. («Хаят-э-Ахмад», 3-том, 1-бөлүк, 15-бет)
[1] «Азирети», «улуу урматтуу» же «ардактуу» дегенди билдирет.
[2] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).
[3] Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнөн далилденген Истихаара намазы.
[4] Индиянын Пенжаб облусунда жайгашкан Ахмадия Мусулман Жамаатынын түбөлүк борбору.
[5] Индиянын шаары.
[6] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын чыныгы досу. Ал анын Имам Махдиймин деген билдирүүсүнөн мурун каза болгон.