Байъат шарттарын аткаруу жана текеберленүүдөн сактанууга насаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Байъат шарттарын аткаруу жана текеберленүүдөн сактанууга насаат

Ислам ыйман дин Мухаммад Пайгамбар хадис мечит азан жума кутба

Байъат шарттарын аткарган бойдон текеберленүүдөн сактануу, ошондой эле Жалса күндөрүндө дуба, Истигфаар жана салаваат окууга көӊүл бурууга насаат

2019-жылдын 4-октябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Франциянын Трий-Шато деген жеринде болгон Жалса Саланада окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 4-октябрында Франциянын Трий-Шато деген жеринде болгон Жалса Саланада окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Ал кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Мансур Бабур мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн Алла Тааланын берешендиги менен силердин Жалса Саланаӊар башталып жатат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалсаны өзгөчө диний чогулуш деп атаган. Ошондуктан, Жалсага катышкандарга айкын болсун, биз ушул жерге диний, илимий жана руханий жакшыруу жана өсүп-өнүгүү үчүн чогулганбыз. Дүйнө Алла Тааланын унутуп жиберген, ар бир динге ишенген адамдар динден алыстап бара жаткан, а түгүл мусулмандар да атынан эле мусулман болуп калган бир учурда биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала кабарлаган кабарына ылайык келген Учурлук Имамды кабыл кылганбыз деген билдирүүнү жасайбыз, ошондо эгерде андан кийин дагы биз өз ахвалдарыбызды жакшыртууга көӊүл бурбасак, анда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Байъат бергендигибиз өзүндө руху (жан) жок бир куру билдирүү болуп саналат. Биз берген Байъат убадабыз биз аткарбай жаткан бир куру Байъат убадасы гана болуп эсептелинет. Ошондо ушул Жалсада чогулууу кандайдыр бир дүйнөлүк жыйынга чогулуу сыяктуу болот.

Эгерде биз Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айтып берген Жалсанын максат-мүдөөлөрүн эсепке алып, өзүбүздү талдап чыксак, текшерип көрсөк, анда ушул үч күндүн максат-мүдөөлөрүн аткаруучулардан гана болбостон, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалсага катышкандар үчүн кылган дубаларына татыктуу боло турган жана ал насааттарды өз жашоолорунун түбөлүк бөлүгүнө айландырып, өздөрүнүн дүйнө менен акыретин оӊдоп алгандардан болуп калабыз. Дүйнө Алла Таала жана динден алыстап бара жаткан бир учурда биздин кийинки муундарыбыз Алла Таалага жакындай турган жана дүйнөнү да Алла Таалага жакындатууга себепчи болуп жаткан болушат.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалсанын максат-мүдөөлөрүн баяндап, Жалсага келгендер ушул айлана-чөйрөдө туруп, акыретти ойлошсун, Алла Тааладан коркушсун, аларда такыба жана жумшак көӊүлдүүлүк пайда болсун, бир тууганчылык айлана-чөйрөсү, карапайымдык жана кичи пейилдик пайда болсун, чындыкты бекем кармап, дин үчүн активдүү болушсун деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мына жогорудагы насаат-сөзүнө ылайык ар бир Жамаат мүчөсү акыретти ушунчалык катуу ойлошу керек, ага каршы дүйүнөлүк нерселердин эч кандай мааниси болбосун деди. Ушул материалдык дүйнөдө бул бир чоӊ чакыруу (challenge) болуп саналат. Алла Таалага бекем ишенгенден кийин гана адам акыретти ойлошу мүмкүн. Убактылуу нерсесин түбөлүк нерсеге курман кылуучу инсан гана акылдуу инсан болуп саналат.

Чыныгы момун-мусулман адам жазалануусунан коркуп, өз ичинен Алла Тааладан коркпойт, тескерисинче менин Сүйүктүү Кудайым мага нааразы болбосун деп коркот. Менин Кудайым мени өстүрүп-чоӊойтуу шарттарын түзгөн, Өзүнүн дүйнөлүк жана руханий кут-берекелерин тартуулаган, демек эгер мен Ал Кудайды бардык күч-кудуреттердин ээси деп, Ага ибадат кылуу акысын актап турган болсом, Ал берген буйруктары жана тыюу салган нерселерге ылайык өмүрүмдү өткөрүп турган болсом, анда Анын кут-берекелеринен үлүш алып турам. Демек, бул туура ой жана мына ошондой адамдар гана такыбаа адамдар. Алардын сүйүүсү жана бир тууганчылыгы кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарына негизделбеген болот, тескерисинче алар жакырлар жана карапайымдар менен да кичи пейил болушат. Алар чындыкка бекем туруп, ширк жакка алып баруучу жалганчылыктан оолак болушат.

