600,000ден ашуун адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

600,000ден ашуун адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушту

Пресс-Релиз

Англиянын 51-Жалса Саланасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын кайрылуусу менен аяктады

2017-жылдын 30-июлунда базар күнү Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 51-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) күчтүү жана ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Алтон, Хэмпширдеги «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде болуп өткөн Жалса Саланага 37,000ден ашуун адамдар катышышты.

Ага катышкан миңдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары көптөгөн Ахмадий эмес жана мусулман эмес коноктор да катышышты. Аталган аземдин баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы) түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

Үч күндүк Жалса Салананын өзгөчө окуяларынын бири – бул базар күнү болуп өткөн «Байъат» деп тааныла турган ант берүү аземи, анда катышкандар Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала ага Жардамчы болсун) колуна Байъат (ант) беришти. Катышкандар Халифага чейин адамдардан турган чынжырды түзүп, ант сөздөрүн чогуу кайталашты.

Байъат

Церемониянын башында ал киши өткөн бир жылдын ичинде жер жүзүнөн 600,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди деп билдирди. Ал киши азыр Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү 210 өлкөдө түзүлгөн деп да билдирди.

Байъат

Өзүнүн жыйынтыктоочу кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөдөгү көпчүлүк жерлерде Ислам дини жөнүндө таралып жаткан туура эмес маалыматтардын себептери жана Ахмадия Мусулман Жамааты ошол жалган жалааларга кандай жооп кайтарып жаткандыгы тууралуу сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнө жүзү боюнча биз – Ахмадий мусулмандар алдыга чыгып, Ислам дининин чыныгы тынчтык кабарын айтып жатканыбызда, алар таӊ калышат. Адамдар Ислам чынында эмнени сунуштаарын билгенде аябагандай таӊ калышат, анткени мурда алар бир гана массалык маалымат каражаттары аркылуу гана маалымат алып келишкен. Тилекке каршы, маалымат каражаттарынын көпчүлүгү экстремисттердин бир кичинекей азчылыгынын жасаган иштерине гана көӊүл буруп, Кудай сактасын, Исламды кандайдыр бир зордук-зомбулуктун дини катары сүрөттөп, натыйжада Африканын тээ алыскы жайларында жашагандар гана эмес, Америка сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде жашагандар да Ислам жөнүндө терс ой-пикирлерди билдиришет».

Байъат

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Чындыгында ар дайым Ислам окуулары дүйнөдөгү тынчтыктын чыныгы кепили экени болот. «Ислам» сөзмө-сөз «тынчтык» жана «коопсуздук» деген маанини билдирет, ошондуктан мусулмандарга жашоонун бардык катмарларындагы адамдарга тынчтыкты чагылдыруу таалими үйрөтүлөт. Ислам дини ишенимге, улутка же түскө негизделген бардык айырмачылыктарды айыптайт жана бардык адамдарды кайдан төрөлгөндөгүнө карабай теӊ укуктуу болуп төрөлөрү туралуу айтат. Чындыгында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кескин түрдө эч бир араб араб эместен өйдө эмес жана эч кандай раса же улуттар ортосунда айырмачылык жок деп жарыялаган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Ислам дини боюнча Алла Таала ар бир коомго пайгамбарларды жөнөткөн жана мусулмандар Алла Тааланын бардык пайгамбарларына ишенишет. Бул уникалдуу нерсе Исламдын  дин тутуу эркиндиги жана сабырдуулукка болгон милдеттемелери менен эч бир башка дин жарыша албаарын көрөтөт. Тилекке каршы, башка диндеги адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы сүйлөшүүлөрү мүмкүн, бирок мусулман киши ар дайым башка бардык диндердин негиздөөчүлөрү жана пайгамбарларын сыйлоого жана аларга ыйман келтирүүгө аргасыз жана эч качан аларга каршы сүйлөй албайт. Башка адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы жаман сөздөр сүйлөшүп жаткан бир учурда мусулмандар башка диндердин башка диндердин пайгамбарлары жана негиздөөчүлөрүнө тынчтык саламдарын жолдоп жаткан болушат. Бул – чыныгы Ислам дини».

