Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Шотландияда шейит болгон Ахмадий мусулманга таазим этти
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Шотландияда шейит болгон Ахмадий мусулманга таазим этти

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Улуу Британия бийлиги диний жек көрүүчүлүк таралып кетпешин көзөмөлдөөсү керек жана сектачылык Англияда жайылып кетүүсүнө жол жок.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 1-апрелинде Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган апталык жума кутбасында Глазгодо шейит кылынган Ахмадий мусулманга таазим этти.

Урматтуу Халифа ушул 2016-жылдын 24-мартында бейшенби күнү Глазгодо өзүнүн дүкөнүнүн тышында дин атынан өлтүрүлүп кеткен Асад Шахтын өлүмү боюнча комментарий берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Асад Шах диний жек көрүүчүлүктү жана бүлүк чыгарууну каалагандардын амалдарынын натыйжасында шейит болду. Ал Ахмадий мусулман катары өзүнүн акыйдаларынын себебинен өлтүрүлүп, шейит даражасына ээ болду. Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана Ага гана кайтып барабыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Маалымат каражаттары жана өкмөттүн расмий өкүлдөрү бул окуяга өз көңүлдөрүн айтышып, терең кайгырышканын билдиришти. Албетте, өкмөт жана тиешелүү органдар Англияда жайылып кете бара жаткан экстремизмди токтотууга чара көрүүлөрү керек. Эгерде экстремист молдолорго «эркиндик» берилсе, анда мусулман өлкөлөрүндө күбө богондой деңгээлдеги диний жек көрүүчүлүктү жана куугунтуктоолорду Англияда дагы көрөбүз».

Урматтуу Шах мырза Ахмадия Мусулман Жамаатынын активдүү мүчөсү болгон жана тынч жашап, адамгерчилик жөнүндөгү Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтууга аракет жасап келген.

Азирети Мырза Масрур Ахмад жума намазынан кийин Урматтуу Шах мырзанын кайып жаназасын окутту.

Пакистан ж.б. өлкөлөрдө жүздөгөн Ахмадий мусулмандар шейит кылынган болсо да, бул окуя Англияда диний жек көрүүчүлүктүн негизинен кол салынганда өз өмүрүн берген эң алгачкы Ахмадий мусулман болду. Бул абдан коркунучтуу окуя жана Ахмадия Мусулман Жамааты өкмөттү жана тартип сактоочу органдарды мүмкүн болушунча диний жек көрүүчүлүктү, касташуунун жана сектачылыктын бардык көрүнүштөрүн жок кылууга колдон келген бардык чараларды көрүүсүнө чакырат.

Ахмадия Мусулман Жамааты бардык адамдар кандайдыр бир зордук-зомбулук же куугунтуктоолордон кооптонбой, тынчтык жолу менен өздөрүнүн ишенимдерине амал кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуулары керек деп бекем ишенет.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via