Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Эл аралык МТА Африка телеканалын ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Эл аралык МТА Африка телеканалын ачты

Аталган жаңы канал айрыкча Африка континенти үчүн телеберүүлөрдү даярдайт

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 1-августунда Британиянын Жайкы Убактысы (БСТ) боюнча саат 16:00да Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Эл аралык МТА Африка – айрыкча Африкадагы адамдардын муктаждыктарын кандыруу үчүн бир жаңы телеканалын ачты.

2016-08-01-MTA-Africa-Launch-002

Ал киши «Фазл» мечитинде жайгашкан Эл аралык МТАнын Лондон студиясынын Трансляциялоо Бөлүмүндөгү бир кнопканы басып, расмий түрдө жаңы каналды ачты.

Ал каналды ачкандан кийин ал киши Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дубага жетекчилик кылды.

Куран окуу менен жаңы канал башталып, андан кийин жаңы канал менен тааныштыруу программасы алып барылды.

Эл аралык МТА Африка Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин бардык программаларын, мисалы жумалык жума кутбасын ж.б. кайрылууларын көрсөтүп турат.

2016-08-01-MTA-Africa-Launch-003

Аталган жаңы канал айрыкча Африкадагы адамдар үчүн мыкты телеберүүлөрдү да даярдайт жана көпчүлүк программалары Гананын Аккра шаарында жаңы түзүлгөн Эл аралык МТА Африканын Гана студиясынан көрсөтүлөт.

Эл аралык МТА Африка телеканалынын ачылышы Эл аралык МТАны өнүктүрүү боюнча дагы бир олуттуу бурулуш.

Аталган каналдын түпкү максаты – бул Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин Африкадагы адамдардын жергиликтүү тилдеринде жайылтуу жана Африкада жашоочу Ахмадий мусулмандарга моралдык тарбия берүү каражаты болуп саналат.

2016-08-01-MTA-Africa-Launch-004

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via