Христиандардын «үйү» деп эсептелинген жерде мечит салуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Христиандардын «үйү» деп эсептелинген жерде мечит салуу

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад  (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин куттуу колунан Германияга караштуу Фульда шаарында «Байтул-Хамийд» мечитинин ачылышы, эстелик тактасынын ачылуу аземи, пешин менен аср намаздарынын атакрылуусу жана ачылуу аземинин өткөрүлүүсү

 Хузур-э-Анвар Ислам окууларынын негизинде коомчулукта тынчтык жана өз ара гармонияны жаратуу үчүн жасаган алтын усулдардан турган аябай күчтүү кайрылуусу.

 Бир топ коноктор менен бирге Лютеран чиркөөсү жана «Диндердин Тегерек Столунун» төрагаларынын катышуусу

Бүгүн христиан чиркөөсүнүн тарыхында бир өзгөчө атка ээ болгон Фульда шаарында «Жүз мечитти салуу» долбоорунун берекеси менен курулган «Байтул-Хамийд» мечитинин ачылышы болчу. Хузур-э-Анвардын кербени саат 16:00до «Байтус-Субух» мечтинен жөнөп, саат 17:00до Фульдадагы «Байтул-Хамийд» мечитине жетип келгенде, жергиликтүү Жамаат мүчөлөрү диний ураандарын көтөрүп, Хузур-э-Анварды тосуп алышты. Хузур-э-Анвар унаасынан түшкөндө, Фульда Жамаатынын президенти алдыга чыгып, Хузур-э-Анвар менен кол алышып көрүшүү бактсына ээ болду. Урматтуу Фараан Ахмад мырза Хузур-э-Анварга гүл берүү бактысына ээ болду. Ал эми Хузур-э-Анвардын жубайы Азирети Саййида Аматус-Субух Бегам айым (мадда зиллухаа)ны тосуп алуу үчүн улуттук жана жергиликтүү Лажнанын президенттери бар болушкан. Азирети Бегам айымга кымбаттуу Шаафия Малаахат гүл берди.