Чогулуш

Ислам дининин диний сабырдуулук жөнүндөгү таалимдерин дагы чечмелеп жатып, Ал Азирети Курани Каримдин 6-сүрөөсүнүн 109-аятын келтирди:

«Алар Алланы коюп, ордуна жалбара тургандарды сөкпөгүлө. Антпесе, алар кастык жолу менен өздөрүнүн наадандыгынан Алланы сөгүшөт. Биз ар бир коомго өздөрүнүн амалдарын мына ушундай сонун кылып көрсөтүп койгонбуз. Анан алардын кайтышы өздөрүнүн Раббисине гана. Ошондо Ал аларга өздөрү кылып жүргөн амалдарын айтып берет».

Халифа

Ислам дининин атынан жасалган өздөрүнүн жийркеничтүү террористтик амалдарын актоого аракет кылгандарды жокко чыгарып, Ал Азирети мындай деди: Курани Карим чечкиндүү түрдө динде кандайдыр бир зордук-зомбулук жок деп айткан. Ал киши мындай деди: Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Ислам динин жайылтуу үчүн кандайдыр бир күч же зордук-зомбулук көрсөтүүгө тыюу салгандан кийин Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га берилбеген уруксат кандайдыр бир мусулманга берилиши мүмкүнбү?

Масрур Ахмад

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети курал-жарак сатуу соодасын сындап мындай деди: Батыш күчтөрү кээ бир мусулман өлкөлөрүнө курал сатуу же кээ бир козголоӊчу топторду курал-жарак менен камсыздоо менен мусулман дүйнөсүндө согуштарды жалындатып жатат.

Ал Азирети мындай деди: мусулман өлкөлөрү өз жерин кыйратуучу татаал курал-жарактарды өндүрүү жөндөмүнө ээ эмес, алар чет өлкөлөрдөн ташылып жатат. Мындай курал-жарактар террористтердин жана экстремисттердин колуна тийип, талап-тоноо менен кыйроого алып келүүдө.

Ал Азирети эмнеге алгачкы доордогу мусулмандар согуштарга катышкан деген суроо бергендерге да ар тараптуу жооп кайтарды. Ал Азирети мындай деп түшүндүрдү: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төрт Халифасынын доорунда кылынган бардык согуштар дүйнөдөгү дин эркиндигинин усулдарын (принциптерин) коргоо үчүн кылынган согуштар болгон.

Чогулуш

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дүйнөнүн тынчтыгын талкалоочу дин же ал башка диндердин ибадатканаларын талкалаганы жатат деп айтуу эч жактан туура эмес. Мындай ыплас иштер менен алектенгендер – мисалы, чиркөөлөр же белгилүү тарыхый диний мекемелерди талкалап жаткандар бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы амалдарды жасап жатышат. Мен ачык-айкын айтып коёюн: Алла Таала аларды бейиш менен сыйлабайт, анын ордуна мындай жаман иштер менен алектенгендерди тозокко салат».

Диний чогулуш

Өз кйрылуусун аяктап, Ал Азирети мындай деди: Ислам дини гана дүйнө көйгөйлөрүн чечүү жол-жоболорун көрсөткөн.

Жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнө жер жүзүнө тынчтык орнотуу үчүн бардык дүйнө каражаттарын жана схемаларын колдонуп бүткөн, бирок, тилекке каршы, бул иш-чаралардын баары натыйжасыз болуп чыкты. Тескерисинче, биз баш аламандык, жек көрүү жана чыр-чатак күчөп бара жатканын көрүп жатабыз. Чындыгында, дүйнө коомчулуктагы бардык деӊгээлдерде Ислам дининин мээримдүүлүк жана адилеттүүлүк деген чыныгы усулдарын (принциптерин) кармамайынча тынчтыкка жетише албайт. Тынчтык орнотуунун жол-жоболору – бул Алла Тааланы таануу жана адамзатка кызмат кылуу».

Жалса Салана

Жалса Салана Ал Азирети кол көтөрүп, алып барган дуба менен аяктады.

Дуба

Үч күндүк чогулуш аралыгында Ал Азирети беш кайрылууну жасады жана бир топ башка уламалар Ислам дининин чыныгы таалимдерин түшүндүрүүчү кайрылууларды жасашты.

Ислам Халифасы

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via