Жалса Салана Британия 2019
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Англия Ахмадия Ислам Ыйман Дин

Алла Тааланын берешендиги менен 2019-жылдын 2-август, куттуу жума күнү Ахмадия Мусулман Жамааты Британиянын 53-Жалса Саланасы башталып калды. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бүгүн Лива-э-Ахмадият (Ахмадия желегин) желбиретип, расмий түрдө Жалса Салананы ачты. Бул аземден мурун Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала)нын ыймандарды күчтөндүрүүчү жума кутбасы болчу. Эл аралык МТАдан саат 13:04тө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала)нын кербенинин келүүсү көрсөтүлө башталды. Саат 13:05те Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала) Жалса Гах[1]ка келди. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) Урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этти. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала) саат 13:11де Минбарга келип, жума кутбасын баштады.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: Алла Таала бүгүн дагы бир жолу Жалса Салана Британияга катышуу мүмкүнчүлүгүн бизге насип этип жатат. Өткөн айда Германиянын Жалса Саланасы болуп өттү. Кудум ошондой Канада жана Америка сыяктуу ири жамааттардын Жалсалары да жакында эле болуп өттү. Ал Жалсалар аркылуу Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га көрсөтүп келе жаткан колдоолоруна жана жардамдарына күбө болуп келүүдөбүз.

Жалса Салана Британиянын маанилүүлүгүнөн сөз кылып, Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англиянын Жалса Саланасы өзгөчө мааниге ээ жана ал эл аралык орунга ээ экендиги себебинен Ахмадийлер да, Ахмадий эместер да аны аябай күтүшөт деп айтты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жалса Салана Германия жана Британия тууралуу сөз кылып, мындай деди: Германиянын Жалсасы да азыр эл аралык орунга ээ болуп калды жана катышкандардын саны боюнча да мындан көбүрөөк болушу мүмкүн, ошентсе да, Халифаттын Борбору ушул жерде болгондугу үчүн Англиянын Жалсасы гана Борбордук Жалса деп эсептелинет. Ошондуктан, Ахмадийлер да, Ахмадий эместер да ушул Жалсага катышууга аракет кылышат. Ошону менен бирге Ал Азирети ушул Жалса Борбордук Жалса болгондуктан бул жерде кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлердин жоопкерчилиги дагы маанилүүрөөк болуп кетет деп айтты.

Халифа Халифат Ислам Ыйман

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлердин милдеттерине байланыштуу кээ бир насаат сөздөрүн да айткан.

Ал Азирети Англиядагы Ахмадийлер өткөн 35 жылдан, тагыраак айтканда, Халифаттын Борбору ушул жерге көчкөндөн бери өтө чоң кубаныч менен ар кандай кызматтарды аткарып келишүүдө. Ал Азирети 35 жылдык тарыхтан сөз кылуумдун себеби, башталгыч Жалсалар аларга катыша турган адамдардын саны жагынан бүгүнкү күндө бир аймактагы айлык чогулуш сыяктуу болгон.

Ахмадия Халифатынын Англияга көчүп келгенден кийин башында болуп өткөн Жалсалардан сөз кылып, Ал Азирети ал Жалсаларда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) катуу эмгектенип, ар бир баскычта багыт берүүгө аргасыз болгон деп айтты. Ал Азирети башында Жалса Саланада жардамдашуу үчүн Жамааттагы жооптуу-кызматкерлер Пакистандан да ушул жерге келишчү деп да айтты.

Ал Азирети ал доордо төрт-беш миң адам үчүн шарттарды түзүү да уюштуруучуларды кыйнап койчу деди.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Халифат ушул жерге көчкөндөн кийин өзүнүн эң алгачкы жолу 1988-жылы болгон Жалсага катышкандыгын билдирди. Ал Азирети ал күндөрдө уюштуруучулардын ахвалын көрүп, алардын канчалык сар-санаа экенин байкоого болчу деди.

Ал Азирети өткөн аптада кызмат көрсөтө турган кызматкерлердин кызматтарын текшерген кезде Рабвах шаарынан келген, өзү да Наиб Афсар Жалса Салана болгон бир Наазир тамактанып жатканда, Рабвахтан келген бир кызматкерди өзүнө чакырып, ушул жерде даярдалган нандын сапаттуулугуна баа берип, Рабвахта да нан даярдалат, бирок ушул жердеги нан өтө сапаттуу деп айтты деди.