Кыскасы, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизде жаратууну каалаган нерселердин маӊызын түшүнүү керек. Бизде кандайдыр бир кожо көрсүндүк болбой, чыныгы рух жана маӊыз болушу керек. Эгерде пендечиликтин айынан мурун ошол максат-мүдөөлөргө жетишүү жолунда кандайдыр бир каталар жана кемчиликтер бут тоскон болсо, эми кандайдыр бир жаӊы ой-ниеттүүлүк менен биз мына ошол жакшылыктарды аткарып, аларга бекем турууга даярбызбы деп өзүбүздү талдап-текшерип көрүүбүз керек. Бүгүн, биз дүйнөдөн көрө акыретке көбүрөөк көӊүл бурабыз, Алла Тааладан коркууну, Анын айбатын жана Анын сүйүүсүн ар бир нерседен жогору коё тургандардан болобуз, өз жүрөктөрүбүздө башкалар үчүн кандайдыр бир жумшактыкты жаратабыз, өз ара сүйүү-махабат жана бир тууганчылыкты кандайдыр бир үлгү боло турган даражада көбөйтөбүз, чынчылдык жана түз сүйлөөгө бекем болуп, Алла Тааланын дининин кабарын ар бир адамга жеткирүүгө аракет кылабыз деп дагы бир жолу сөз беребиз.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) келгиле, бүгүн ошол нерселерге жетишүү үчүн кандайдыр бир иш-планыбызды түзөлү деди.

Алла Тааладан корко турган жана акыретке көӊүл бура турган адам баарынан мурун өзүнүн ибадатын коргоого көӊүл бурат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) «Аз-Заарият» сүрөөсүнүн 57-аятын окуп, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айтып берген котормосун окуп берди. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул аяттын негизинде адамзаттын жашоосунун түпкү максаты Алла Таалага сыйынуу, Аны таанып-билүү жана Кудайдыкы болуу экенин айткан.

Алла Таала бизге үйрөткөн ибадат жана сыйынуунун ыкмасы – бул намазды аткаруу. Мисалы, Алла Таала намаз момун-мусулмандарга убагында аткаруу парыз кылынган деп айтат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мен намазды өз убагында аткаруу маселесин жакшы көрөм деп айткан. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) бул доордо биз байкагандай, адамдар майда-барат себептердин айынан намазды өз убагында аткарууга кош көӊүл болушат, кээ бир адамдар болсо, намазды такыр эле аткарышпайт. Алла Таала намаздарга, айрыкча орто намазга аябай көӊүл бурууга буюрган. Жалпысынан байкалып келе жаткан нерсе, соода иштери, жумуштары, а түгүл телевизор көрүү же уйкунун айынан адамдардын намаздары талаага кетет.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла жана акырет күнүнө ишенген адамдар гана Алла Тааланын мечиттерин абат кылышат. Силер бирөөнү мечитте ибадат үчүн келип жатканын көрсөӊөр, анын момун (ишенүүчү) адам экенине күбөлүк бергиле деп айткан. Тагыраак айтканда, Алла жана акырет күнүнө ишенүүчү адам Алла Тааладан коркот жана ал мечитке келип, кандайдыр бир финта-чагымчылыктарды пайда кылбайт. Чыныгы такыбаа ээлеринин жүрөктөрү жумшак болот. Аларда сүйүү-махабат, бир тууганчылык жана карапайымдык кулк-мүнөз болот. Алар Алла Тааланын акы-укуктарын жана пенделердин акы-укуктарын аткарышат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кыямат күнү баарынан мурда намаз боюнча эсеп-кысап кылынат, эгерде адамдын парыз намаздарында кандайдыр бир кемчилик калып кеткен болсо, ал анын нафлдары аркылуу толукталат деп айткан. Нафл намазын да чын жүрөктөн Алла Тааладан корко турган адамдар гана окушат. Чыныгы сыйынуучу инсан ар түрдүү жакшылыктарды аткарууга умтулат. Жүрөгү таш болгон же жубайы менен балдары андан тажап кеткен же өз күйөөлөрүнө туура эмес талаптарды коё турган жубайлардын жүрөктөрү такыбадан куру-жалак болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кыямат күнү Алла Тааланын көлөкөсүнөн башка ар бир көлөкө жок болгондо, Алла Тааланын Жалаалы (айбаттуулугу) жана бийиктиги үчүн бири-бирин сүйө турган инсандарга Алла Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн орун берет деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) биз «Сүйүү баарына, Жек көрүү эч кимге» деген ураанды айтабыз, ошондо дүйнөгө чыныгы ыкмада ушул кабарды жеткирүү үчүн а дегенде өз үйлөрүбүз жана айлана-чөйрөбүздө аны ишке ашыруу керек. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир учурда бир мусулман мусулмандын бир тууганы, ал ага зулумдук кылбайт жана аны жалгыз да калтырбайт деп айткан.

