Германиянын Висбаден шаарында «Мубарак» аттуу жаңы мечит ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын Висбаден шаарында «Мубарак» аттуу жаңы мечит ачылды

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Ахмадия Мусулман Жамаатынын дагы бир өзгөчөлүгү: биз жашаган ар бир жерде адамдарга кызмат кылуу иштерин аткарышыбыз керек. (Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы)

(Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасынын куттуу колунан жабылган тактанын ачылуусу, Хузур-э-Анвардын имамчылыгында пешин менен аср намаздарынын аткарылуусу, анан уюштурулган аземде айлана-чөйрөдө тынчтык жана гармонияны жаратуу үчүн Ислам дининин теӊдеши жок окууларынан турган аябай күчтүү кайрылуусу болду. Башкалардын ички сезим-туйгуларын сыйлоо менен гана интеграция пайда болот.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Европага тарткан иш сапарынын үчүнчү жана акыркы баскычында Германияга келди. Бүгүн Германиянын Гессен облусунун борбору Висбаден шаарында «жүз мечит куруу» аттуу долбоордун берекеси менен курулган «Мубарак» мечитинин ачылуусу жана ага байланыштуу ошол аймактагы кадыр-барктуу адамдар менен бир кече өткөрүү программасы бар болчу.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Кристоф Монюра мырза Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллаах) менен кол алышып көрүшүү бактысына ээ болду.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин кербени «Мубарак» мечитин ачуу үчүн саат беште Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинен жөнөдү.

Кербен Висбаден аймагына кирээри менен милициянын эки машина менен үч мотоциклден турган милиция тобу кербенди коштоп жөнөштү. Хузур-э-Анвар Висбаден шаарында болгон убакытка чейин милициянын ушул тобу Хузур-э-Анвардын кербени менен чогуу болушкан.