Ал учурда жаш эркек балдар жана кыздардын топтору өзү-өзүнчө Хузур-э-Анвардын унаасынын оӊ жана сол жагында диний ырларды ырдап жатышкан эле. Хузур-э-Анвар  колун булгалап, балдарга «Ассаламу алайкум» деген ак бата берип, анан «Байтул-Хамийд» мечитинин эстелик тактасын ачуу үчүн алды жакка өтүп барды. «Байтул-Хамийд» мечитинин эстелик тактасын ачкан соӊ Хузур-э-Анвар эркектердин намаз окуусу үчүн бөлүнгөн мечиттин биринчи кабатына барды. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү мурунтадан эле мечитте болушкан. Хузур-э-Анвар мехраабдын жанында туруп, жергиликтүү Жамааттын президенти менен бир нече мүнөткө курулуш иштери тууралуу сүйлөштү, анан саат 17:10до пешин менен аср намаздарын кошуп окутту. Намаз аткаргандан кийин Хузур-э-Анвар ылдый түшүп калган имаратын көрүп чыкты. Хузур-э-Анвар мечитти көрүп жатканда аялдар жакка да барып, кыздар балдарга шоколаддарды бөлүштүрдү. Ал жерден бошогон соӊ Хузур-э-Анвар Даават Үйүнүн короосунда бир көчөттү отургузуп, анан дуба кылды. Хузур-э-Анвар мурунтадан курулган имаратты көрүү үчүн да барды, ал имарат Жамаат кеӊселери жана Жамаат миссионеринин турак жайы катары пайдаланылып жатат. Ал имарат тууралуу да Хузур-э-Анвар кээ бир көрсөтмөлөрдү берди.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Андан кийин Хузур-э-Анвар мечиттин аянтынын эки бир тууган Мырза Давуд Ахмад жана Мырза Масъуд Ахмад биргелешип, үй курмакчы болгон бөлүгүнө барды. Ал жерде анын бардык үй-бүлө мүчөлөрү топтолушкан эле, алар турганда Хузур-э-Анвар пайдубал ташын коюп, дуба сурады. Алардын тилегине ылайык Хузур-э-Анвар алардын короосунда бир көчөттү отургузуп, дуба кылдырды, ага бардык адамдар да кошулушту.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Ушул жерден мечитти көздөй кетип баратканда, Хузур-э-Анвар ал жерде болгон бардык балдарга шоколаддарды бөлүп берди. Жамааттын жооптуу-кызматчылары менен чогуу сүрөткө түштү. Саат 17:50дө Хузур-э-Анвар кербен менен бирге ачылуу аземине катышуу үчүн Маритим мейманканасын көздөй жөнөп кетти. Маритим мейманканасы Германиянын тарыхый шаары Фульданын так ортосунда жайгашкан Шлоссгартендин ортосунда жайгашкан.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Хузур-э-Анвар саат 18:00да «Байтул-Хамийд» мечитинин ачылуу аземине жетип келди. Хузур-э-Анвар залга кирип келгенде (Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын тышкы иштер катчысы) урматтуу Доктор Мухаммад Давуд Мажока мырза бардык конокторго келгендиги үчүн ыраазчылыгын билдирип, аземди расмий түрдө баштоого Курани Каримди окуу үчүн урматтуу Хафиз Закир Муслим Тахир Батт мырзаны чакырды. Урматтуу Доктор Рана Мукаррам Ахмад мырза окулган куттуу аяттардын немец тилиндеги котормосун окуп берди.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Андан кийин (Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири) урматтуу Абдулла Вагис Хаузар мырза сахнага келип, кыскача кайрылууну жасады. Ал киши Жетекчибиз Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин арабызда отургандыгы бүгүн биз үчүн өтө чоӊ бактылуулук деп айтты. Өзүнүн кайрылуусунда ал киши Фульда шаарын тааныштырып, бул шаар 744-жылы пайда болгон, ушул жердеги сыйынуу үчүн салынган имарат бир өзгөчөлүккө ээ чиркөө болчу деди. Фульда шаарында көрүүгө ылайык бир топ мекемелер болуп, адамдардын көӊүл-дитин өзүнө буруп жатат. 1984-жылы Пакистанда Ахмадий мусулмандарга көрсөтүлгөн кысымдарга чыдабай, Ахмадийлер ушул жерге көчүп келгенден кийин бул шаарда Ахмадия Мусулман Жамааты пайда болгон. 1990-жылы бир квартира ижарага алынып, борбор ачылган. Андан кийин ар кайсы жайларда борборлор ачылды. Андан кийин 2013-жылы Алла Таала бизге ушул аянтты сатып алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган. 2013-жылдын 26-июнунда Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин куттуу колунан «Байтул-Хамийд» мечитине алгачкы таш коюлган деди.

Урматтуу Амир Сахибдин сөзүнөн кийин Лютеран чиркөөсүнүн төрайымы урматтуу Сара Кауч келип, кайрылуусун жасады. Ал киши бул кандай түстөгү жана ата-тегинин тарыхы бар адамдардын шаары. Бардыгыбыз биргелешип, үйлөрүбүздө жана коомчулугубузда тынчтыкты кармап турууга аракет кылышыбыз керек деди.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Андан кийин Диндердин Тегерек Столу (Round Table of Religions) аттуу уюмдун улуу урматтуу төрагасы Курт Альбрехт мырза өзүнүн ой-пикирин айтты. Ал киши бүгүн ушул аземге катышуу мен үчүн чоӊ кубаныч. Биз – ар кандай диндердин өкүлдөрү чогуу жашоого аракет кылабыз. Мен Фульда шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына ыраазычылыкты билдирем, алар ар дайым бизге колдоо көрсөтүшкөн. Мен ушул мечиттин ачылышы менен баарыӊарды куттуктайм деди.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Коноктор жасашкан кайрылууларынан кийин Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) саат 18:30да минбарга келип, Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиймди окугандан кийин бардык улуу урматтуу конокторго «Ассаламу алайкум», – деди жана ушул майрамдын учурунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын чакыруусун кабыл кылып, ушул жерге келген бардык меймандарга ыраазычылыгын билдирди.

