Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталып кетиши коркунучунан эскертүү жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталып кетиши коркунучунан эскертүү жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад аба чабуулдарынан жарандардын набыт болуу коркунучу жөнүндө сүйлөдү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) бүгүнкү күндөгү чыр-чатак Үчүнчү Дүйнөлүк Согушка айланып кетүү мүмкүндүгү жөнүндө дүйнөдөгү лидерлер жана бийликтерге катуу эскертүү берди. Ал киши 2015-жылдын 4-декабрында Лондондун Түштүк-Чыгышында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасында ушул ой-пикирлерин билдирген.

Ал киши дүйнөдөгү көйгөйлөр мусулман мамлекеттер жана дүйнөдөгү башка күчтөр тарабынан кылынган катуу адилетсиздиктердин натыйжасы экенине токтолду. Ал киши жер жүзүндөгү бардык Ахмадий мусулмандарды дүйнөнүн түбөлүк тынчтыгы үчүн дуба кылууга чакырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө дүйнө чоң коркунуч астында калып, тездик менен кыйроону көздөй агып бара жатат, ошондуктан Жамаат мүчөлөрү өзгөчө жана өтө көп дуба суроолору керек».

Келе турган кыйроочу натыйжалардан эскертип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кырдаал ушунчалык татаалдашып кеткен: каалаган убакта Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталышы мүмкүн – акыйкатта кандайдыр бир деңгээлде Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталып калды. Мен бир топ жылдардан бери бул жөнүндө эскертип келе жатам, бирок азыр серепчилер жана дүйнөдөгү белгилүү адамдар мага кошула башташты».

Ирак жана Сирияда ИМ деген террорист топко каршы жасалып жаткан аба чабуулдары жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде дүйнөлүк бийликтери аба чабуулдарын жасамакчы болсо, анда алар бейкүнөө жарандарга жасабай, ошол зулумдук кылып жаткандарга жасоолору керек. Алла Таала бейкүнөө адамдарды жана жалпы жарандарды сактасын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Сириянын жарандары үчүн кутулуунун бир дагы жолу калбай, ара жолдо эзилишүүдө. Коңшу мамлекеттер эртерээк жергиликтүү бийликтер менен биргелешип, ушул фитна-чагымчылыкка чекит коюулары керек болчу. Анын ордуна баш аламандык күчөп  башка жайларга чейин жайылып кетүүсүнө жол берилди жана азыр дүйнөдөгү көпчүлүк аймакка таасирин тийгизүүдө. Албетте, чектеш мусулман мамлекеттер ушул финта-чагымчылык жана баш аламандыкты жоюу боюнча өз милдеттерин аткара албай калышты».

Күчөп бара жаткан жек көрүү жана чыр-чатак жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээ бир дүйнөлүк бийликтери ИМ менен соода жүргүзүп, алардан нефть сатып алышууда деп айтылып жатат. Орусия Түркияга айып тагууда. Түркия муну четке кагып, кайра ошол айыпты Орусияга коюуда. Албетте, мында кандайдыр бир чындык бар жана кайсы бир түрдөгү соода жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, Түркия Орусиянын учагын атып түшүргөндөн бери араздашуу күчөп барууда».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер Ирак же Сириядан чыгып кетүүгө аргасыз болсо, анда ИМ өз базасын Ливияда куруу планы түзгөндүгү жөнүндө да айтылып жатат. Мында шек-күмөн жок, ошондо аба чабуулдары Ливияда дагы башталып кетет жана дагы бир жолу жалпы эл өлтүрүлөт. Батыш бийликтери алгач ошол коомдорго жардам беришет, анан аларга каршы болуп кетишет. Ливия, Сирия же Иракка каршы чыгып, алардын бийликтерин төңкүрүп салышты же ошондой кылууга аракеттенишүүдө. Тилекке каршы, мусулман бийликтери дагы өз өлкөлөрүндө адилетсиздик жана зулумдук кылышууда. Узак убактан бери адилетсиздик кылуунун натыйжасында баш аламандык дүйнөдө жайылып кеткен».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Дүйнө кабылган оор ахвалга карабай, чоң күчтөр дагы, мусулман бийликтери дагы адилеттүүлүктүн зарылдыгына такыр көңүл бурбай жатышат. Эгерде ИМдин мыкаачы террористтери жеңилүүгө дуушар кылынса дагы, тынчтык орношот деп күтпөш керек. Чындыгында, кээ бир факторлор ишаарат кылгандай, Орусия менен Батыштын ортосунда күчөп бара жаткан чыр-чатактын натыйжасында бөлүнүү жана согуш улануусу мүмкүн. Кайрадан бейкүнөө жалпы эл көбүрөөк кыйналат жана кырылат».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ошентип, дүйнө чоң коркунуч астында калды, ошон үчүн биз дуба сурашыбыз керек. Алла Таала дүйнөнү ар түрдөгү кыйроолордон сактасын, ошондой эле дүйнө төбөлдөрү жана бийликтери акыл-парасат жана адилеттүүлүк менен иш тутушсун деп дуба кылабыз».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via