Саат бештен бир аз өткөндөн кийин жаш балдар жана кыздардан турган топтор тарабынан ар түрдүү тилдерде «кош келиӊиз» деп, абдан жагымдуу  ырларды ырдап жатышканда Учурлук Имам (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин кербени «Мубарак» мечитине жетип келди жана (Висбаден Жамаатынын Амири) урматтуу Умар Азиз, (Генералдык катчы) урматтуу Мухаммад Максуд, (мал-мүлк катчысы) урматтуу Раашыд Гаффаар жана (Жамаат миссионери) урматтуу Фархаад Гаффаар Хузур-э-Анварды тосуп алышты. Кымбаттуу Даниёл Билал (Вакф-э-Нау) Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)га, ал эми кымбаттуу Анийка Ахмад (Вакифа-э-Нау) Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин жубайы Азирети Саййида Аматус-Субух Бегам Сахиба (мадда зиллухаллааху таъаала)га гүлдөрдү сунуштоо бактысына ээ болушту. Азирети Бегам Сахибаны тосуп алуу үчүн (Германия Жамаатынын Лажна Имааиллаахтын президенти) урматтуу Атия Нур Ахмад Хиюбаш айым бар болчу. Бул учурда Висбаден шаарынын мээринин өкүлү Кристоф Монюра мырза да бар болчу, ал киши Хузур-э-Анвар менен кол алышып көрүшүү бактысына ээ болду. Ал киши Висбаден шаарынын башкармалыгында социалдык, билим берүү, турак жайы жана интеграция бөлүмүнүн төрагасы катары да иштеп жатат. Андан кийин Хузур-э-Анвар «Мубарак» мечитине орнотулган эстелик ачылыш тактасына барып, анын пардасын ачты.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Андан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Мубарак» мечитинин биринчи кабатында жайгашкан залга барып, пешин менен аср намаздарын окутту. Андан кийин ылдый түшүп келип, мечиттин имараты жана ага жанаша турган кеӊселерди ж.б.ларды көрүп чыкты. Хузур-э-Анвар мечитти көрүп жатканда аялдар үчүн курулган бөлүгүнө барып, ал жерде жагымдуу үндөр менен ыр ырдаган кыздар өздөрүнүн сүйүктүү Имамынын колунан шоколад белегин алышты. Андан кийин Хузур-э-Анвар мечиттин короосуна барып, эстелик катары бадам көчөтүн отургузду. Кристоф Монюра мырза да бул учурда эстелик катары көчөт отургузуу бактысына ээ болду. Уюштурулган кечеге баруудан мурун Хузур-э-Анвар эркектер залына барып, ыр ырдаган эркек балдарга да шоколад берди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бир саат «Мубарак» мечитинде болгондон кийин «Мубарак» мечитинин ачылуу аземине катышуу үчүн төрт чакырымга жакын аралыкта жайгашкан Курхаусту (Kurhaus) көздөй жөнөдү. Курхаус Висбаден шаарынын ортосунда жайгашкан эл аралык деӊгээлдеги бир имарат болуп саналат. Ал имаратта он эки ири зал бар, ал залдарда ар кандай аземдер, семинарлар, симпозиумдар ж.б. өткөрүлөт. Анын устундуу залы (columned hall) өзүнүн 129 метр узундугу менен Европанын эӊ узун залы болуп эсептелинет.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) саат алтыдан кырк беш мүнөт өткөндө залга киргенде, ал аймактын мээри Герт-Уве Менде мырза Хузур-э-Анварды тосуп алды. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) төрагалык отургучуна чыккандан кийин алып баруу (программа) башталды. (Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын тышкы иштер катчысы) урматтуу Доктор Мухаммад Давуд Мажока мырза алып барчуучулук милдетин аткарды. Даниёл Давуд мырза «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 128-130- аяттарын окуду, анан ал аяттардын немец тилиндеги котормосун окуу бактысы Нуширван Хан мырзага насип этилди. Андан кийин (Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири) урматтуу Абдулла Вагисхаузар мырза Висбаден шаары, Висбадендеги Ахмадия Мусулман Жамааты, Висбаден шаарында салынган «Мубарак» мечити жана жалпысынан Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу кыскача маалыматтарды берди. Урматтуу Амир Сахиб Ахмадия Мусулман Жамааты уюштуруп келе жаткан аземдер жана кечелер жөнүндө сөз кылып, шаар башкармалыгына алар Ахмадия Мусулман Жамаатына колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Мындан кийин келген ардактуу коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

◊ Урматтуу Кристоф Монюра мырза Хузур-э-Анвар жана чогулган ардактуу меймандарга «кош келиӊиздер» деп айтып, шаар тургундарынын арасындагы бир чоӊ сандагы адамдардын ушул аземге келип катышкандыгы үчүн өз кубанычын билдирди. Аталган адам Ахмадия Мусулман Жамааты аткарып келе жаткан иштерине баа берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына жакшы тилектерин тиледи.

◊ Урматтуу Франк-Тило Бечер мырза ушул аземге катышуу мен үчүн өтө чоӊ сыймык деди. Ал киши демократияда бардык диндер теӊ болуп саналат жана бардык диндер өлкөбүздө эркиндик менен өзүнүн таалимдерине амал кыла алышат жана бул жагынан караганда, Ахмадия Мусулман Жамааты өтө маанилүү болуп эсептелинет, аталган Жамаат Хессен облусунда Ислам дининин таалимдерин окутуп-үйрөтүп жатат деди. Аягында ал киши тынчтыкты тилөө менен өз ой-пикирин бүтүрдү.

◊ Урматтуу Герт-Уве Менде мырза Хузур-э-Анварга «кош келиӊиз» деп айткан соӊ «Мубарак» мечитинин курулуп бүтүшү менен куттуктады. Ал киши Висбадендеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү бул мечитти куруу үчүн өтө көп курмандыктарды жасашкан деди. Ал киши бул мечит салынып жатканда арабызда кандайдыр бир коркунуч бар болчу, бирок силер ар кандай кечелер жана програмаларды уюштуруп, биздин коркунучубузду кетирип салдыӊар деди. Ал киши шаар тургундарына кайрылып: «Бири-бириӊер менен жакын болгула, бири-бириӊер менен сүйлөшкүлө жана ушундай иштерди аткаруу үчүн бул мечит эӊ сонун жай болуп саналат. Мен баарыӊарга кут-берекелерди тилейм», – деп айтты.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) жасаган кайрылуусу

Коноктордун кайрылууларынан кийин Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) саат жети жарымда сахнага чыгып, кечеге абдан маанилүү кайрылууну жасады.

