Голландиянын 2019-жылындагы Жалса Саланасы Нанспитте башталды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Голландиянын 2019-жылындагы Жалса Саланасы Нанспитте башталды

Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландиянын Жалса Саланасын ачты

2019-жылдын 27-сентябарында Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Нанспит шаарында окуган жума кутбасы менен башталды.

Кутбадан мурун Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Желегин (Лива-э-Ахмадият) желбиретип, расмий түрдө үч күндүк аземди ачты, ошондой эле Голландиянын Улуттук Желеги да көтөрүлгөн.

Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Өзүнүн жума кутбасында Ал Азирети Ахмадий мусулман катары жүктөлгөн милдеттерин аткаруу тууралуу сүйлөп, Жалса Салана Ислам окууларын ээрчип, адамга өзүн тазалоого аракеттенүүгө кантип толук мүмкүнчүлүк берээрин айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу сүйлөп, акыркы күндөрдө анын кантип өсүп-өнүккөнүн айтып берди.

Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Акыркы бир топ жылдарда Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты үч эсе көбөйүп кетти. Көптөгөн адамдар Пакистандан көчүп келишти жана бир топ башка адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына жаңыдан мүчө болуп киришти».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эсиңерде болсун, Жамаат мүчөлөрүнүн көбөйүшү же миссионерлердин көбөйүшү же (намаз) борборлору же мечиттердин курулушу алардын чыныгы максат-мүдөөлөрү аткарылганда гана жардам бере алат. Демек, ушул жерде жашаган ар бир Ахмадий мусулман өзүн анализдөөсү керек жана биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ишенген адам катары аткара турган ошол максат-мүдөөлөрдү изилдеп, аларды түшүнүшүбүз керек».

Ал Азирети көп Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн диний эркиндиги жокко чыгарылгандыгынан улам Пакистандан Батышка көчүп келишкен деп түшүндүрдү. Ал Азирети Ахмадий мусулмандар тек гана диний эркиндикке жетишүү менен ыраазы болбошу керек, тескерисинче

«руханий, илим-билим жана адеп-ахлак жагынан»

өздөрүнүн абалын жакшыртуу үчүн аракет кылуулары керек деп айтты

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көптөгөн Ахмадий мусулмандар, айрыкча Пакистанда диний эркиндиги жоктугунан улам бул жерге келишкен. Ахмадий мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айткан кабары жана көрсөтмөсүнүн негизинде Учурлук Имамды кабыл алышкандыгы үчүн дин атынан кысымдарга алынып, алардын акы-укуктары тебеленип жатат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Пакистанда дуушар болгон чектөөлөрдөн кутулуп, азыр эркин жашоо өткөрүп жаткан ар бир Ахмадий мусулман мурдагысынан да  көбүрөөк Аллахка шүгүр кылуучу болуп, толугу менен Убадаланган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатынын мүчөсү болуу милдетин аткарууга умтулушу керек. Силер руханий, илим-билим жана адеп-ахлак жагынан өзүңөрдү жакшыртууга аракет кылууңар керек. Биз диний куугунтуктан эркин болуп калдык деп гана ыраазы болбошуңар керек».

Ал Азирети ар кандай милдеттерди аткаруу жана Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу максатында ошондой кылуунун маанилүүлүгүн кайталап айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде биздин иш-аракеттерибиз Алла Тааланын буйруктарына ылайык болбосо, эгерде биз өзүбүздө чоңураак жана жакшыраак өзгөрүүлөрдү жаратууга аракет кылбасак, ошондой эле Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га көбүрөөк сүйүүнү көрсөтпөсөк, анда мына ошондой эркиндиктин кандай пайдасы бар? Анда мына ошондой чогулуштарга катышуу же мечиттерди куруунун эмне кажети бар? Биз Убадаланган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатына киргендерге байланышкан милдеттерди аткарганыбызда гана ушул эркиндиктер пайда алып келет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалса Салананын Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнүн адеп-ахлактык жана руханий нормаларынын жакшыртуу булагы болушун каалаганын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала тарабынан келген буйруктарынын негизинде, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизде жакшы өзгөрүүлөр пайда болушу үчүн ушул Жалсаларга негиз салган эле. Дин иштерин дүйнө иштеринен жогору коюшубуз үчүн, өз жүрөктөрүбүздө Алла Таалага болгон сүйүү жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүнү жаратуу үчүн Жалсалар негизделген. Биздин диний, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык стандарттарыбызды жакшыртуу үчүн жана ушул максаттарга карата өсүп-өнүгүү үчүн бардык күчаракеттерибизди жумшоо үчүн ушул Жалсалар башталган».

Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Ал Азирети Ахмадий мусулмандар

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз

Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана Алла

Таалага болгон сүйүүсүнѳ ѳз жүрѳктѳрүн багындырып

жашоолору керек»,

– деп түшүндүрдү.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жазгандарынан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүнү өнүктүрүү тууралуу бир үзүндүсүн келтирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүңөр башка бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдөн кыйла жогору болушу керек, анткени аны менен гана силер Алла Таалага жетишүүңөр мүмкүн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарына баш ийип, анын үлгүсүн тууроо жолу менен гана кимдир бирөө Кудайга жетиши мүмкүн. Эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу бир адамдын дубалары кабыл болушу мүмкүн жана ал чыныгы кутулууга жетиши мүмкүн».

Кутбаны аяктап жатып, Ал Азирети катышуучуларды дагы бир жолу алар өздөрүнүн жашоо максатына, ошондой эле Жалсага катышуу максатына көңүл буруулары керек деп эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардыгыбыз ушул жерде болуп жаткан бул үч күндүк чогулуштун максатына көңүл буруубуз керек. Биз ушул руханий чөйрөдөн пайдаланып, өз иштерибизди жакшыртууга, жаманчылыктарыбыздан кутулууга аракет кылышыбыз керек, ошондой эле бул күндөрү Алла Тааланы эстеп, өз ибадатыбыз менен бирге тобо келтирүүбүз керек. Эгерде ошондой ой-ниетибиз жок болсо, анда мындай чогулуштарга келүү курубекер болуп саналат».

Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жалсанын ушул күндөрү биздин Кудайга сыйынуубуз стандартын жакшыртуу жана андан ары аны туруктуулук бойдон кармоого жардам берсин. Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүбүздү көбөйтүүчүлөрдөн бололу. Дүйнө көңүл ачуучулуктары жана жеңил каалоолору эч качан бизди жеңип кетпесин».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via