Ал Азирети ушул жерде кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлер ушунчалык жогорку тажрыйбалуу болуп кетишти, Рабвахтагы Афсарларга да алар даярдаган нан жага башталды деди.

Мындан кийин Ал Азирети мындай деди: ушул жердеги нан даярдоочу машинанын төрагасы Вакф-э-Нау жана бул ишти дагы өнүктүрүүгө аракет кылууда.

Англия Ахмадия Ислам Ыйман Дин

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кызмат көрсөтүүчү кызматкерлер тууралуу мындай деди: биздин кызматкерлерибиз чын жүрөктөн өздөрүнүн жөндөмдөрүнө жараша ишти жакшыртууга аракет кылышат. Бир убакыттарда төрт-беш миң адамды тамактандыруу да өтө кыйын иш болчу. Көбүнчө нан сырттан алып келинчү, анан колдонулган бир машина сатып алынды, бирок ошондо да нан тоголок болгон эмес болчу. Азыр болсо, 35-40 миң адам үчүн нан жасалат.

Нан жөнүндө Хузур-э-Анвар өзү да кез-кези менен анын сапатын текшерип турганын айтты.

Мындан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кээ бир башка бөлүмдөр тууралуу сөз кылып, алардын катуу эмгек менен иштеп жатканын айтты. Алардын катарында Лангарканада (Ашкана) тамакты даярдоочу команда да бар болчу. Ал Азирети өзгөчө чоң-чоң казандарды жуучу иш тууралуу сөз кылып мындай деди: алар бир нече жыл мурун Германиядан алып келинген бир машинаны колдонушчу, ал машина бат эле чоң-казанды жууп койчу. Бирок былтыр ал бөлүмдө кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлер биз чоң-казандарды кол менен жууйбуз, себеби машина бир казанды жууш үчүн кетирген убакыттын ичинде биз үч казанды жууп алабыз дешти. Ал Азирети мен тамаша катары ал бөлүмдүн башчысына силер ушул бөлүмдө жиндерди кармаган окшойсуңар дедим. Эмне дегенде, бул өтө көп эмгек жана машакаттуу иш болуп саналат. Ал Азирети Пакистан жана Кадиянда (Индия) бул иш адамдарга кызмат акы берип, кылдырылат, ал эми ушул жерде алар чоң ыкылас менен бул кызматты аткарышат деди.

Мындан кийин Ал Азирети тамактандыруу иши, тазалык бөлүм, машиналарды токтотуу ж.б. бөлүмдөр тууралуу сөз кылып, ар бир бөлүм өзгөчө мааниге ээ экенин айтты жана Алла Таала бардыгына эң мыкты ыкмада кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн берсин деп ак бата берди.

Ал Азирети кызматкерлерге насаат кылып, кандай шыктануу жана берилүү менен өзүңөрдү сунуш кылган болсоңор, ошол шыктанууну акырына чейин кармап тургула, ачык жүзүңөр менен келген конокторго сый-урматты көрсөткөнүңөр ошол шыктанууну карманганыңарды далилдеп көрсөтөт деди.

Мындан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) меймандосттук тууралуу сөз кылып, бул Алла Таалага өтө эле жага турган иштердин бири жана бул тууралуу Курани Каримде Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам)дын мисалы кезигет, ал (алайхиссалаам) куурулган бир бозокту алып келди деди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: бүгүнкү күндөргө жараша оңой жана бат камсыздала турган тамактар менен меймандарга кызмат кылуубуз керек. Бул тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана улуу урматтуу сахааба (разияллааху анхум)дун мисалдарын келтирип, алар меймандостук боюнча кандай бийик өлчөмдөрдү көрсөтүшкөндүгүн айтып берди.

Мында кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) төмөнкү бир хадисти айтып берди: Алла жана акырет күнүнө ыйман келтире турган ар бир адам бир көркөм жана тынчтык коомчулукка негиз сала турган төмөнкүдөй үч нерсеге амал кылууга буюрулган: 1) жакшы сөздү сүйлөө же унчукпоо; 2) кошуналарга сый-урмат көрсөтүү жана 3) конокторду сыйлоо.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) меймандостук тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ыйык жашоосунан кээ бир мисалдарды сунуш кылды.