Ташаххуд, Таъввуз жана Тасмиядан кийин Хузур-э-Анвар бардык улуу урматтуу конокторго Ассаламу Алайкум ва Рахматуллаахи ва Баракаатуху деп, мындай деп айтты:

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Бүгүн Ахмадия Мусулман Жамааты ушул залда бул кечени өткөрүп жаткандыгынын себеби, Алла Таала аларга ушул шаарда мечит салуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн бул өзгөчө бир диний кече жана өтө чоӊ кубаныч болуп саналат. Бирок ушул шаар тургундарынын ачык жүрөк жана жарык ой ээси экенин көрүп, мен да чоӊ кубанычка баттым. Тактап айтканда, алар Ахмадия Мусулман Жамааты салынган жаӊы мечиттин ачылуусу үчүн уюштурган ушул диний аземге катышууга сөз гана бербестен, келип катышышты. Мага көрүнүп жаткан көпчүлүгүӊөрдүн ушул аземге катышууӊар ушул шаар тургундарынын ачык жүрөк жана жарык ой ээси экенин далилдеп жатат.

Хузур-э-Анвар кээде мечиттин атын укканда эле айрым адамдарда коркуу сезимдери пайда болот. Бул шаарда ар кандай адамдар жашашат жана ар түрдүү мусулман агымдар да жашашат, бирок ушуга карабастан мусулмандардан мусулман эместерде коркуу сезимдери пайда болуп турат деди.

Хузур-э-Анвар мечит куруунун түпкү максаты төмөнкүдөй экенин айтты: диний таалимибизге жараша Жалгыз Кудайга сыйынуу үчүн кандайдыр бир жер насип этсин. Батыш дүйнөсүндө, мусулман эмес дүйнөдө кээ бир адамдар мечиттин ичинде туура эмес иш-пландары да жасалышы мүмкүн, кээ бир радикал адамдар да келиши мүмкүн деп ойлошот. Бирок Курани Карим мечит салуунун максаты төмөнкүдөй экенин айткан: адамдар Жалгыз Кудайга сыйынуу үчүн чогулушсун. Андан тышкары, силер кылган ибадатыӊар Алла Тааланын акы-укуктары менен бирге пенделердин акы-укуктарын аткаруучу ибадат болушу керек деп да айткан. Ошондуктан, Курани Карим ачык-айкын мындай деп айтат: жетимдерге, карапайымдарга, жакырларга көӊүл бурбай турган жана адам баласына таандык кадыр-барктарга көӊүл бурбай турган адамдардын окуган намаздары алардын бетине салынат, аларга кайтарылат жана ошондой намаздар аларга зыян жана (руханий) өлүм алып келүүгө себепчи болуп калат. Ошондуктан, бир нерсе силерге айкын болсун, чыныгы бир мусулман мечит дегенде, ага кирип, Жалгыз Кудайга сыйынуу, ал жерде туруп, өзү үчүн дуба кылып, Алла Тааладан жардам суроо менен бирге дүйнөдө дагы, айлана-чөйрөдө дагы тынчтык жана коопсуздук болсун деп дүйнө үчүн да дуба кылууга негизделген имарат деп ойлойт. Мына ошон үчүн биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) деп ишенген инсан, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү силер Ислам динин тааныштырууну каалаган аймагыӊарда мечит салгыла деп айткан.

