Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси - «Биздин миссиябыз – бул Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу»
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси – «Биздин миссиябыз – бул Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу»

Азирети Мырза Масрур Ахмад Де Стентор деген немец газетага берген маегинде айткан ой-пикири

2015-жылдын 7-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечиттинин имаратында Де Стентор деген газетага маек берди.

Өзүнүн маегинде ал киши дүйнө дагы бир дүйнөлүк согушка жылып баратат деген кабатырлануусунан сөз кылды. Ал киши мындай деди: бардык адамдарга айта турган жөнөкөй гана сөзүм бар: «акылыңарды иштеткиле» жана тынчтыкка умтулгула.

Батышта жашаган жаштар жана көбүнчө жакшы окуган мусулмандардын радикалдашып кетүүсү жөнүндө берилген суроого ал киши мындай деди: Сирия же Иракка баруу алардын милдети болуп саналат деп көптөгөн адамдар «интернет аркылуу мээлерин айландырышууда». Ал киши мындай деп кошумчалады: жаштардын арасындагы жумушсуздуктун көбөйүүсү бат таасирленүүчү жаштардын кыжырдануусуна жана көңүлдөрү калуусуна алып барууда.

Ал киши мындай деди: террорист топтор эң коркунучтуу мыкаачылык иштерди жасап, анан өздөрүнүн жасап жаткан мыкаачылык кылмыштарын калп айтуу менен Ислам дининин атынан жасап жатабыз деп актанышат. Ал киши Язидийлер сыяктуу диний азчылыктарга жасалган кол салуулдарды сынга алды жана тарыхый эстеликтерди талкалоо бүтүндөй Ыйык Курандын таалимдерине каршы экенин айтты.

Экстремисттер сизди дагы бутага алуулары мүмкүнбү деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер мен корко турган болсом, анда мен өз милдеттеримди аткара алмак эмесмин. Ахмадий мусулмандар Пакистанда, Индонезияда жана кээ бир башка өлкөлөрдө бутага алынышат, бирок ал нерсе Исламдын чыныгы таалимдерин дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына чейин жеткирүү деген миссиябызды аткарууга бүт тосо албайт».

Медиа Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык таалимдериннен көрө террористтерге көбүрөөк орун бергенине капаланасызбы деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп жооп берди:

«Мен капаланбайм, бирок ал нерсе мени мурдагысынан да көбүрөөк саждаларга жыгылып, намаздарда Алла таалага сыйынууга түртөт. Ошондуктан, капалануудан көрө, биз Алла таалага жакындап жана адамзатка кызмат кылууга умтулабыз. Албетте, Алла Өзү Жараткандарды сүйөт».

Ал кишиге терроризм жана экстремизмге «реакция катары» адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулуп жатышабы деген суроо берилди.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ооба, анын бир себеби ошол да болушу мүмкүн, анткени адамдар Ахмадий мусулмандардын экстремисттер кылган зордук-зомбулук иштерине көрсөткөн тынчтык мамилесин көрүшүп, алар биздин кабарыбызга кызыгуу менен тартылышат».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via