Ал Азирети бүгүнкү күндө убакыт жана сезимдер курмандыгы талап кылынат деди.

Андан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) келген конокторго кээ бир насаат сөздөрүн айтты. Ал Азирети Ислам дини бизге конокторго сый-урмат көрсөтүүгө буюрган жерде эле меймандарга да конокторго кызмат кыла турган адамдарга жүк болбогула, аларга жүк болуу кудум садага алган сыяктуу, эгер узакка кала турган болсоңор, анда үй ээси сыяктуу жашагыла, эгер үй ээси кандайдыр бир ишке жардам берүүңөрдү каалса, анда жардам бергиле деп буюрат, жүк деген сезим пайда болгон жерде ыкыластуулук жана сүйүү-махабат азаят деди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өзүнүн милдеттерин аткаруу мейманга да парыз болуп саналат. Мейманга меймандостук көрсөтүү меймандын акысы болгон жерде меймандостук көрсөткөн адамга жүк болбоо да меймандостук көрсөткөн адамдын акысы эсептелинет.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) уюштургандарга Жалсабызга келген коноктор бир ай жашаса да, аларга меймандостук көрсөтүүбүз керек. Коноктор келишкенде, эң бийик даражадагы меймандостуктү көрсөтүүбүз керек деп насаат кылды.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жалсага катыша тургандарга саламдашуунун адатын жайылткыла, анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бейишке бара тургандардын өзгөчөлүгү – бул алар саламдашууну кеңири жайылтышат деп айткан деди.

Жалса Салана тууралуу сөз кылып, Ал Азирети өз ара сүйүү-махабат жана таанышуунун көбөйүүсү Жалсанын максаты экенин айтты жана анын дагы бир пайдасы – бул ал акылуу нааразычылыктар жана таарынычтар жоголот деп да айтты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: Жалсага келип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айткан төмөнкүдөй максатты аткарууга аракет кылуу керек: дүйнөгө болгон сүйүү азайып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүү көбөсүн. Ал Азирети бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизге жүктөгөн өтө улуу иш болуп саналат деди.

Ушул максатты аткаруу үчүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жалсага катыша тургандарга Жалсанын бардык программаларын уккула, Алла Тааланы эскерүү менен убакытты өткөргүлө жана Нафл-Тахажжуд намазын аткарууга көңүл бургула деп насаат кылды.

Мындан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) убактылуу жана кеңири уюштурулууларда кээ бир кемчиликтер да калып кетет, мына ошондой жагдайда келген коноктор кечиримдүү болуулары керек, кызмат көрсөтө турган кызматкерлерге жардам берүүлөрү керек жана керек болгондо өздөрү да тиешелүү бөлүмдөргө кызматкер болуп кетүүлөрү зарыл деп насаат кылды.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) келген коноктор машиналарды токтотуу жана тышкы жолдордо кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлерди бүтүндөй колдоолору керек, ошондой эле Жалса Гахта отурушкандар айлана-чөйрөсүнө көз салып туруулары керек деп айтты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жалсанын ийгиликтүүлүгү жана ушул жерге келүү максатын орундатуу үчүн үзгүлтүксүз дуба кылгыла жана дубаларга аябай көңүл бургула деди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) айрыкча Пакистан тууралуу сөз кылып, кайрадан кырдаал каршылыкка жүздөнүп жаткандай сезилүүдө деди. Алла Таала каршылаштардын мурунку жана азыркы кутумдарын ийгиликсиздикке чыгарсын деп дуба кылгыла деди. Аамийн

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жамаат мүчөлөрүнө быйыл да Борбордук Бөлүмдөр тарабынан ар кандай көргөзмөлөр көрсөтүлүп жатат, алардан жакшылап пайда алууга аракеттенүү керек деп айтты.

Эң аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) МТАнын Smart TV колдонмосу (приложения-АРР) ачылганын жарыялады. Жума намазынан кийин Ал Азирети аны ачты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) жума кутбасынын аягында Алла Таала Жалсаны ийгиликтүү кылсын жана баарыңарга андан жакшылап пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берсин деп дуба кылды. Аамийн

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасы 13:57де аягына чыкты.

٭…٭…٭

[1] Жалса боло турган жер.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via