Хузур-э-Анвар эгер Исламды тескери таанытуу максаты болсо, андан мечит салууга буюрулбайт. Таанытуу оӊ болгондо гана чыныгы таануу болуп саналат деди. Ошентип, мечит салынганда, адамдар мусулмандар эмне кылаарын байкашат. Алар чыныгы мусулмандар ибадат гана кылбастан, бири-биринин акы-укуктарын да аткарышат жана аларга көӊүл бурушат деп байкашат.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

 Хузур-э-Анвар Курани Каримде коӊшу-кошуналардын акы-укуктары тууралуу да кезигет деди. Кошуна деп, адам менен жашаган бардык адамдар, аны менен чогуу жолго чыккандар, аны менен чогуу иштегендер ж.б. бардык адамдар «кошуна» болуп саналышат. Бул шаарда миӊге жакын Ахмадий мусулмандар жашашат, бул жагынан алганда бүткүл шаар Ахмадийлердин кошуналыгына кирет. Кошунанын кандай акы-укуктары бар? Бул тууралуу бир жолу Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: Алла Таала кошуналардын акы-укуктарын аткарууга мага ушунчалык басым жасаган, мен алар мураскерлер сабына да кошулуп кетет го деп ойлодум. Тагыраак айтканда, кудум эле жакын жана кан тууган-туушкандарына көӊүл бурулгандай, аларга аябай көп көӊүл бурууга насаат кылынган. Ар бир чыныгы мусулман ибадат үчүн мечитти көздөй кетип баратканда мына ошол нерсеге көӊүл буруусу керек.

Хузур-э-Анвар мындай деди: биздин улуттук Амирибиз бул шаар тууралуу маалымат бергендей, ушул жерде фантандар да бар жана суу да мол экен. Ошондуктан, өздөрүндө суу мол болгон силер сыяктуу адамдар суу жетишпеген өлкөлөрдөгү адамдар кандай ахвалда жашап келе жатканын элестете албайсыӊар. Африканын сексен пайыз аймагында суу жеӊилдиги жокко эсе. Жаш балдар челектерди өз баштарына көтөрүп, эки-эки жана эки-үч чакырымдарга чейин барышып, суу алып келишет. Алар эртеден кечке чейин ушул эле иш менен алектенгендиги үчүн билим алуудан да куру-жалак калышат.

Хузур-э-Анвар мындай деди: ушул шаар өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири бул жерде билим деӊгээли өтө эле жогору экендиги айтылды. Эми кир көлдөрдөн суу ала тургандар эртеден кечке чейин суу ташуу жана жакырчылыктын айынан билим ала албай калышат. Мына ошол өлкөлөрдө Ахмадия Мусулман Жамааты аларды билим менен камсыздоо үчүн мектептерди да салат, ошондой эле суу үчүн күн жарыгы менен иштей турган насостор жана кол менен иштей турган кудуктарды да орнотуп келүүдө. Анан жерден таза суу чыкканда, ошол адамдар жана жаш балдарынын жүздөрүндө пайда болгон кубанычты көрүп, мен көбүнчө Европада бир нече миллиондук лотереяны утуп алган адамдын кубанычы сыяктуу деп айтам.

Хузур-э-Анвар мындай деди: биздин «таза суу» жана «заманбап айыл» деген долбоорлорубуз бир гана Ахмадий мусулмандар үчүн эмес, тескерисинче Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан жасалып жаткан элге кызмат кылуу иштеринен пайдалана турган адамдардын сексен пайызы Ахмадий мусулман болбогон адамдар болушат. Алар христиандар же пагандар же башка диндер өкүлдөрү болушат. Ошентип, алар да динге көӊүл бура башташат. Бирок биздин түпкү максатыбыз чын жүрөктөн адамдарга кызмат кылуу гана. Биз жакыр дүйнөдө аябай көп адамдарга кызмат кылуу иштерин жасап жатабыз. Бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Тагыраак айтканда, биз жашаган ар бир жерде албетте адамдарга кызмат кылабыз.

Хузур-э-Анвар мындай деди: мен ушул шаарда жашаган Ахмадий мусулмандар мечит курула электе элге кылган кызматтарынан да көбүрөөк кызмат кылуу иштерин ушул мечит курулгандан кийин аткарышат деген үмүттөмүн. Алар дүйнөгө Алла Таалага көӊүл бурулган жерде Алла Тааланын пенделерине да көӊүл бурулат деген нерсе гана чыныгы Ислам экенин жеткиришет.

