«Биз тынчтыкты сүйгөн адамдарбыз» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Биз тынчтыкты сүйгөн адамдарбыз» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швециянын «24Мальмё» жаңылыктар агенствосуна берген маек учурунда өз ой-пикирин билдирди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 13-майында Швециянын Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечитинде Швециянын «24Мальмё» жаңылыктар агенствосуна маек берди.

Террористик топ ИГИЛ Мальмё шаарында мусулман жаштарды радикалдаштырып, өзүнө кошуп жатат деген имиштер жөнүндө берилген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар убакта терроризм деген коркунучтан сак болуу жана кырдаалга көз салып туруу – бул өкмөттүн жана органдардын милдети. Мен полиция жана тиешелүү органдарга террористтер жана экстремисттерди токтотуу үчүн жетишээрлик каражаттарды бөлүп берүү керек деп ойлойм».

Өз сөзүн улантып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатына келе турган болсок, биздин мүчөлөрдүн радикалдашып кетиши мүмкүн деген коркунуч жок, анткени биз тынчтыкты сүйгөн адамдарбыз».

Болуп жаткан качкындар кризиси жөнүндө берилген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Сирия жана Ирактагы миллиондогон качкындарды жайгаштыруу кайсы бир жалгыз өлкө үчүн мүмкүн эмес.

Бул маселени туура  чечиш үчүн Улуу Урматтуу Халифа 1980-жылдары Пакистандан баш паанек тапкан Ооганстандагы качкындарды мисал келтирди, алардын өлкөсүндө тынчтык орношкондон кийин алар Ооганстанга кайтышкан. Ал кезде ири күчтөр жана эл аралык мекемелер Пакистанга келген качкындар үчүн үй салуу үчүн акча жана инфраструктура каражаттарын түзүп берүүгө жардам беришкен.

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Сирия жана Ирактагы качкындар маселесинде да ошол эле үлгүнү туураса болот, ал жактагы коңшу өлкөлөр алардын өз өлкөлөрүндө тынчтык орношмоюнча бир калың сандагы качкындарды алып, аларга колдоо көрсөтүүлөрү керек.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via