Демек, бул аябай корко турган жана ойлоно турган жай, биз жакшылыктар тууралуу кеп-сөздөрдү угуу үчүн Жалсага катышуудабыз. Биз өзүбүздү талдап-текшерип көрүүбүз керек жана ибадат менен бирге пенделердин акы-укуктарын аткарууга да көӊүл буруубуз зарыл. Ширктен оолак болуу жана намаз менен нафлдарды аткаруу менен бирге «биз Алла Тааланын жалпы пенделерине жана айрыкча мусулмандарга кызуу кандуулуктарыбыздын учурунда эч кандай зыян келтирбейбиз» деген Байъат убадасын да бергенбиз. Демек, Жамаат мүчөлөрү мусулмандарга, жалпы адамдарга жана кол астындагыларына жакшы мамиледе болуулары керек. Байъат шарттарынын арасында «текеберликти таштап, карапайымдык жана жөнөкөйлүк менен өмүр өткөрөм» деген шарт да бар. Биз чын жүрөктөн ал шарттарды аткарып жатабызбы же жокпу деп маалымдоо үчүн Байъат шарттарын да окуп туруу керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) албетте чынчыл инсан болгон жана Алла Таала ал (алайхиссалаам)га ийгиликтерди тартуулоого убада берген. Бирок эгерде биздин айтканыбыз менен кылганыбыздын ортосунда карама-каршылык болсо, биз аткарып жаткан амалдарыбыз жалганчы экенибизди тастыктоочу болсо, анда биз ал (алайхиссалаам)дын Жамаатына жардамчы болгон инсандар сабына кошула албайбыз. Ошондуктан, мына ушул күндөрдө дуба, Алла Тааладан кечирим суроо жана салаваат окуу менен алектенип туруубуз керек.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн Жамаат мүчөлөрүнө насаат кылып мындай деп айтат: «Алардын ушул Жамаатка кирип, мени менен сүйүү жана кулдук алакасын түзүүсүнүн максат-мүдөөсү мындай: алар жакшы жүрүм-турум, бактылуулук жана такыбанын эң жогорку даражасына көтөрүлүшсүн. Алар беш маал жамаат намазын калтырбай аткарышсын. Алар ар түрдүү күнөөлөр, кылмыштар, айтууга ооз барбаган нерселерден, бардык кызуу кандуулуктардан жана ыңгайсыз аракеттерден оолак болушсун. Бардык адамдарга боорукер болуу – алардын принциби болсун. Алар өз тилдерин, колдорун жана ички ойлорун ар бир таза эмес жана бүлүк чыгаруучу жолдордон жана бирөөгө кыянатчылык кылуудан сакташсын. Зулумдук, эзүүчүлүк, кыянат менен алдамчылык, паракорлук, бирөөнүн укугун тепселөө жана жөндөн бирөөгө  жан тартуудан алыс болушсун. Эч бир жаман чөйрөдө отурушпасын. Ар бир адам үчүн чыныгы насаатчы жана оңдоочу болгула.

Көлөмдүү бир үзүндүнүн аягында ал (алайхиссалаам) ушул бардык насааттарга амал кылуу менин Жамаатымдагы ар бир адамга шарт болот деп айткан.

Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Алла Таала бардыгыбызга Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген Байъаттын акысын актоочулардан болууга, ал (алайхиссалаам)дын насааттары жана үмүттөрүн аткарууга, ошондой эле Жалсадан көбүрөөк пайда алууга күч-кубат берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Share via