Мечит Ислам ыйман дин мусулман ибадат сыйынуу

Хузур-э-Анвар мындай деди: Курани Каримдин эӊ биринчи сүрөөсүндө бүткүл ааламдарды багуучу Раббиге мактоо-алкоо айткыла деп кезигет. Ал яхудийлердин да Раббиси, христиандардын да, хиндилердин да, мусулмандардын да Раббиси. Мына ошондон улам Исламдын Негиздөөчү (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдык кулк-мүнөздөрүн эӊ жогору даражада кармаган жана ошон үчүн Курани Карим да ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды бүткүл ааламдарга мээримдүүлүк деп атаган.

Хузур-э-Анвар мындай деди: кээ бир адамдар Ислам радикализмди колдоочу дин жана радилкализмге чакырат дешет. Бирок Ислам дини эч качан радикализмге чакырбайт. Эгерде биз адилеттүүлүк менен тарыхка көз салсак, анда Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алгачкы он үч жылы Меккеде өтө оор өткөнүнө күбө болобуз, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) башына түшкөн ошол кыйынчылыктары үчүн эч качан өч алган жок. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол зулумдуктардын айынан Мединага көчүп кеткен. Мединага көчүп барган соӊ ал жерде да каапырлар тынч жашоо үчүн ага жол беришкен эмес жана ага чабуул жасашкан. Ал кезде Курани Каримде согушууга же катуу жооп кайтарууга биринчи жолу буйрук келген, тагыраак айтканда Мединага көчкөндөн кийин (согушууга уруксат берилген). Ал буйрук «Ал-Хаж» сүрөөсүндө кезигет. Ал убакта ошол заалимдерге жооп берүү шарт болуп калды, анткени эгер аларга жооп кайтарылбаса, анда алар бир гана мусулмандарды жок кылууну каалашпайт, Курани Каримде ачык-айкын: «Алар ар бир динге каршы чыккан адамдар. Ошондо алардын чабуулдарынан эч бир синагога да аман калбайт, чиркөөлөр да сактанбайт, хиндилердин сыйынуу үйлөрү да, мечиттер да аман калбайт», – деп жазылган.

Хузур-э-Анвар мындай деди: Курани Карим тек мечиттерди гана коргогула деп айткан эмес, тескерисинче алар дин душмандары жана алар бир дагы динге жол беришпейт деп айткан. Ошондуктан, мусулмандар аларга жооп кайтарышкан. Алла Тааланын жардамы аларга тийгендиктен Меккеден келген аскерлердин аябай көп курал-жарак менен жабдылгандыгына карабай, жана мусулмандардын аскерлери алардын аскерлеринин үчтөн бир бөлүгү болуп, курал-жараксыз оор ахвалда экендигине карабай, мусулмандар согушуп, анан жеӊишке жетишкен. Бул мусулмандар кылган эӊ биринчи согушунун ахвалы болчу. Мына жогоруда айтылган түпкү себептердин айынан Курани Карим мусулмандарга согушууга уруксат берет.

Хузур-э-Анвар мындай деди: анан ошол согушта дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга жумшак көӊүл болгон. Согуштан кийин каапырлардын арасынан туткун катары колго түшкөндөр – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам баласы илим-билим алуусу керек деп ойлочу – ошон үчүн душман болгон каапырлардын арасынан кат-сабатты тааныган туткундар мусулмандарга илим-билим беришсе, алар бошотулуп жиберилет – деген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) душмандарга ушунчалык мээримин төккөн, бир гана адамдык сапаттарды жогорулатуу, мусулмандарды илим-билим менен жасалгалоо, адамдардын надаандыгы жоголуп, илим-билим жайылсын үчүн ошондой кылган.

