Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Европада жасалган террордук чабуулдарды сындап, дүйнөдө тынчтыкты орнотууга чакырды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Европада жасалган террордук чабуулдарды сындап, дүйнөдө тынчтыкты орнотууга чакырды

  • Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулман өлкөлөрүнүн чачырашы жөнүндө токтолду
  • Азирети Мырза Масрур Ахмад Рим Папасы Франсис: «Бүгүнкү күндөгү мыкаачылыктар кандайдыр бир диний согуш менен тете эмес», – деп айткан сөздөрүн мактады

 

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жер жүзүндөгү мусулман коомдорун Ислам дининин нукура тынчтык таалимдерине кайтууга чакырды.

Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган жумалык жума кутбасында ал киши мындай деди: учурда Европада жасалган террордук чабуулдардын айынан дүйнө өтө коркунучтууу жана оор ахвалга кабылып кетти жана ал чабуулдар бүтүндөй Ислам дининин таалимдерине каршы экенин айтты. Ал киши Түркия ж.б. мусулман өлкөлөрүндө күчөп кетип бара жаткан чыр-чатак жөнүндө да токтолду.

Мусулман дүйнөсүндө күч алып бара жаткан туруксуздук ахвал жөнүндө сүйлөп жатып, мындай деди:

«Ар бир өтүп бара жаткан күндө мусулман коомдорунун күчү жана кудурети жоголуп барууда. Мунун негизги себеби, мусулмандардын башчылары жана аты менен эле аалым деп эсептелинүүчү диний уламалар Исламдын чыныгы таалимдерин түшүнүшпөйт жана өз коомдорун ойрондук жана кыйроо жолдоруна багытташууда».

Ал киши мындай деп улантты:

«Биз ар бир мусулман өлкөдө чыр-чатак жана баш аламандык өкүм сүргөнүн көрүүдөбүз, себеби алардын жетекчилери өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын өз жарандарынын акы-укуктарынан жана өз коомдорунун өсүп-өнүгүүсүнөн жогору коюшат».

Ал киши мындай деп кошумчалады: мусулман өлкөлөрдүн кыйрашы Исламдын каршылаштарына эле пайда келтирет, ошонудктан бири-бирин талкалоонун ордуна мусулмандар тынчтык менен биригүүлөрү керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мусулман дүйнөсү жана анын бийликтери жакында эле болуп өткөн кээ бир окуялардан такыр сабак алышкан жок. Алар Ирак, Сирия жана Ливияда эмне болгонуна, ал өлкөлөр кандай бөлүнүп-жарылганына жана ал коомдордун келечеги кандай талкаланганына күбө болушкан эмеспи. Мусулман башчылары дароо ушул мисалдарга көңүл буруулары керек жана мусулман дүйнөсүндө өкүм сүрүп жаткан кризис жана баш аламандыктан ким пайда көрүүдө деген суроону өздөрүнө берүүлөрү керек».

Ал киши учурда Европада жасалып келе жаткан террордук чабуулдар курамына да жооп кайтарды. Ал мына ошондой чабуулдар Исламдын таалимдерине бүтүндөй каршы экенин айтты. Мисалы, жакында Францияда Папа Жак Амелдин өлтүрүлгөндүгүн «жийиркеничтүү жана Ислам таалимдерине бүтүндөй каршы» экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында террористтик уюмдар бейкүнөө адамдардын жандарын алуу жолу менен Батыш коомчулугунда да өздөрүнүн өтө эле ырайымсыздык мыкаачылыктарын үзгүлтүксүз башташкан. Террористтер Ислам дини жөнүндө такыр билишпейт, антпесе алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандай гана жагдай болбосун, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө тыюу салгандыгын жакшы билишмек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бейкүнөө балдарды, аялдарды, карыяларды, ошондой эле диний кызматкерлер менен сыйынуучу жайлар жана чиркөөлөрдү бутага алууга тыюу салган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ушул террористтер Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген таалимдерден жүз буруудан башка эмнеге жетишкен. Мен ачык-айкын айтып коёюн: алар Ислам динине даават кылбастан, тескерисинче өздөрүнүн жек көрүүчүлүк жана уулуу динин жаратып алышкан».

«Ислам» деген сөздүн мааниси жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала биздин динибизге «Ислам» деген ат койгон, сөзмө-сөз алганда тынчтык деген маанини билдирет, ошентип ошол аттын өзү ар түрдүү терроризм, экстремизм жана зордук-зомбулукту четке кагат. Анын ордуна Ислам  – бул тынчтыктын, эркиндиктин жана сүйүүнүн чемпиону жана бардык адамдар үчүн коопсуздук дин».

Ал киши жакында Рим папасы Франциск «дүйнөдө согуш болууда, бирок ал диний согуш эмес» деп билдирген ой-пикирин да мактады. Ал киши мындай деди: Поп бүгүнкү күндөгү согушту туура айырмалаптыр, бул дин ачкан согуш эмес, тескерисинче бул ач көздүк жана бийлик менен байлыкка умтулуу болуп саналат.

Аягында ал киши мындай деди: бүгүнкү күндөгү оор мезгил жеке амалыбыз аркылуу да, медиа жана башка тиешелүү форумдар аркылуу да Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу деген жоопкерчиликти Ахмадий мусулмандарга жүктөйт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Коомчулуктун ар бир бөлүгүнө чейин тынчтыкты жайылткыла. Бардык адамдардын арасында мээримдүүлүктү жайылткыла. Сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн күчү менен адамдардын жүрөктөрүн багындыруу жолу менен адамзатты Алла Таала жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га алып келгиле».

Ал киши Ахмадий мусулмандарга дүйнөдөгү тынчтык үчүн дуба суроо аябай зарыл экендигин айтты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via