Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфуртта Жума Кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфуртта Жума Кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад – Дүйнөнүн булуң-бурчтарынан адамдар Алла тааланын багыттоосу менен Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушууда

2015-жылдын 16-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтул-Афиййат» деп аталган имаратта өзүнүн жума кутбасын окуду.

2015-10-16-DE-Frankfurt-FS-002

4,900дөн ашуун адамдар ага катышышты[1], ошондой эле кутба Эл аралык МТА телеканалы аркылуу бүткүл дүйнөгө түз эфирде көрсөтүлдү.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деп эскертти: жакында Голландияга жасаган иш сапарымдын учурунда бир журналист мага: «Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө эң бат өсүп келе жаткан Жамаатпы?» – деген суроо берди.

Ал киши мындай деп жооп берди: эл аралык уюшкан, бир жетекчинин кол астында бириккен жамаат катары Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө эң бат өсүп келе жаткан жамаат жана тышкы булактар дагы муну менен макул.

Ал киши мындай деди: ушул акыйкаттын өзү жалгыз Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын чынчылдыгын тастыктайт

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн тирүү кезинде толук ишеним менен мындай деп айткан: бир убакыт келип, Ахмадия Мусулман Жамааты бүткүл дүйнөдө кабыл алынат жана таанылат, анын жайылуусу Алла тааланын колдоосунун белгиси болот. Бүгүнкү күндө Индиянын кичинекей айылынан чыккан жалгыз үн дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жаңырууда».

2015-10-16-DE-Frankfurt-FS-003

Алла таала кандай Ахмадия Мусулман Жамаатын колдоп жаткандыгы жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жер жүзүнүн бардык булуң-буррчтарынан жаңыдан Жамаатыбызга кошулган Ахмадий мусулмандарынын окуялары өтө таң калычтуу,  алар аркылуу кеңири деңгээледе таралган каршылыкта алар бейпилдик жана Алла тааланын колдоосуна жетишишти. Шексиз, Убада кылынган Мессия жана Махдий (алайхиссалаам)ды ээрчигендер кабылышкан кысымдар өтө катуу жана ырайымсыз, эгерде ушул Жамаатты адамдар түзгөн жамаат болсо, анда азыркыга чейин сөзсүз жок болуп кетмек. Ошентсе да, Иншааллах (Кудай буюрса) Ахмадия Мусулман Жамааты эч качан жок болбойт, тескерисинче Алла тааланын Жардамы менен үзгүлтүксүз ийгиликтер жана өсүп-өнүгүүлөргө жетишет».

Бүгүнкү күнгө кайтып, ал киши мындай деди: жер жүзүнүн бардык булуң-бурчтарынан адамдар Алла таала тарабынан түштөр жана жышаандар аркылуу Ахмадия Мусулман Жамаатын көздөй багытталышууда.

Ал киши кээ бир окуяларды айтып берди, анда өткөн жылдарда адамдар, алардын кээ бирлери дүйнөнүн көпчүлүк айыл жерлеринде жашашат, Алла таала тарабынан көрсөтүлгөн аяндар аркылуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын чынчылдыгын көздөй багытталышкан.

Үзгүлтүксүз руханий жана моралдык өсүп-өнүгүүнүн керектүүлүгү жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көптөгөн адамдар төмөндөгүдөй акыйкатты айтышты: биздин руханий ахвалыбыз Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулгандан кийин өсүп-өнүктү, ошондой эле моралдуулугубуз жана такыбалуулуктарыбыз дагы өнүктү. Демек, биз өз жашоолорубузда жакшы өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн тынбай аракеттенүүбүз керек жана оң өзгөрүүнү өнүктүрүүгө ар дайым аракет кылуубуз зарыл».

Азирети Мырза Масрур Ахмад төмөндөгүдөй дуба менен аяктады: Алла таала Ахмадий мусулмандарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген чыныгы жана тынчтык таалимдерин жер жүзүнүн бардык булуң-бурчтарына жайылтуу күч-кубатын берсин.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

[1] Эскертүү: 3000ден ашуун адамдар «Байтул-Аафиййат» имаратына аябай эле жакын жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинде өз намаздарын аткарышты.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via