Германия Ислам ыйман мечит дин мусулман

Германиянын Висбаден шаарында жайгашкан Кур Хаус

Хузур-э-Анвар мындай деди: Исламдын Негиздөөчү (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеде жашаган кезде, ал жердеги чоӊ-чоӊ сардарлар (башчылар) биргелешип, зулумдукка учурагандарга көмөк көрсөтүү үчүн кандайдыр бир уюмду түзүшкөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) улуу үй-бүлөдөн болгондуктан, ал уюмга мүчө болгон. Бирок өзүнүн Пайгамбар экенин билдиргенде, ал чоӊ чоӊ-башчылар ага каршы чыккан. Бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) зулумдукка учурагандарга көмөк көрсөтүүгө ушунчалык умтулчу, Мединага көчүп баргандан кийин да бир жолу мени менен ушул келишимди түзгөн адамдар азыр мага каршы чыгышкандыгына, мага пайгамбарчылык берилгендигине, мусулмандардын бир калыӊ саны мени менен бирге экендигине жана мен Медина деген аймактын падышасы экендигиме карабай, эгерде алар бул иш үчүн бүгүн да мени чакырышса, мен бүгүн дагы адамдарга кызмат кылуу үчүн кандайдыр бир жетекчи катары эмес, тескерисинче бир мүчө катары кызмат кылууга даярмын деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көчүп келген (Мухаажир) мусулмандардын интеграциясы үчүн да өзгөчө кадамдарды жасаган деди. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) башкалардын сезим-туйгуларын сыйлаганда гана чыныгы интеграция болот деди. Мисалы, бир жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жерде отурганда, бир яхудий баланын жаназасы өтүп баратканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз ордунан турган. Сахаабалар бул бир яхудий баланын жаназасы дешти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал яхудий бала адам эмеспи деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айтмакчы болгон нерсе: биз адамдардын кадырын билишибиз керек, ошондо гана биз дүйнөдө жана айлана-чөйрөдө чындап сүйүү-махабат, тынчтык, элдешүүчүлүк жана коопсуздук чөйрөсүн жарата алабыз.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мындай деди: интеграция өзү эмне? Менин оюмча интеграция бул: ушул шаарга көптөгөн Ахмадийлер башка мамлекеттерден келип, отурукташкан, алар ушул шаарды дагы өнүктүрүү үчүн өздөрүнүн бардык жөндөмдөрүн ишке салуулары керек. Алар билим алышсын жана өлкөгө кызмат кылышсын. Айлана-чөйрөдөгү адамдарга кызмат кылып, аларга пайда келтирүү үчүн иштешсин. Бийликке жүк болуп отурушпасын.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн мүчөлөрүнө алар жакшы илим-билимдерди ээлеп, ушул өлкөгө кызмат кылышсын деп баса белгилеп насаат кылат. Мындан өздөрүнө да пайдасы тиет жана мамлекетке да пайдасы тиет. Ошондуктан, илим майдандарында жана башка майдандарда аталган Жамаат өзүнүн эркек балдарын жана кыз балдарын жогорку илим-билимди алууга үндөйт, анткени алар алгалай беришсин жана өз мамлекетине кызмат кылышсын.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Ахмадийлерге карата мындай деди: бул ушул өлкөнүн өтө чоӊ жакшылыгы: алар силерге орун беришкен жана силер ушул жерде эркиндик менен ибадат кыла аласыӊар. Эми силер чын жүрөктөн бардык жөндөмдөрүӊөр менен ушул өлкөгө кызмат кылуу менен гана ошол жакшылыгына жооп кайтара аласыӊар. Чыныгы интеграция да ушул гана. Биз мына ошондой ойго ээ болуп турганча Ахмадия Мусулман Жамааты жакшы атка ээ болуп турат жана силер да Ахмадия Мусулман Жамааты салган мечити кандайдыр бир фитна-чагымчылыктын жери эмес, тескерисинче Ахмадий мусулмандар мурдагысынан да жакшыраак бизге кызмат кылып жатышат деп сезесиӊер деген үмүттөмүн.