Хузур-э-Анвар Алла Таала ибадат кылуу үчүн бизге ушул жерди тартуулаган, бирок ушул мечитти салуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылуу үчүн силер да өтө чоӊ ролду ойногонсуӊар, ошон үчүн мен бул шаардын жарандарына ыраазычылыкты билдирем деди. Хузур-э-Анвар Фульда шаарынын консулу жана мэрине да ыраазычылыгын билдирди.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Хузур-э-Анвар силердин ушул жерге келүүӊөр силердин жүрөктөрүӊөрдүн ачык экенин чагылдырып жатат. Бул шаардын тарыхы христиан дининин ушул жерде байыртадан бери болгондугун көрсөтөт. Мына ошондой жайда мечит салууга жол берүү христиандардын жарык ой жана ачык жүрөккө ээ экенин чагылдырат жана силердин бардык диндер менен чогуу жашоону каалаганыӊар билинип турат деди.

Хузур-э-Анвар бул доордо өз ара байланыштар, байланыш каражаттарынын өсүп-өнүгүүсү, телевидения, интернет жана таранспорттун өсүп-өнүгүүсү аркылуу дүйнө бир болуп калды. Сапар кылуу каражаттары өтө эле тез болуп калды. Дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү бизди бириктирип жатат деп түшүнүшүбүз керек жана ушул өсүп-өнүгүүдөн пайда көрүшүбүз керек, ошондой эле ушул өсүп-өнүгүүдөн биргелешип пайда алуу үчүн бири-бирибизге шектүү кароодон көрө бири-бирибиз үчүн жакшы ой-сезимдерди жаратышыбыз керек деди.

Хузур-э-Анвар Амир Сахиб ушул жерде музейлер да бар экенин айтты деди. Мурунку тарыхты сактоо өтө эле жакшы нерсе. Биз тарыхтын жакшы натыйжаларынан пайдаланышыбыз керек. Музейлер бизге мурунку тарыхты тааныштыруу менен бирге келечек жол-жоболорун да көрсөтүп берет деди.

Хузур-э-Анвар ушул жерде билим алууга да чоӊ кызыгуу бар деди. Илим-билим адамда жарык ой жана көрөгөчтүктү жаратып, башкаларга карата сезүү жөндөмдүүлүгүн пайда кылганда гана билим алуунун пайдасы болот деди. Эгерде бул жакка көӊүл бурулбаса жана бири-биринин аземдерине катышуу кайраттуулугу жок болсо, анда илим-билимдин пайдасы деле жок. Көпчүлүгүӊөрдү силердин илим-билимиӊер жана окуп-үйрөнгөн билимиӊер эле ушул жерге алып келди. Мен кудум силер тарабыӊардан көрсөтүлгөн жарык ойлуулук сыяктуу жарык ой биз тарабыбыздан да көрсөтүлсүн деп дуба кылам.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Хузур-э-Анвар мындай деди: Сара айым биз Алла Тааланын ибадатына көӊүл бурушубуз керек жана ушул эле нерсе тынчтыктын себепчиси деп айтты. Негизги нерсе ушул гана, анткени Алла Таалага сыйынуучу инсандар чыныгы тынчтыкты жаратуучулар. Мединада Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына Нажран деген жерден бир христиандардын делегаты келген. Жолугушуунун аралыгында алардын сыйынуу убагы болуп калгандыгын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул нерсени сезип алган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга Пайгамбар мечитинин өзүндө сыйынууга уруксат берген. Хузур-э-Анвар ушундай гана жолдор менен тынчтыкты орнотуу мүмкүн деди.

