Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 96-Жалса Саланасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 96-Жалса Саланасы

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун Бангладеш жыйын чогулуш

Тахажжуд намазы жамаат болуп аткарылды, Куран, хадис жана Малфузаат[1] сабактары өтүлдү, ар кандай илимий жана тарбиялык темалар боюнча кайрылуулар жасалды жана суроо-жооп жыйыны өткөрүлдү 

114 жергиликтүү жамааттарыбыздын 5000ден ашуун мүчөлөрү катышышты

Алла Тааланын бершендиги менен быйыл Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 96-Жалса Саланасы аман-эсен Түндүк Бангладеште жайгашкан Ахмаднагар аттуу Жамаатыбызда 28,29-февраль жана 1-март күндөрү болуп өттү. Дака шаарынан 450 чакырым түндүктө жайгашкан ушул Жамаатта өткөрүлгөн ал экинчи Жалса Салана болчу. Буга чейин Жалса Салана Дака шаарындагы Бахши базарында өткөрүлчү.

Быйыл Жалса Саланага урматтуу Абдул-Маажид Тахир мырза (Эдейшнал Вакилут-Табшир[2]) Борбордун (Лондон) өкүлү катары келген эле. Былтыр февраль айында Жалса Салананы токтотуу үчүн ээнбаш молдолор Ахмад Нагар жеринде жайгашкан тынчт жашап жаткан Ахмадий мусулмандардын үйлөрүнө чабуул жасашып, 10-12 үйлөргө катуу зыян келтиришкен эле. Мына ошондон улам райондук башкармалык башынан эле Жалса өткөрүүгө уруксат берүү маселесинде аябай эки анжы болуп келген. Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) тарабынан бир күнгө болсо дагы, Жалса ошол жаңы жерибизде гана өткөрүлөт деген ачык көрсөтмө бар болчу. Ошентип, Жамаат башкармалыгы жогорудагы көрсөтмөнү ишке ашыруу үчүн ар бир деңгээлдеги кызматкерлерге байланышып, акыр аягында райондук башкармалыктан Жалса өткөрүүгө уруксат алуу боюнча ийгиликке жетишишкен. Жазуу түрүндөгү уруксат убакыт аябай аз калганда колго тийген жана Жалсанын убагы чектелип коюлган.

2020-жылдын 28-февралы, куттуу жума күнү Тахажжуд намазы жамаат болуп аткарылды. Багымдат намазынан кийин сабак өтүлдү. Жума намазынын убагында Жамаат мүчөлөрү борбордук Жалса Гахта топтолушту. Эдейшнал Вакилут-Табшир Сахиб жума кутбасын окуду. Жума кутбасыннын бенгал тилиндеги түздөн түз котормосу үчүн да шарттар түзүлгөн эле. Жума намазынан кийин Жалса Гахта бир кыскача тарбиялык жыйын өткөрүлүп, анда Бангладештеги Жамаатыбыздын Амири урматтуу Мавлана Абул-Аввал Хан Сахиб Чаудхрий Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жалсага катышкандар тууралуу сураган дубаларын окуп берди. Андан кийин Эдейшнал Вакилут-Табшир Сахиб Жалсанын атынан ыймандарды күчтөндүрүүчү кээ бир окуяларды айтып берди. Ошентип, ал жыйын соңуна чыкты. Ошол эле күнү кечкисин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасын түз эфир аркылуу көрүү жана угуу шарттары түзүлгөн эле. Жалсага катышкандар шам жана куптан намаздарынан кийин ошол эле жерде отуруп, Хузур-э-Анвардын кутубасын бенгал тилинде угушту.

Тыныгуулар аралыгында тарбиялык, Таблиг (даават) жана Ришта-Наата жөнүндөгү алыппаруулар үзгүлтүксүз өткөрүлө берген. Ал убакыт аралыгында 10 адам Байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуу бактысына ээ болушту. Ал-хамдулиллаахи алаа заалик.