Лорд мээрдин да ушул эле аймакта жашап жаткандыгын, ошондой эле Ахмадий мусулмандар коомчулуктун жандуу бөлүгү деп Ахмадийлерди мактап келе жатканын да билдим. Эми мен Ахмадийлерге мечит курулгандан кийин бардык жөндөмдөрүӊөр менен бул шаар тургундарына жана өлкө жарандарына кызмат кылып, биз коопсуздук айлана-чөйрөдө жашоону каалайбыз деп далилдеп көрсөткүлө деп айтам.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мындай деди: биз көӊүл бура турган нерсе, биз адам экенбиз жана башында эле мен айткандай, Алла Таала бизге Курани Каримдин эӊ биринчи сүрөөсүндө Өзүнүн бардык ааламдардын Раббиси экенин айтып койгон. Ал яхудийлердин да Кудайы, Ал христиандардын да Кудайы, Ал хиндилердин да Кудайы, Ал мусулмандардын да Кудайы жана ар бирине ырайым кылуучу Кудай. Динге ишенбегендер, Кудайга ишенбегендердин да Кудайы, аларга да ырыскы берүүдө. Ал эми динге амал кылбоо, Кудайдын бар экенине ишенбөө, же диний таалимдерге амал кылбоо, же Алла Таалага каршы бирөөгө ишенүү сыяктуулардын кандайдыр бир жазасы болсо, ал о дүйнөдө берилет, бул дүйнөдө эмес деп ойлойбуз. Бул дүйнөдө Алла Таала бизге бир гана силер ар бир адамга мээримдүү болуп, сүйүү-махабат менен мамиле кылгыла деп буюрган. Ал гана эмес, Курани Каримде дин маселесинде тынчтыкты орнотуу үчүн жана сүйүү-махабат айлана-чөйрөсүн орнотуу үчүн башкалардын путтарын да сөкпөгүлө деп жазылган. Анткени, буга жооп катары алар силердин Кудайыӊарды сөгүшөт. Анан бири-бирин сөгүп-тилдөөнүн кандайдыр бир үзгүлтүксүз курамы башталат жана сүйүү-махабат, коопсуздук айлана-чөйрөсү жоголуп кетет. Демек, эгер Курани Каримдин таалимине ой жүгүртүп көрсөк, анда анын ар бир жайында жумшак көӊүл болууга чакырылгандыгына күбө болобуз, ал таалимди аткаруубуз керек. Биздин Жамаатыбыздын таалими да ошол гана жана ошол эле таалимди биз жер жүзүндө Ислам дининин атынан жайылтып жатабыз жана ошол эле таалимди аткарууга биз аракет кылабыз. Жогоруда мен айткандай, ушул жерде жашаган Ахмадий мусулмандар мечит курулгандан кийин мурдагысынан да аша чаап ошол таалимге амал кылууга аракет кылышат жана ушул аймакта, ушул шаарда Исламдын сүйүү-махабаттан турган таалимин тааныш-билиштерине жеткирүүгө жана өздөрүнүн кулк-мүнөзү менен мурдагысынан да көбүрөөк сүйүү-махабатты жайылтууга аракет кылышат деген үмүттөмүн. Алла Таала бул үчүн аларга күч-кубат берсин деп мен дуба да кылам. Рахмат.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) саат жетиден 55 мүнөт өткөндө, чогуу дубаны алып барды. Аталган кечеден кийин конокторго тамак-аш тартылды. Бул аземге 450гө жакын адамдар катышышты, алардын арасында 370 Ахмадий эмес коноктор болушкан.

Андан кийин ал кечеге келген медиа өкүлдөрү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуп, учурлук кырдаал жана Ахмадия Мусулман Жамаат тууралуу кээ бир суроолорду беришти. Саат тогузга жакын Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин кербени «Байтус-Субух» мечитин көздөй жөнөдү.

(Репортажды даярдаган: «Эл аралык Ал-Фазл» гезитинин кабарчысы Ирфан Ахмад Хан, Европа иш сапары, Сентябрь, Октябрь 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via