Хузур-э-Анвар бүгүнкү күндө Исламдын атынан туура эмес нерселер айтылып жатат, а чындыгында Ислам тынчтыктын аталышы гана деди. Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн колу жана тили менен башкаларга зыян келтирбеген адам гана чыныгы мусулман болуп саналат деп айткан. Эгер ушул сыяктуу кандайдыр бир нерсе болуп калса да, Ислам дини эч кимге мыйзамды колуна алууга уруксат бербейт.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Алла Таала Курани Каримде бир адамды өлтүрүү бардык адамдарды өлтүрүү жана бир адамдын жанын сактап калуу бардык адамдарды сактап калуу менен барабар деп айткан. Исламдын чыныгы таалими мына ошол гана жана Ахмадия Мусулман Жамааты ушул эле таалимди дүйнөдө жайылтып жатат.

Хузур-э-Анвар мындай деди: Фульда шаарындагы Диндердин Тегерек Столу (Round Table of Religions) аттуу уюмдун төрагасы ар кандай диндерди өкүлдөрү ушул жерге чогулушат жана жыл сайын бир жыйын да өткөрүлөт жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын да ага катышуусун угуп, мен аябай сүйүндүм деп айтты. Ал киши чыныгы нерсе – бул адамдарды кадырлоо деген зор сөздү айтты. Алла Таала бизге тартуулаган мээни эгерде биз колдонбосок, анда биз жаратылыштардын эӊ мыктысы боло албайбыз. Эгерде бизде башка адамдарды кадырлоо деген касиет пайда болбосо, анда мээнин деле пайдасы деле жок. Ошондуктан, чыныгы нерсе – бул башка адамдарды кадырлоо гана.

мечит Фульда Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Хузур-э-Анвар мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү (алайхиссалаам)дын доорунда бир жыйын болгон эле, ага бардык диндердин өкүлдөрү чакырылып, ар бир дин өкүлү өзүнүн дининин баалуулуктарын айтып берсин, бирок башкаларга сын-пикир айтпасын деп айтылган эле. Ошондуктан, ар бир диндин сөзүн түшүнүү жана ар бир диндин жакшылыгы менен жаманчылыгын анализдөө жарык ойлуулуктун далили болот жана ушул эле нерсе маңыздуу нерсе болуп саналат. Хузур-э-Анвар мындай деди: биз башка адамдарды кадырлашыбыз керек жана бири-бирибиздин ички сезимдерине көӊүл бурганыбызда гана ошондой болушу мүмкүн.

Хузур-э-Анвар мындай деди: Курани Каримде кээ бир намаз аткаргандардын намаздары аларды жок кылып салат, анткени алар жакырлар жана кедейлерге көӊүл бурушпайт деп жазылган. Ошондуктан, сыйынуу керек, бирок ошол эле учурда башка адамдардын сезимдерин да эсепке алуу керек. Мына ошол эле нерсени Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө жайылтуу ниетинде. Мен ушул жердеги Ахмадий мусулмандар мурдагысынан да көбүрөөк изги иштерге катышышат жана сыйынуу менен бирге адамдарды кадырлашат, өздөрүнүн айланасында жашагандарга мээримдүү болушат, ошондой эле аларда сабыр менен чыдамкайлык да болот жана алар адамдарга кызмат да кылышат деген үмүттөмүн. Мен ушул жердеги Ахмадийлер мына ошондой кылышсын деп дуба кылам.

Хузур-э-Анвардын кайрылуусунан кийин 18:45ке жакын жалпы дуба болду. Аземге катышкан бардык адамдар өздөрүнүн ыкмасына ылайык дубага катышышты.

Андан кийин ардактуу конокторго тамак-аш тартылды. Хузур-э-Анвар 19:30дан кийин мейманканадан чыгып кетти.

(Репортажды даярдаган: «Эл аралык Ал-Фазл» гезитинин кабарчысы Ирфан Ахмад Хан, Европа иш сапары, Сентябрь, Октябрь 2019-жыл)

Share via