Эртеси күнү, тагыраак айтканда 29-февраль, ишемби күнү Тахажжуд намазы менен күн башталды. Багымдат намазынан кийин дарс (сабак) да уюштурулду.

Расмий түрдө саат 9:00да Жалсанын программалары башталды. Ал сессияга Эдейшнал Вакилут-Табшир Сахиб төрагалык кылды жана эреже боюнча төрт кайрылуу жасалды.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун Бангладеш жыйын чогулуш

Ошол эле күнү кечкисинде дагы бир сессия өткөрүлүп, ага урматтуу Мир Мубашшир Али мырза төрагалык кылды. Ал сессияда дагы төрт кайрылуу жасалды.

Шам жана куптан намаздарынан кийин Ахмад Нагарда жайгашкан Борбордук мечитте бир суроо-жооп жыйыны өткөрүлүп, анда дагы тогуз адам Байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуу бактысына ээ болушту. Ал-хамдулиллаахи алаа заалик.

Үчүнчү күнү, тактап айтканда биринчи март, жекшемби күнү Тахажжуд намазы жамаат болуп аткарылып, андан кийин дарс (сабак) болуп, эртең менен саат 8:45те байрак көтөрүү аземи болуп өттү. Эдейшнал Вакилут-Табшир Сахиб Ливай Ахмадиятты жана урматтуу улуттук Амир Сахиб улуттук байракты көтөрүштү.

Эртең менен саат 9:00да Жалсанын сессиясы башталып, Ахмад Нагардагы Жамаатыбыздын президенти урматтуу Абдул-Мутталиб Хан мырза төрагалык кылды. Ал сессияда үч кайрылуу жасалды. Андан кийин саат он бирлерге жакын урматтуу Абдул-Маажид Сахибдин төрагалыгында бир атайын сессия башталды. Куран окулуп, диний ырлар ырдалгандан кийин урматтуу Абдул-Маажид Сахиб Учурулук Халифанын дубаларынын кабыл болгондугу тууралуу окуяларын айтып берди.

Бир кыскача тыныгуудан кийин соңку сессия башталды. Соңку сессияда урматтуу профессор Мир Мубашшир Али мырза «бүткүл дүйнөдө тынчтыкты орнотуу боюнча Учурлук Халифа жасап келе жаткан иш-аракеттери» темасында кайрылуу жасады. Урматтуу Амир Сахиб «Бангладеште Ахмадия Мусулман Жамаатынын ахвалы жана келечеги» темасында кайрылуу жасады. Аягында Эдейшнал Вакилут-Табшир Сахиб «Алла Тааланын бар экендиги» деген темада кайрылуу жасады. Жалса Салана дубалар менен аяктады. Андан кийин пешин жана аср намаздары кошулуп окулду жана тамак тартылды.

Ал Жалсаны өткөрүүгө уруксат өз убагында берилбегендиги себебинен көптөгөн адамдар ага катыша албай калышты. Буга карабай, быйыл Алла Тааланын берешендиги менен Жалса Саланага беш миңден ашуун адамдар катышышты. Ал Жалсага 114 жергиликтүү Жамааттарыбыздын өкүлдөрү келип катышышты. Ал убакыт аралыгында 19 адам Байъат беришти жана 4 нике кыйылды.

Бардык көйгөйлөр жана кыйынчылыктарга карабай, Жалса аябай ийгиликтүү болду. Ал Жалса ар жактан куттуу болсун жана эмки жыл мындан да чоңураак деңгээлде Жалса өткөрүүгө Алла Таала Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатына күч-кубат берсин деп дуба кылууңарды суранабыз. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ар кайсы учурларда сүйлөгөн сөздөрүнөн турган беш томдук жыйнак «Малфузаат» деп аталат.

[2] Тахрик-э-Жадид башкармалыгынын кол астында Исламабадда (Англия) иштеп жаткан «Вакаалат-э-Табшир» аттуу кеңсенин башчысы Эдейшнал Вакилут-Табшир деп аталат.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via